"Үлгү болор өмүр"
"Ыйык жандар" спектаклинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткендеги чек ара жаңжалында каза болгон Жеңишбек Иманбек уулунун баатырдыгы, мекенди коргоодогу эрдиги, сүйүүсү, анын көзү өткөн соң, агасынын аманатын аздектеп, анын сүйүктүүсүнө баш кошкон инисинин окуясы чагылдырылган.
Чыгарманы жазуучу Аскар Ражабалиев жазса, Эл артисти, режиссер Талант Апиев сахналаштырды. Ал эми чыгарманын койгон сүрөтчүсү Айдар Айтматов болсо, музыкасын Алтынбек Нажимидинов жазган.
Спектаклдин режиссеру Талант Апыев Жеңишбектин баатырларча курман болушу даңазалуу эрдик экенин, бул эртеңки жаш муунга бийик үлгү болуп каларын айтты:
"Эми бул спектакль чыныгы жашоодон алынгандан кийин, андагы каармандар азыр арабызда эле жашап жатат. Ошондуктан көрүүчүлөр чыгарманы толкундануу менен кабыл алышууда. Кыргызда “Жоокер элдин уулу жоодо өлгөнү салтанат” деп айтылат. Бирок мындай эрдик менен өлүмгө моюн сунуу ар кимдин тагдырына жазылбайт. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Майсалбек катында “Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эңсеген эмес элем, мен мугалим болом деп жүргөм. Заманым ушул экен, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес” дейт эмеспи. Бирок эр жигит дайым эл четинде, жоо бетинде болот. Ошондуктан мекенин коргоп жан берүү - бул даңазалуу өлүм, баатырдык өлүм, мекен үчүн жан берген өлүм. Көрүүчүлөрүбүздүн да мекенчилдик сезимин ойготот. Кийинки муунга үлгү боло турган өмүр деп айткым келет. Чолпонбай, Жеңишбекке окшогон азаматтардын аты эч качан унутулбайт. Ошондуктан чыгарманын аталышы “Ыйык жандар” деп аталган".
Агасынын ашыгына үйлөнгөн Дүйнөбек
"Ыйык жандар" спектаклиндеги башкы каарман Жеңишбек реалдуу жашоодо чек арачы аскер болгон. Ал 2000-жылы Жумгалдын Миң-Куш айылында туулган. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин аскерге аттанган. Чүйдө бир жылдык кызматын өтөгөндөн кийин келишимдик негизде Баткендин Зардалы айылында чек арада кызмат өтөгөн.
Ошол жылдары Нурзат аттуу кыз менен таанышып, 2021-жылы ата-энеси ага сөйкө салып кетишкен. Эки жаш үйлөнүү тоюн 2022-жылдын октябрына белгилешкен. Тилекке каршы, сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгып, Жеңишбек тойго бир ай калганда окко учкан.
Кийин эки тарап сүйлөшүп, Нурзатты Жеңишбектин бир тууган иниси Дүйнөбекке алып беришкен. Спектаклде бир туугандардын бул тагдыры баштан-аяк камтылган.
Спектаклге Жеңишбектин үй-бүлөсү да келди.
Динара Көкүмбаева уулунун чыгармага айланган өмүрү тууралуу мындай дейт:
"Бир караганда балаңдын аты чыкканына сүйүнөсүң, бир караганда балаңдын өзүнүн көзү жок болгонуна ичиң күйөт. Айла жок. Шумкар аттуу актер бала уулумдун ролун ойноду. Баламдын чынында эле мүнөзү чыгармадагыдай болчу. Мүнөзү оор басырыктуу эле. Видеочалуу менен сүйлөшкөн сайын честь берип турчу. Бишкектен Жумгалга үйгө келатканда гүл көтөрүп барчу. Спектаклде атасынын, менин да образымды жашоодогудай эле ачып беришти. Бул үчүн театр жамаатына ыраазычылык билдирем".
Көкүмбаеванын айтымында учурда уулу Дүйнөбөк менен келини Нурзат уулдуу болуп, ага Жеңиш деп ысым беришкен.
Жеңишбектин тагдыры тууралуу буга чейин “Азаттыктын” кабарчылары Миң-Куш айылына барып, көрсөтүү тартып келген. 2023-жылдын 8-апрелинде жарыяланган видео YouTube платформасында кеминде 1 миллион 700 миңден ашык жолу көрүлгөн.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Баткен эли чыгарманы жүрөгүнөн өткөрдү"
Сахнада жоокердин энесинин ролун аткарган Элмира Мамбетова ошондогу чек арада болгон кайгылуу күндөрдү эскерип, бул ролду аткаруу ага ушунчалык оор болгонун көз жашын төгүп айтып берди.
"Себеби, ошол салгылашууну өз көзүм менен көргөм. Ошол учурда Баткен шаарына чейин снаряддар түшүп турганына күбөмүн. Анан бул спектаклде эненин образын мага тапшырышканда эле солкулдап ыйлап алгам. Кийин мен бул ролду ойной албай турганымды айттым. Бирок ойлонуп отуруп макул болдум. Себеби бул чыгармада көптөгөн элдин муң-арманы бар. Чыгарманы Баткендин эли да оор кабыл алып, жүрөгүнөн өткөрүп көрүштү. Биринчи жолу шолоктоп ыйлап көрүшсө, экинчи жолу да койгондо келип жатышты. Алар үчүнчү жолу да кайра келип көрүп көргөнгө макул эле. Себеби өздөрүнүн баштан өткөргөн оор учурларын сахнадан көрүштү. Азыр деле элдин санаасынан бул оор учурлар чыга элек".
Мамбетова Апаз Жайнаков негиздеген театрга 22 жашында келген. Бирок кийин турмуш шарттын айынан ортодо тыным алып, сахнадан алыстай түшкөн экен. Актриса эми соңку эки жылдан бери кайрадан көңүлү көксөгөн театрында иштеп жатат.
"Чек арачылардын эрдигин унутпашыбыз керек"
Чыгармада Жеңишбектин ролун аткарган аймактык театрдын актеру Шумкар Абилов өзүнүн образы тууралуу буларга токтолду:
"Чек арада курман болгон жоокерлерди азыркынын Чолпонбайлары десек болот. Бул жигиттердин эрдиктерин биз эч качан унутпашыбыз керек. Мен Жеңишбектин ролун зор сыймык менен ойнодум. Былтыр сентябрь айында чыгарманы өлкө аймагы боюнча кыдырып коюп жүргөндө кээ бир көрүүчүлөр "Чын эле жашоодо ушул окуя болду беле?", "Агасынын көзү өтсө анын арзышкан жубун инисине алып берген салт чын эле илгертен бар беле?" деп сурап жатышты. Азыркы жигиттердин атуулдук сезимин ойготуу максатында спектаклди дагы коё беребиз. Кечээ жакында эле 12 күн Чаткал жергесин кыдырып коюп келдик".
Баткен театры өткөн жылдын күз айынан тарта бул спектакль менен өлкөнүн жети облусун кыдырып келген. Ал эми борбор калаадагы улуттук академиялык театр сахнасына алгач ирет тартууланды.
Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры Бишкекке эки күндүк чыгармачыл сапары менен келген. Театр жамааты баш калаадагы көрөрмандарга Султан Раевдин "Маң миң бир түн" спектаклин да тартуулашты.