Апаларды даңазалаган сүрөтчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Залкар Эсенканов – коомчулуктагы орчундуу окуяларга кыл калем аркылуу позициясын билдирип келген сүрөтчүлөрдүн бири. Анын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде уюштурулган “Менин болгон ишенимим” аттуу көргөзмөсүндө коомдук-социалдык, саясий турмушту чагылдырган ар кыл темадагы сүрөттөрү коюлган. Ал өз эмгектерин чебер символдор аркылуу жаратса да, алар көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып келет.