«Орусия Арменияны садага чапкандай»

Элеонора Тафуро.

Тоолуу Карабактагы куралдуу чатакты токтотуу боюнча Армения, Азербайжан жана Орусия үч тараптуу келишимге кол коюшкан соң аймакка орусиялык тынчтык сактоо күчтөрү жөнөтүлө баштады.

Келишим Орусиянын кандай аракеттеринен же максаттарынан кабар берет? Биздин суроолорубузга италиялык саясат таануучу, Кавказ боюнча эксперт, Түркия менен Орусиянын мамилелерин изилдеген Элеонора Тафуро жооп берди.

- Орусия кылымдардан бери өзүн Армениянын коргоочусу катары көргөзүп келген. Мындай кубаттуу имидж көптөгөн тарыхый жана саясий доорлорду карыткан. Армяндар аларды Осмон империясынан, кийин Түркиядан жана Азербайжандан коргоого дайыма даяр болгон мындай өнөктөшкө суктануу менен карап келишкен. Бирок Орусия өзүн бул чатакта прагматикалык өлкө катары көргөздү. Себеби Арменияга караганда алда канча бай жана кубаттуу Азербайжан менен да жакшы мамилелерди сактап калууну каалайт. Андан тышкары Түркия менен алакаларын өнүктүрүүнү көздөйт.

Москва менен Анкаранын алдында Жакынкы Чыгышта жөнгө салынчу кризистер бар экенин эстен чыгарбайлы. Ошол эле Сирия менен Ливияны атасак болот. Орусия менен Түркия бир топ маселелерде кызматташууга тийиш. Москва Кавказдагы өнөктөшү Арменияны таштап койгондой. Албетте, Орусиянын ал өлкөдөгү аброюна залака тийиши мүмкүн. Орусия бул уруштагы негизги арачынын ролун аткарды, Армения менен Азербайжанды мунасага келтирди. Түркиялык тынчтык сактоо күчтөрү тууралуу азырынча так маалымат жок.

Баса, келишимге байланыштуу, өзгөчө түрк күчтөрүнүн айланасында бир катар пикир келишпестиктер да бар. Бул келишимдеги карама-каршылыктуу маселелер кандай чечилерин дагы көрө жатарбыз. Азырынча эки жыйынтык чыгарсак болот: Москва негизги арачынын ролун аткарды, экинчиден, прагматикага ооп, Арменияны, мындайча айтканда, садага чапты.

- «Орусия арачы түштү» дедиңиз, ал эми Түркиянын ролу ушул келишимге жетишүүдө кандай болду?

- Түркия Азербайжанды ар дайым колдоп келген. Бирок барган сайын өзүн күчтүү аймактык оюнчу катары көргөзүп келатат. Анкара менен эсептешүү керек экенин эске салып, Орусиянын аймактагы гегемониясына каршы тургандай. Ооба, келишимге Москванын ортомчулугу менен жетишилди. Бирок орус аскерлери менен катар түрк тынчтык сактоо контингенти жайгаштырылса, анда Анкара өз таасирин арттырып жатат деген ишарат болуп калмакчы.

- Орусиялык күчтөрдүн жайгаштырылышы кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал? Азырынча алардын мөөнөтү беш жыл деп айтылды...

- Орусия Тоолуу Карабакка аскерлерин жайгаштырууга дайыма аракет кылып келген. 1994-жылы бул максат ишке ашпай калган. Бирок Гюмриде аскердик база курууга жетишкен. Ал аймактагы гана эмес, Орусиянын чет жактардагы эң ири базаларынын бири. Албетте, тынчтык сактоо күчтөрүнүн жайгаштырылышы менен Орусиянын Армениядагы, Тоолуу Карабактагы аскердик ролу артмакчы. Анын артынан аймактагы таасири да кеңеймекчи. Биринчи кезекте Азербайжанга да Орусиянын куч-кубатын, алар менен эсептешүү керек экенин көргөзүүнү көздөйт. Экономиканы, энергия ресурстарын эске алганда Баку Москва үчүн алда канча маанилүүдөй көрүнөт.

- Сөз болгон эки өлкөнүн дагы бир айырмасы ойго келип жатат. Азербайжан күчтүү президенттик системасы менен белгилүү, парламенттик системага өткөн Арменияда Николь Пашинян бийликке келген «баркыт революциясынан» кийин демократиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу аракети башталган. Акыркы окуяларда Орусия «постсоветтик өлкөлөрдө «түстүү революцияларга» орун жок» дегенди ишарат кылган жокпу?

- Бул утулуштан кийин Пашиняндын өкмөтү чоң кысымга туш болору калетсиз. Ал түгүл өкмөттүн кулашына түрткү болуп, өлкө башынан кечирип жаткан демократиялык тажрыйбага чекит коюлушуна алып келиши ыктымал. Мен бир ирет Пашиняндан интервью алып калгам. Анын дымактуу пландары бар болчу. Ошондо демократиялык жараяндар, армениялыктардын жашоо сапатын көтөрүү тууралуу ойлорун айткан, албетте Тоолуу Карабактагы абалга кабатырлыгын да билдирген.

Орусия «баркыт революциясына» анча кийлигишкен деле эмес. Себеби Армения соода-экономикалык, коопсуздук жагынан Москвага көз каранды экенин жакшы билет. Анын үстүнө Орусия башында турган Евразия Экономикалык Биримдигине кирет.

Ооба, Армения Евробиримдик менен келишимге кол койгон. Бирок бул Орусияны тынчсыздандырбайт, себеби ал документ Ассоциациялык келишимге караганда алда канча жеңилирээк. «Түстүү ыңкылаптар» түрдүү болорун да унутпаш керек. Москва чөлкөмдөгү таасирин кармап калып, өз таасир чөйрөсүндөгү өлкөлөрдүн Еврошаркетке жана НАТОго ооп кетпеси үчүн аракет көрөт. Армения Орусиянын орбитасында кала берерине ишенем. Менимче, бул жагынан Москва башын оорутпайт.