Ара-Көлгө арбалган эс алуучулар

Ара-Көлгө келген чет өлкөлүктөр.

Тоңгон көлдү көргүсү келгендердин саны көп. Арасында башка аймактан келгендер, жергиликтүүлөр жана чет өлкөлүктөр да бар.

Ара-Көл Кочкордун борборунан 30 чакырымдай алыстыкта, Чолпон айылынан ары жайгашкан. Кышкысын толугу менен тоңот. Муздун калыңдыгы 60 см.

Ысык тамакка кезек күткөндөр.

Бул аймакка кар жаабагандыктан, шамал сапырган чаң көл бетине конот. Көлдүн бул бөлүгүндө киши дээрлик жок.

Ара-Көлдө кечке чейин эс алуучулардын аягы суюлбайт.

Муз үстүндөгү чабандес.

Табигый муздаткычтагы таттуулар.

Муз үстүндө тир да уюштурулган. 

Муз үстүндө тир атуу.

Көк муштум болгуча муз тепкен балдар.

Каалоочулар чана, коньки тебе алышат. Саатына 100 сом.

Эс алуучуларга жергиликтүүлөр ар кандай кызматтарды сунушташат. Көл жээгинде ат минүүгө мүмкүн. Саатына 500 сом.

Эс алып жүргөн эне-бала.