Алыкулду өзбекчеге которгон Курбан Саттар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылында жашаган 74 жаштагы акын жана котормочу Курбан Саттар тууралуу айтып беребиз. Ал Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын өзбек тилине которуп, мектеп программасына киргизген. Андан сырткары бир топ өзбек жана кыргыз акындарынын чыгармаларын эки тилге которуп, маданият ортосунда данакер болуп жүрөт.