Мексиканын миграция кызматы АКШ менен чектеш аймактарга Мавритания, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн келгиндер агылып жатканын эскертти. 12-майдан тарта Кошмо Штаттар коронавирус пандемиясынан улам чек арага киргизилген атайын чектөөлөрдү алды. "Азаттык" АКШ-Мексика чек арасында турган айрым кыргызстандыктар менен байланышып, ал-абалын сурады.
"Мобилизациядан качтым"
Он жыл мурда орус жарандыгын алган Азамат былтыр Украина менен согуш башталганда мобилизацияга тартыларын билип, Мексика аркылуу АКШны көздөй жөнөгөн. 39 жаштагы мигрант буга чейин Орусияда бир жылдык аскер кызматын өтөгөн. Мындан улам Азамат мобилизациянын биринчи толкуну башталганда эле Кыргызстанга же башка чет өлкөгө кетүүнү чечкен.
"2022-жылы согуш башталганда Орусия чоң кризиске кептелди. Ансыз деле 2017-жылдан бери мени күч кызматкерлери куугунтуктап, үстүмөн козгобогон кылмыш иши калбады. Көрбөгөн кордукту көрдүм. Көп өтпөй мобилизация башталды. Каалаган жерден токтотуп, согушка алып кете баштаганын баарыбыз көрдүк. Ушундан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө туура келди. Кыргызстанга кетүүнү ойлогом. Бирок Орусиянын жараны болгонум үчүн ал жактан деле жанымды коюшмак эмес. Ошентип быйыл жыл башында орус паспортум менен Дубайга, ал жактан Мехикого учтум. Бир жума ошол жерде жүрүп анан АКШ менен чектеш шаарга жеттим".
Дагы караңыз АКШ-Мексика чек арасында 60 миңдей мигрант топтолуп турат
Азамат аны менен кошо жүздөгөн орусиялык АКШга учканын, орус жараны болгондуктан Мексикага виза алууда маселе жаралбаганын айтууда. Бирок ал АКШга жетүү оңойго турбаганын, тоо-ташты аралап, бийик дубалдан секирип өткөнүн айтып отурду.
"Мексика-АКШ чек арасындагы тоскоолдук өтө көп. Айрыкча, мексикалык полиция кызматкерлери сазайыбызды берди. Эки жолу полицияга түштүм. Биринчисинде 200, кийин 400 доллар берип кутулдум. Анан "каёт" деген ортомчулар менен сүйлөштүм. Киши башына 300 доллардан төлөп бердик. Алар дагы бир кыргыз жигит экөөбүздү чек арага чейин машина менен алып барып, бир жерге жеткенде "ушундан ары жөө өткүлө" деп кетип калышты. Күндүн ысыгында 20 мүнөттөй тоо-ташты аралап жөө бастык. Анан чек аранын чоң дубалдарын көрдүк. Колубузда бирден сумка гана болгондуктан дубалга секирип чыгып ары өттүк. Дароо америкалык полициялар кармап, участокко алып барды. Ал чек ара бекетинде бизден башка индиялык, түркиялык, кыргызстандык, өзбекстандык тажикстандык жана башка улуттагы адамдар менен бир кармоочу жайга камалдык. Ал жайда бир апта кезек менен 10 киши уктап, калган 10 киши тикесинен тик туруп жашадык. Кийин колу-бутубузга кишен салып, автобус менен иммигранттар жашаган лагерге алып барышты. Шарттарын жакшы деп айта албайм. Африка, Судан, Өзбекстандан келген жүздөгөн кишинин арасында биз, эки кыргыз жигит 20 күн жашадык. Андан соң сурак бердик. Мен саясий башпаанек сурай турганымды айттым. Документтер текшерилгенден кийин гана мени АКШга киргизишти".
"Азаматтын аялы менен балдарынын абалы арсар"
"Америка кыялына" жетүүнү көздөгөн 39 жаштагы Азамат учурда Чикаго шаарында иштеп жатат. Бирок анын аркасынан апрелде Москвадан жолго чыккан аялы эки кичине баласы менен Мексикада чек арада камалып калган. Алар менен байланыш чектелүү болгондуктан кабар ала албай жатканына кейиди.
"Аялым, эки уулум да Орусиянын жарандары. 2010-жылы бул өлкөнүн жарандыгын алганбыз. Согуш болуп кетерин анда кайдан билдик? Москвада эл катары жумушум бар болчу. Бирок соңку кырдаал бизди АКШга кетүүгө мажбурлады. "Оболу мен кетейин, артыман келгиле" деп пландаганбыз. Аялым азыр эки балабыз менен өтө кыйналып атат. Алар Мексика-АКШ чек арасында турат. Колунда акча бар, бирок кандай кырдаал күтүп турганын билбей, сарсанаа болуп турам. Үчөөнүн жер которуп жүргөнүнө бир айдай болуп калды. Чек арадан өткөнү менен деле АКШга качан киргизерин билбейм".
Дагы караңыз АКШ Мексика менен чек арасын кайтарууну күчөтөт
Акыркы жылдары Азамат сыяктуу Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалымат да ырастайт. Мындай кооптуу жолду тандагандардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттык" буга чейин жазган.
