"Субботаж" акциясы
49 жаштагы Кайрат Султанбек Чымкенттин жака-белиндеги Темирлан айылынан болот. Ал киндик кан тамган жерде курулуш материалдарын сатуу менен тирилик кылчу. Беш жыл мурун ал оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун жактоочусуна айланган.
"Башында анын айткандарын фантастика дечүмүн. Ойлонуп отуруп, маселе Аблязовдо эмес, бизде экенин түшүндүм. Адам адилетсиздикке чыдабай, унчукпай отурбашы керек экен".
Султанбек адегенде социалдык тармактарда активисттер ачкан тайпаларга катталган экен. Андан кийин Чымкентте Нооруз майрамында активисттердин символу болгон көк шар көтөрүп, биринчи жолу акцияга чыккан.
- Бийликтин реакциясына таң калдым. Полиция биздин шарларды жарып жатты. Бизди күч менен кармап кетишти. Бир жума бою эртеден кечке чейин суракка алышты. Ошол биринчи митингден кийин менин туугандарым да суракка чакырыла баштаганда ачууландым. Ошентип активистке айландым, - дейт ал.
Ошондон тартып Кайрат Чымкенттеги нааразылык акцияларында өз оюн ачык айтып чыгып, социалдык тармактарда активдүү боло баштаган. Бийликтин отставкасын талап кылып, «Шал, кет!» деген ураандарды чакырып жүргөн. Эки жолу административдик айыпка жыгылып, бир нече күн камалып чыкты.
2018-жылдын 13-мартында борбор калаанын Есил райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде КДТ кыймылын экстремисттик уюм деп таап, анын өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салган. 2020-жылдын февраль айында активисттер катталбаган “Көше партиясы” кыймылын түзгөн. 19-майда Есил райондук соту "КДК аталышын "Көше партиясы" деп өзгөрттү" деп таап, анын ишмердүүлүгүнө да тыюу салган.
Кыймылды колдогондорго "тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" (405-берене) деген негизде кылмыш иши козголгон. Алардын арасында Кайрат Султанбек да бар эле.
“Көше партиясы” “Субботаж” деп аталган ишембилик өткөрүп, өкмөткө каршы акцияларды уюштурган.
2020-жылдын сентябрында Кайрат Султанбек кыймылдын ишмердүүлүгүнө “катышкан” деген негизде козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга үй камагына чыгарылган. Төрт айдан кийин Түркстан облусунун Ордабасы райондук соту аны бир жылга эркинен ажыраткан. Активист өкүмгө макул болбогону менен апелляциялык арыз жазган эмес.
— Мен Казакстанда сөз эркиндигинин, демократиянын жоктугуна ынанып, нааразы болдум, - деген Кайрат ишкерлик менен алектенип жүргөндө эле мыйзамсыздыкты баштан өткөргөн экен.
- Прокуратурада, акимчиликте иштегендерден буюртма алгыбыз келчү эмес. Алардын 90% акчасын төлөбөй кетип калышат. Прокуратураданбыз дешет... Алар үчүн мыйзам жок болчу, - деп эскерет ал.
Кайрат Султанбек 2020-жылы “Азаттыкка” курган маегинде: “Мен жаза мөөнөтүм бүткөндөн кийин Казакстандан кетем, бир адамдын көзөмөлүндө жашаган туура эмес, ар ким өз укугу үчүн күрөшүүсү керек” деп айткан.
Жергиликтүү укук коргоочулар ошол кезде аны “саясий туткундардын тизмесине” кошкон. Бирок Султанбек чет жакка чыгууга үлгүрбөй калган. 2022-жылдын Январь окуялардан кийин ал камакка алынган.
ЯНВАРЬ ОКУЯЛАРЫ ЖАНА КЫЙНОО
2022-жылдын 2-январында Мангыстоо облусунун Жаңы-Өзөн шаарында газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары башталган. Демонстранттарды Казакстандын башка аймактарынын жашоочулары да колдоп, акция бир нече шаарга жайылган.
Нааразы тарап кымбатчылыкка каршы чыгып, бийликтин отставкасын талап кылган. 4-5-январда Чымкентте өткөн жапырт нааразылык акцияларына алгач жазасын өтөп, үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кетүүгө даярданып жаткан Кайрат Султанбек катышкан эмес. 5-январда митингчилер саясий талаптарды коюп, “Шал, кет!” деп кыйкыра баштаганда аянтке келген экен.
