Быйыл “Алтын калем” улуттук сыйлыгына жети номинация боюнча жүздөн ашуун калемгер ат салышкан.
Калыстар тобунун чечими менен проза жанрында Абдиламит Матисаков, поэзияда Молдоакмат Бапаков, драма боюнча Кыял Тажиева, балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиев, котормо жаатында Таштанбек Чакиев, адабий сын боюнча Үмүт Култаева, орус тилинде жазылган чыгармалар боюнча Тыныбек Мейманалиев жеңүүчү болгон.
Эки күн мурун, Адабият күнүнө карата жеңүүчүлөргө диплом, атайын статуэтка жана 100 000 сомдон ыйгарылган. Көп өтпөй эле “Алтын калем” сыйлыгын жеңген Молдоакмат Бапановду плагиаттыкка айыптаган билдирүүлөр чыкты. Бир топ киши бул тууралуу социалдык тармактарга жазып, Жазуучулар бирлигине суроо салды.
Акын, журналист Элмира Ажыканова Фейсбуктагы баракчасына Молдоакмат Бапановдун сынакка катышкан ырларынын бири казак элинин атактуу акыны Мухтар Шахановдун чыгармаларынан көчүрүлгөнүн жазып чыкты. Ал автордон "Алтын калем" сыйлыгын өткөрүп берүүнү, сынактын уюштуруучулары менен калыстардан эл алдында кечирим суроону талап кылды.
“Мен ал кишинин ырларын толук окуп чыктым. Балким, сыйлыкты туура эле бергендир деп да ойлодум. Окусам, мурдатан тажрыйбасы бар, ырдын техникасын дурус билген жакшы эле акын экен. Бирок философиялык ойлорду камтыган ырларды жазган, өтө терең акын да эмес экен. Анан ырларын окуп келе жатып бир ырын жакшы экен деп калгам. Бирок аны мурдатан уккандай сезилди. Көрсө, казак акыны Мухтар Шахановдун ыры экен. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Молдоакмат Бапаков ал жерде котормо деп берген жок, өзүнүн ыры катары жүрөт. Бизде Бапаковдон жакшы акындар көп. Анын деңгээлинде ыр жазгандар да көп. Эгер андайларга “Алтын калемди” бере турган болсо, сыйлыктын кадыры кетет”.
Ал эми Молдоакмат Бапаков Мухтар Шахановдун бул ырын бир топ жыл мурун которгонун, бирок кандай себептер менен өз ырларынын катарына кошулуп кеткени белгисиз экенин айтты. Автор муну кокустук деп баалап жатат:
"1981-жылы Мухтар Шаханов Нарынга келген. Аны Соң-Көлгө чейин алып барып, Ак-Талаага узатып жүрүп, анын эки ырын өзүнүн көзүнчө которгом. Анан “Алтын калем” сынагына жалпы беш котормо жибергем, анын экөө Шахановдун, үчөө Кадыр Мырзалиевдин ырларынан которулган болчу. Ошолордун бирөө өз ырларымдын арасына кирип кетиптир. Кандайча болгонун билбейм. Шаштырышканынан жиберип койгом ырларымды. Баалагандар котормо, анан автордуку деп бөлбөсө керек”.
Элмира Ажыканова Фейсбукка Мухтар Шахановдуку делинген казак тилиндеги төрт куплет махабат тууралуу ырды жана Бапаков котордум деген үч куплет ырды жарыялаган. Анда ырдын бир куплети кыскарган жана ичиндеги айрым саптар өзгөрүүгө учураган.
Селк еттiм дауысынан шошығандай,
Жүр едiм өз мұңымды өшiре алмай.
Жиырмамда алдап кеткен махаббаттың
Kүнәciн әлi күнге кешiре алмай.
Сен болып қайта жанды-ау сағынышым,
Бәлкiм, тар маңдайымның бағымысың?!
Бәлкiм, сен менен қашқан махаббаттың
Ойланып қайта соққан шағымысың?!
Сол болсаң, қолыңды бер, жүр, қарағым,
Сен барған жерге мен де бip барамын.
Көл едiм тасымаған, тасыттың ғой,
Бақша едiм бағы тайған, гүлге орадың.
Кәнеки, жалыныңа жалға менi,
Күтiп тұр пәк махаббат, арман елi.
Өмiрде менi алдаған адамдар көп.
Тек қана сен алдаушы болма менi!
Мухтар Шаханов
Сен
Селт эттим, добушуңдан чочугандай,
Жүргөндө жүрөк муңун өчүрө албай,
Отузда ойноп кеткен махабаттын,
Күнөөсүн келатканда кечире албай.
Сен болуп кайта жанып сагынычым,
Сезимден оргуп чыкты жалынычым.
Сен балким, менден качкан бак-таалайдын,
Адашып кайра тийген жарыгысың.
Канакей, жалыныңа жалга мени,
Арзууңду актабасам арман эми…
Өмүрдө мени алдаган аялдар көп,
Тек гана сен алдоочу болбо мени…
Молдоакмат Бапаков
Шахановду устат тутуп жүргөн кыргыз акыны Өмүрбек Тиллебаев болсо бул ыр котормо эмес, анык "адабияттагы уурулук" деп сындады:
“Жазуучулар союзу уюштурган "Алтын калем" сыйлыгын алган авторлордун арасында адабий журтчулукка аты белгисиз Молдоакмат Бапаковдун болушу көпчүлүктү таң калтырды. Анын ырын башта кайсы акындын китебинен окудум эле деп түкшүмөлдөй баштадым. Негедир, тааныш. Акыры таптым. Мухтар Шахановдун 1993-жылы Алматыдагы "Жазушы" басмасынан жарык көргөн "Доор дастандары" деген китебине чыккан ыры экен. Ыр "Махабатты коргоо, же ашыктык жазган каттардан" деген топтомго кирген".
Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков эми сыйлыктын айланасындагы талаш-тартыш боюнча калыстар кандай чечим кабыл алары белгисиз экенин айтты:
"Эми кандай болорун билбейм. Жакшынакай ырларын жиберип жатса, арасына башка бирөөнүн ырын кошконун кайдан билдик. Илгерки котормосун берип алып, арасына кошулуп кеткен окшойт. Автор катары мыкты эле акын экен. Калыстар авторлорду өзүнчө балл менен баалаганда бир сан эле жеңүүчүнү чечип коёт экен да. Чечим кабыл алуу үчүн жеңүүчүнүн ырларын дагы жакшылап талдап карап чыгыш керек. Мындай нерсенин баары адабий процесстин жоктугунан да. Кийинки жылдары адабий сынга басым жасайбыз, мамлекет акча которду. Анан ошондо ким калпычы, ким мыкты, ким жасалма калемгер экенин аныктай баштайбыз".
“Алтын калемден” сырткары Жазуучулар союзу адабий сынчылар арасында жарыяланган сынакта Болотбек Акматов атындагы сыйлык менен Аскар Медетов жана Жүрсүн Орозалиева жеңүүчү деп табылып, 50 000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болгон. Ал эми котормочулар арасындагы Узакбай Абдукаимов атындагы сыйлыкка акын Жыргалбек Касаболотов татыктуу болуп, 100 000 сом тапшырылган.
Калемгерлер арасындагы “Алтын калем” сыйлыгын Улуттук жазуучулар союзу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирге 2021-жылы уюштурган. Бул сыйлык быйыл үчүнчү жолу тапшырылды.