“Оймо” – орток маданияттын ордосу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Оймо” фестивалы башталды. Ага жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген жүздөн ашык кол өнөрчү катышып жатат. Кароо-сынак төрт күн Бишкек шаарында өтүп, андан ары Чолпон-Атада бир жумага уланат. Адистер он эки жылдан бери өтүп келаткан иш-чарада уздар бири-бири менен тажрыйба алмашып, чеберчиликте орток маданиятты камтыган жаңы табылгалар пайда боло баштаганын жана жармаңкеге коюлган буюмдардын сапаты кыйла жогорулаганын белгилешет.