Эколог Лапола: «Табият тандабай өч алат»

Кытайдагы жан-жаныбарлар сатылган базар.

Кийинки жугуштуу оору Амазония чытырман токойлорунан жайылышы мүмкүн. Мындай тынчсыздануусу менен бразилиялык эколог, активист Давид Лапола “Франц-пресс” агенттигине бөлүштү. Ал адамзат жапайы жаныбарлардын жашоосуна кийлигише берсе, COVID-19дан да жаман оорулар жугушу мүмкүн экенин белгилейт.

Дүйнө окумуштууларынын көбү Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус адамга жарганаттан жукканынан күмөн санашпайт. Бирок ал лабораториядагы эксперименттердин жыйынтыгында жукканбы же расмий Бээжин билдиргендей, жаныбарларды саткан базардан жукканбы - бул башка суроо. Бул боюнча талаш-тартыштар ушул күнгө чейин уланууда.

Бразилиялык эколог, саясий активист Давид Лапола көп жылдардан бери адамзат чытырман токойлордун экосистемаларын кантип өзгөртүп жатканын иликтеп жүрөт. Анын айтымында, Амазония токойлору - ар кандай вирустардын очогу. "Ошол себептен ал жакка кийлигишүүнүн кереги жок" дейт эколог.

Амазонка дарыясынын бассейнинде аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң чытырман, тропикалык токойлор жайгашкан. Ал жактан чыккан кычкылтек Латын Америкасын гана эмес, бүтүндөй планетаны да камсыздайт. Соңку жылдары адамзаттын кийлигишүүсүнөн улам бул токойлордун аянты кыскарып, жыйырма пайыздайы жөн гана жок болуп кетти.

Амазония токойлору. Эквадор.

Амазония чытырман токойлору биологиялык ар түрдүүлүккө бай. Мисалы, ал жакта кырк миңдей өсүмдүктүн түрү, бак-дарактын 16 миңдей, балыктын үч миңдей, куштардын эки миңдей жана сүт эмүүчү жаныбарлардын миңдей түрү бар.

Бразилиянын бийлик башына азыркы президент Жаир Болсонару келген бир жылдан бери токойлорду кыюу 85 пайызга көбөйүп, жылына он миң чарчы чакырымдай жер тазаланып жатат.

Токойлорду негизинен өкмөттүн колдоосуна ээ болгон ири корпорациялар жана чакан дыйкан-чарбалар кыйып жатышат. Бразилиянын Космосту иликтеген улуттук институту жарыялаган, спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, быйылкы жылдын башынан апрель айына чейин чытырман токойлордун 1200 чарчы чакырымы кыйылган. Бул - соңку жылдардагы эң чоң көрсөткүч.

“Бул бир эле планета үчүн эмес, адамдын саламаттыгы үчүн да эң жаман жаңылыктар. Сиз табиятка чагым салып, экологиялык дисбаланска шарт түзгөндө вирус дароо жаныбардан адамга секирет. Мындай мыйзам ченемдүү көрүнүштү ВИЧ, Эбола, Денге ооруларынын жайылышынан эле байкаса болот. Бул вирустар экологиялык дисбаланстан улам пайда болуп, ири масштабда тарап кеткен”,-дейт Давид Лапола.

Бразилиянын Амазонас штатындагы Мура уруусу токой кыйылган жерде.

Буга чейин жугуштуу оорулар негизинен Түштүк Азиядан жана Африкадан чыгып келген. Алардын көбү жаныбарлардан жуккан. Лапола кийинки жугуштуу инфекция Амазония токойлорунан чыгышы мүмкүн деген ишеничте. Ал бул өрөөндө коронавирустун түрү бар экенин кошумчалайт.

Эколог ошондой эле Болсонару президенттикке келгенден бери табиятты коргоо агенттигине басым күчөп, кызматкерлеринин саны жана каржылоо кыскарганын айтты.

Дагы караңыз Болсонару менен Макронду айтыштырган өрт

Президент Болсонару чытырман токойлорду коргоо Бразилия экономикасына чоң күч келтирип, анын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтып жүрөт.

2018-жылы өткөн шайлоодо да токойлору эң көп кыйылган штаттардын тургундары ага добуш беришкен. Былтыр жайында Амазонияны каптаган өрттүн чыгышына да адамзаттын кийлигишүүсү түрткү болгон деп экологдор ырасташат. Лапола билдиргендей, аймакты жайытка айландыруу максатында атайын өрт коюшкан.

“Табият бул үчүн бизден дагы өч алат. Ал адамдарды ылгабастан, ырайымсыз өч алышы мүмкүн. Коронавируска же башка жугуштуу ооруга сиздин ким экениңиздин айырмасы жок да. Ал миллиардердин да, мен сыяктуу жөнөкөй окумуштуунун да өмүрүн алып кетиши ыктымал”,-дейт Лапола.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​