- Шаарда интернет өчүп калганда бийлик элди ата турганын сездим. Аянтта эл менен бирге болушум керек дедим, - дейт активист Январдагы окуяларды эскерип.
- Мен алгач митингчилерди четтен карап турдум. «Шал, кет! Парламенттик республика куралы!» деген ураандар жаңырып жатты. Бир убакта ок жаңырды. Жанымдагы жигиттин көкүрөгүнө ок тийип, ошол жерден каза болду. Анын баарын видеого тартып алдым. Бул жерден тезирээк кетишим керек деген ой келди. Өмүрүм коркунучта экенин, телефонду тартып ала электе видеолорду интернетке жүктөшүм керектигин түшүндүм.
Натыйжада ал видеону 6-январга караган түнү интернетке жарыялаган. Кийинчерээк видеого түшүп калган Мейирбек Шойбеков Чымкентте атып өлтүрүлгөн 20 адамдын бири экени ачыкка чыкты.
7-январь күнү эртең менен Кайрат кош кат келинчеги Ардак Сатпаева менен Ташкент аркылуу Европага кетүүгө камынып турганда полиция үйүнөн кармап кетти.
Алгач Султанбекке “бейбаштык”, “имараттарга кол салуу”, кийинчерээк “массалык башаламандык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Аны менен бирге активисттер Ляззат Досмамбетова менен Жанмурат Аштаев да камакка алынган.
Ал камакта кыйноо көрүп, соккудан эки буту шишип, бир нече күн тура албай калган.
- Тергөөчүлөр кош бойлуу аялыма да кылмыш ишин козгоп, камайбыз дешти. Ардак дагы активист эле, аны камап койбосун деп аябай бушайман болдум, - дейт Султанбек.
Буга чейин стресстен улам Ардактын боюнан түшкөндүктөн, алар курсактагы баланы жоготуп алуудан коркушкан.
Чымкентте жапырт нааразылык акциясы 4-январда башталып, 5-январда ок атылган. 6-январда Султанбек, Досмамбетова жана Аштаев телефон аркылуу сүйлөшүп, окуяларды талкуулаган аудиосун күч органдары “кылмыштын далили” катары жазып алышкан. Активисттер мындай дооматтарды четке каккан.
АЯЛЫ ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ, КҮЙӨӨСҮ ТҮРМӨДӨ
Ардак Сатпаева күйөөсү камалгандан кийин тынчсызданып атып ооруканага жатып калган. Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай ал ар кандай акцияларга катышып, Кайрат Султанбектин күнөөсүз экенин айтып, аны бошотууну талап кылган.
Ошол күндөрү ага да басым жасалып, белгисиз бирөөлөр анын унаасынын дөңгөлөгүн мык менен тешип кетишкен. Көз жарганга чейин прокуратурага да тынымсыз чакырылып турган.
Кызы төрөлгөндөн 10 күндөн кийин Кайрат Султанбек жана аны менен кошо камалган активисттердин иши сотто карала баштады. Ардак ымыркайды күйөөсүнө көрсөтүү үчүн сот залына алып барган. Султанбек ошондо кызын биринчи жолу колуна алган.
"Сот залында отургандардын баарынын жүрөгү ооруду", - деп эскерет Ардак.
2022-жылдын 15-июлунда соттун чечими менен Жанмурат Аштаев 3 жыл 1 айга, Кайрат Султанбек 3 жыл 6 айга, Ляззат Досмамбетова 3 жыл 7 айга эркинен ажыратылган.
Ардак күйөөсү саясий көз карашы үчүн соттолгондугун айтып, окуяга кийлигишүү өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары комитетине жана Европарламентке кайрылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
ТҮРМӨДӨГҮ КОРДУК
Кайрат Султанбектин өкүмү күчүнө киргенден кийин ал тергөө абагынан түрмөгө которулган.
"Түрмөдө бизди сабап, даараткана тазалоого мажбурлашты. Бир кишини сабайт, отузун дааратканага киргизип коюшат, үн чыгарбашың керек», - дейт ал.
Анын айтымында, казак коомунда адамдын өзүн-өзү сыйлоо сезими жоголот.