Саясий башпаанек сураган Касиет
Мексиканын Рейноса шаарына апрель айынын башында күйөөсү менен барган Касиет Кошмо Штаттардан саясий башпаанек сурап, документ тапшырган. Оболу Стамбул, андан кийин Европанын айрым шаарлары аркылуу Мехикого жеткен кыргызстандык жубайлар башпаанек алуу жараяны жеңил болоруна үмүттөнүп турат.
"Жолдошум менен Кыргызстандан март айында кеткенбиз. Шенген визабыз болгондуктан Европанын бир канча шаарында болдук. Кийин Мехикого учуп бардык. Маселе чыккан жок. Дароо АКШ менен чектеш Тихуана шаарына барып, мейманканада жашай баштадык. Азыр Америкадан саясий башпаанек сурагандарга атайын онлайн программа ачылыптыр (Cbp one), ошону менен 14-апрелде документ тапшыруу үчүн кезекке турдук. Азыр Мексикадагы мейманканада жашап жатабыз. Ал программа күнүгө эртең менен 10:00до ачылганы менен каалагандар көп болгондуктан дароо толуп, жабылып калат экен. Жолдошум экөөбүз жаныбыздагы телефон, планшет, компьютер айтор интернетке туташкан аппараттардан кезек карай баштадык. Дароо ала алган жокпуз. Кийинкисинен кудай жалгап табылып, документтерибизди тапшырдык. Эми америкалык чек арачылардын чакыруусун күтүп отурабыз. Алар бизди чек арада сурап, анан киргизет экен. Башпаанек берилбесе, ошол жерден депортация кылышат дешти".
Дагы караңыз Америкага жунгли аралап үч айда жеткен Айжамал
Касиет чет тилин билгендиктен кайык менен же жөө жүрүп Рейносага келген мекендештерине жардам бергенин, алардын дээрлик көпчүлүгү дубалдан секирип өтүүгө аракет кылганын айтты. Бирок көбү өтө албай кайра Мексикага кайтууга аргасыз болгонун, ал жерде айрыкча кыз-келиндер кыйналып жатканын кошумчалады.
"Буга чейин чек арадагы дубалдан секирип өткөндөргө катаал чара каралчу эмес. Эми чектөөлөр алынса, баарын депортация кылышы мүмкүн. Рейносада бизден башка орус, өзбек, казактар жүрөт. Баары жөө же машина менен АКШга өтүүгө камынып турат", - деди кыргызстандык Касиет.
АКШ Мексика менен чек арасын кайтарууну күчөтөт
9-майда Чек арадагы Тихуана шаарындагы Миграция иштери боюнча жооптуу кызматкер Энрике Лусеро эл аралык медиа менен болгон маегинде дубалдан секирип же суудан сүзүп өтүүнү чечкен миңдеген чет өлкөлүк кармалып турганын айтты.
Ал Мексикадагы баш калкалоочу жайларга соңку айларда Мавритания, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн иммигранттар агылып келип жатканын белгиледи.
АКШнын Техас штатында Мексика менен чек арада Тактикалык багыттагы чек ара күчтөрү (Tactical Border Force) жайгаштырыларын Reuters басылмасы маалымдады. Штаттын губернатору Грег Эббот Улуттук Гвардиянын бул элиталык бөлүгү мигранттар мыйзамсыз өтүшү ыктымал тилкелерге жөнөтүлөрүн билдирди.
Дагы караңыз "АКШга токой аралап, абакта отуруп жеттим". Кыргызстандыктардын баяны
Буга чейин республикачыл Эббот президент Жо Байдендин чектөөлөрдү алуу чечимин сындаган. Анда штаттын тактикалык багыттагы чек ара күчтөрү атайын даярдыктан өткөнүн, Мексика менен чек арадагы эң көп көйгөй жараткан жерлерге тик учактар жөнөтүлөрүн, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө каршы иш алып барарын билдирген. Аларга адамдарды кууп таратууга, түнкүсүн көрүүгө керектүү жабдуулар дагы берилерин айткан.
12-майдан тарта Кошмо Штаттар коронавирус пандемиясындан улам чек арага киргизилген атайын чектөөлөрдү алды. Шейшембиде АКШ президенти Жо Байден 12-майдан кийин АКШ-Мексика чек арасында “башаламандык” жараларын эскертти. Байден ошондой эле Вашингтон иммигранттарга байланыштуу өзгөртүүлөрдү иретке келтирүүнүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.
Ал арада АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас Мексика менен АКШнын чек арасында мигранттар менен күч органдары кагылышканын кабарлады. Чек арадагы чыңалуу коронавирус пандемиясы маалында киргизилген чаралар алынгандан кийин күчөгөн.
Майоркас чек арадан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылуунун кесепети оор болорун эскертти. "Биздин чек ара ачык эмес" деп эскертти министр бейшембидеи Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүп келген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү 30 күн ичинде депортацияланышы ыктымал экенин айтты.
Өтүп бараткан аптада чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны күнүнө 10 миңден ашкан. Reuters агенттиги Бажы жана чек ара кызматтарынын жайларда камалган мигранттардын саны 28 миңге чейин жеткенин жазды.