УКМКдагы сурак, АКШда адалданган акча

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ демократиясын ууланткан арам акча, Кыргызстанда сөз эркиндигинин мизин кайтаруу аракети, Борбор Азиянын чеке жылытпаган интеграциясы. Дүйнөлүк басылмаларда ушул жана башка темаларда материалдар чыкты.

АКШ: Акча адалдоо демократияны кантип ууландырууда?

«Financial Times» гезити Кошмо Штаттары арам акчаны адалдоо жаатына алдына башка өлкө салбай жатканын жазып чыкты. Автор Эдвард Люис: «"Кансыз согуш" аяктагандан кийин АКШ дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө мыйзамдуулуктун үлгүсүн көргөзөт деген ой бар эле. Бирок бул үмүттүн таш-талканы чыкты.

Иллюстрациялык сүрөт.

Азыркы тапта АКШ дүйнөдөгү жемкорлуктан түшкөн арам акчаны эң көп адалдаган өлкө болууда. Америкадагы ири укук компаниялары кыймылсыз мүлк агенттиктерине жамынып, сырттан аккан арам акчаны чайкоо жүрүп жатат. Бул көрүнүш демократиядагы чоң кара так болуп турат. Маселен, президент Дональд Трамптын Флоридадагы мунарасында жайгашкан компаниялардын 80% акча адалдоо менен алек.

Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча 41 өлкөгө салыштырмалуу АКШда акча адалдаган компаниялардын саны 10 эсеге көп. Финансы министрлиги жылына орто эсеп менен 300 миллиард доллардай кайдан келгени белгисиз акча АКШда адалданарын билдирет. Өлкө банктары шектүү каражат түшкөндө аны иликтөөгө милдеттүү. Бирок адвокаттык фирмалар, кыймылсыз мүлк агенттиктери, сүрөт сатуучулар менен банкка тиешеси жок мекемелердин каражат булагы текшерилбейт.

Буга чейин АКШ менен дүйнө клептократтарынын айырмасы ачык көрүнүп турчу. Азыр алар бири-бири менен чырмалышып калды. Азыркы Америка клептократтарды түп тамыры менен жок кылып, жеңе ала турган лидерге зарыгып турат», - деп жазат.

«Eurasinet»: Кыргызстанда сөз эркиндигинин мизин кайтаруу

Эл аралык басылма Кыргызстанда блоггер камакка алынып, эркин журналисттердин иликтөөсүнө мамлекеттик телеканалдар каршы чыгып, сот системасы сөз эркиндигин мокотуу менен коррупцияга көз жуумп жатканын жазды. 25-ноябрда Бишкекте өткөн «Реакция» кыймылынын иш-чарасы, ага себеп болгон жагдайларды кеңири сүрөттөгөн онлайн журнал соңку күндөрү эле Улуттук коопсуздук боюнча мамллекеттик комитетке (УКМК) эл оозуна алынган үч адамдын барып, экөөнүн камакка алынышына токтолот.

«29-ноябрда алты сааттык сурактан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК имаратынан чыкса, Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы консулу, өлкөдөн миллиондогон акчаны чыгаруу боюнча иликтөөнүн каарманы Айэркен Саймаитинин өлүмүндө аты аталган Эркин Сопоков менен «БеспределKG» сайтынын негиздөөчүсү Автандил Жоробеков сурактан чыкпай камалды.

Жоробековдун камалышын аны жактагандар Кыргызстандагы сот системасынын адилетсиздиги жана сөз эркиндигине жасалган кыянаттык катары баалашууда. «Азаттык», «Клооп», «Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны чагылдыруу долбоору» тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө каршы Коомдук телерадио корпорация менен мамлекеттик 5-каналдын иликтөөсү чыгып, эркин басылмалардын фактыларына сын жаадырышты», деп жазат басылма.