- Түрмөдө эле эмес, мектепте, армияда да. Миңден бирөө гана ажаткана жууганга макул болбой, өзүн мазактоого жол бербейт. Бирок алар ден соолугунан ажырайт, же өлүп калышат», - дейт Кайрат.
Төрт ай абакта отургандан кийин Кайрат Султанбек мунапыс менен эркиндикке чыккан. Сотто адвокаттар ага «күнөөнү моюнга алып, кечирим суроону» сунуштаган.
Кайрат буга «Кечирим сурагандан көрө, түрмөдө отурганым жакшы» деп жооп узаткан. Аны менен бир убакта камалып, соттолгон камералашы Жанмурат Аштаевге мунапыс берилбей калганына Кайрат катуу кейиди.
«Түрмөдөн чыктым, бирок депрессияга кабылдым. Аштаевдин абакта калышы мен үчүн оор болду», - дейт Султанбек. Кийинчерээк Аштаев да акталган.
АБАКТАН КИЙИНКИ ЖАШОО, АЛТЫ АЙГА СОЗУЛГАН САПАР
Кайрат эркиндикке чыккандан кийин төрт күндөн үй-бүлөсүн алып Казакстандан чыгып кетти. Алгач Түркияга барып, андан ары үчүнчү өлкөгө кетүүнү көздөдү.
"Европага же АКШ, Австралия же Жаңы Зеландия сыяктуу демократиялык өлкөлөрдүн бирине баралы деп чечтик. Европага кирүүгө эки жолу аракет кылдык, бирок киргизбей коюшту», - дейт ал.
Ошондон кийин үй-бүлө Жаңы Зеландияга виза сурап, Малайзия аркылуу ал жакка барууну чечишкен. Жаңы Зеландиянын Миграция кызматы аларды учактан түшүрүп салгандан кийин алар АКШга кирүүнүн жолун издешти. Алгач алар Сальвадорго, ал жерден Никарагуага жана ал аркылуу Мексикага барган.
Кайрат жиберген видеодо Ардак колунда баласы менен токойдун арасында баратат. Бир видеодо алар эшик-терезеси жок автобуста ээн талаада жүргөнүн көрүүгө болот.
"Биз тоо-токойду аралап, дарыя аркылуу Мексикага өттүк. Ал жактан юрист жалдадым. Бул өлкөдө чек арадан мыйзамсыз өткөндөр үчүн атайын мыйзам бар. Ошонун негизинде биз “жашы жете элек баласы бар жана өз өлкөсүндө саясий куугунтукка кабылган адамдар” катары кирүүгө уруксат алдык",- дейт активист.
Бирок кыйынчылыктар муну менен токтогон жок.
Эмчектеги баласын көтөргөн жубайлар Мексиканын түндүк-батышына барып, башпаанек издегендер үчүн программанын алкагында АКШга кирүүгө арыз беришти. Президент Жо Байдендин администрациясы ишке киргизген программа өз мекенинде кыйынчылыктарга туш болгон адамдардын АКШга мыйзамдуу түрдө киришине мүмкүнчүлүк берет.
Кайрат менен Ардак алты ай дегенде АКШнын чек арасынан өтүп, Лос-Анжелеске (Калифорния штаты) отурукташты.
"КҮРӨШТҮ ТОКТОТПОЙМ"
Азыр үч адамдан турган үй-бүлө Лос-Анжелестин четинде бир бөлмөлүү батирге айына 1800 доллардан төлөп жашайт. Үй-бүлөнүн чогулткан акчасы бар. Жергиликтүү бийлик алардын кызына 500 доллар жөлөк пул берет. Кайрат иштөөгө уруксат сурап кайрылган.
Ашкана, жатакана баары тар бөлмөдө жайгашканына карабай Кайрат менен Ардак азыркы эркин жашоосуна ыраазы.
«Башкысы бул жерде тартип жана эркиндик бар. Мен Казакстанда буга жетүүгө аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Өз оюмду ачык айтып, коркуу сезимимди жеңгениме өкүнбөйм. Бул жерде жашоо-шартым Казакстандан начар болушу мүмкүн. Бирок кызым эркин жашайт. Өзгөрүүлөр болгон күндө дагы Казакстанга кайтпайм. Мен чет өлкөдө жашап, өлкөмдөгү активисттерге колдоо көрсөтөм», - дейт Султанбек.