"Апамдан корком": мээримге зар балдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Соңку жылдары баласын тууганына, коңшусуна же башка бейтааныш адамга таштап, миграцияга кеткен ата-энелердин саны аз эмес. Кыйын кырдаалга кабылып, балама нан таап бере албай калдым деген жүйө менен уул-кызын балдар үйүнө тапшыргандар да бар. Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын көпчүлүгү жалгызсырап, үй-бүлөлүк мээримге зар болуп, зордук-зомбулукка кабылат.