Борбор Азиянын чеке жылытпаган интеграциясы

«Asia Times» гезитине талдоочу Пип Эскобардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара интеграциясына байланыштуу макаласы жарык көрдү. Анда автор чек ара, экономикалык кызматташтыкка байланыштуу бир катар пикирлерин жазган. Ал Борбор Азия XXI кылымда дүйнөнүн жүрөгүнө айланып, Европа менен Азияны туташтырган өтө олуттуу стратегиялык чөлкөм экенин эскертет.

«Азыркы тапта аймактан өткөн кытай өндүрүмүнүн 10% эле «стан» өлкөлөрүндө калып, 60% Европа Биримдигине чыгууда. Ошентсе да өлкөлөр өз ара карым-катышын, чек арасын тактай албай, экономикалык кызматташууда бир топ аксап келишет. Эл аралык «JP Morgan Chase International» компаниясынын жетекчиси Якоб Френкел Нур-Султанда өткөн жыйында Борбор Азиянын банк тармагына болгон талап улам жогорулап баратканын билдирди.

Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Вашингтондогу Борбор Азия жана Кавказ институтунун директору Фредерик Старр аймакты «дүйнөнүн чордону» деп атап, андагы өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы өнүгүп, чек ара көйгөйлөрү чечилсе, Евразия Экономикалык Биримдигинен жана Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоорунан бир топ пайда тапмак деген пикирде. Бирок азырынча тажик-кыргыз-өзбек чек араларындагы маселелер чечиле элек.

Еврошаркеттин Борбор Азиядагы өкүлү Питер Бурьян Балтика жээгиндеги өлкөлөрдөн үлгү алып, чөлкөм өз ара интеграция саясатын бекемдеши керек деген пикирин айтты. Евразиянын туруктуулук жана өнүгүү фондунун башкы экономисти Евгений Винокуров Борбор Азия аркылуу жылына Кытайдан 400 миңдей жүк ташуучу машине менен 10 миллион тонна товар ташыларын, алардан толук пайда табыш үчүн аймакка өңдүрүш парктарын куруу зарыл экенин билдирди.

Көптөр чөлкөмдүн экономикалык, дипломатиялык өнүгүшү үчүн «Сингапур үлгүсү» туура деген ойдо, бирок Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаев «стандыктардын» ички дүң өнүмү Сингапурдан алда канча артта деп, Орусия жана Кытай менен ымаласын жакшыртууда жаңы жол картасын кабыл алууну сунуш кылды», - деп жазат автор.

«Amazon», «Apple», «Google» жана «Facebook» компаниясында иштегендер миллиондон ашты

АКШдагы ири интернет-компанияларда иштегендердин саны бир миллион кишиден ашты. Бул тууралуу Жапонияда чыккан «Asia Nikkei Review» басылмасы маалымдады. «АКШнын Баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясы акыркы беш жылда технологиялык компанияларда жумушка орношкондор 3,5 эсеге көбөйгөнүн аныктаган.

Иллюстрациялык сүрөт.

Сентябрь айында алардын саны 1 миллион 44 миңге жетип, былтыркыга салыштырмалуу 20% арткан. 2014-жылдын сентябрынан бери «Фейсбукка» ишке орношкондор 5,2 эсе көбөйгөн. Алардын көбү социалдык медиадагы коопсуздукту көзөмөлдөөчүлөр тобунда.

Жумушчулар көбөйгөн сайын компаниялардын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка нааразылык да күчөп баратат. Маселен, 20-сентябрда «Amazon» компаниясынын жумушчулары 25 жылдык тарыхында алгач ирет өздөрү иштеген мекеме климаттын өзгөрүүсүнө кайдыгер деген оюн билдирип, нааразылык иретинде иш ташташты.

Жетекчи Жефф Безос буга дароо жооп кайтарып, 2040-жылга чейин «Amazon» ишмердигин жаратылышка таптакыр зыянсыз кыларын жар салды», - деп жазат басылма. Журнал «Google» компаниясында иштегендер жасалма интеллектти аскердик максатта колдонууга каршы чыгышканын баяндайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​