Кыргызстандагы альпинизм: опурталдуу туризмдин келечеги

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн бири.

Кыргызстанда соңку жылдары тоо туризми жандана баштады. Адистер бул тармактын келечеги бар экенин белгилеп келишет. Анткен менен альпинисттердин коопсуздугун камсыздаган шарт көңүл жылытпайт.

Аскада кыйылган өмүрлөр

Акыркы айда Кыргызстандагы бийик чокуларга чыккан эки альпинист каза болуп, экөө дайынсыз болууда. Кабары чыкпай жаткандардын арасында британиялык коомдук ишмер, укук коргоочу Мехри Жафари да бар.

4-августтан бери Кыргызстанда бийик чокуларга чыгуу үчүн келген эки чет элдик турист каза болуп, экөөнүн дайыны чыкпай жатат.

Асман тиреген чокуну көрүү үчүн келип, ажал тапкан эки адам Орусиянын жарандары болгон.

Орусиянын ТАСС агенттиги 8-августта Санкт-Петербургдан келген Валентин Михайлов аттуу альпинист Жеңиш чокусуна чыгып бара жатып, кар алдында калганын жарыялады. Ушул эле маалымат булагы 11-августта Сергей аттуу дагы бир орусиялык келинчеги Наталья менен Хан-Теңири чокусуна чыгып бара жатып, 6 миң метр бийиктикте каза болгонун кабарлады. Эртеси анын сөөгүн куткаруучулар лагерге түшүргөн. Жубайы Наталья тирүү калган.

Британиялык альпинист, укук коргоочу Мехри Жафари.

Британ укук коргоочусу Мехри Жафаринин окуясы

Жеңиш чокусуна чыгып, 4-августтан бери дайынсыз болуп жаткан британиялык 48 жаштагы Мехри Жафаринин туугандары "Фейсбуктагы" анын баракчасы аркылуу коомчулукка төмөндөгүдөй кайрылуу жасашты:

"Биз, Мехринин Лондондогу өнөгү Стив менен Ирандагы үй-бүлөсү Мехрини издөө үчүн жан үрөп колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз. Ал жоголгон алгачкы 24 саат биз үчүн өтө оор болду. Мехринин дайынсыз экенин бөтөн адамдар менен социалдык медиада сүйлөшкүбүз келбейт. Окуя боюнча жергиликтүү бийликтин кабары бар, полиция (кыргыз милициясы- ред.) тийиштүү күбөлөрдүн көрсөтмөсүн алат деген үмүттөбүз. Ошондой эле расмий дыкат отчет берилерин күтүп жатабыз. Тилекке каршы, Мехри дайынсыз жоголуп, балким каза болду деп ойлоп жатабыз. Жергиликтүү бийлик менен улам байланышып, мунун расмий ырасталышын сурап турабыз. Мехрини издөөгө каражат которгондорго терең ыраазычылык билдирип, акчаны кайра ар бирине кайтарып беребиз. Мехри күрөшкөн адилеттүүлүктүн жолун жакындары уланта берет".


Мехринин жоголгонуна бир нече апта болду. Анын туугандары эми Кыргызстандан расмий жооп күтүүдө. Теги ирандык, Британиянын жараны Мехри - укук коргоочу, аялдардын тең укукта жашашы үчүн күрөшкөн коомдук ишмер.

Ал Британияда коомдук-саясий иштерге аралашып, айрыкча майыптыгы бар адамдардын укугу, билим алышы үчүн жан үрөп келген. Белгилүү Каплан юридикалык мектебин бүтүргөн. Альпинизмге өзгөчө кызыккан. Мехри Кыргызстанга буга чейин да келген. 2008-жылы Жеңиш чокусуна коңшу Хан-Теңирини багындырган.

22-июлда "Фейсбукка" жазган акыркы постунда Жеңиш чокусуна карай жол өтө татаал экенин билдирген.

"Үч оор күндү өткөрүп, базалык лагерге аман-эсен кайтып келдим. Тынбай жааган кардан улам бул жерде эки күн өргүдүм. Оң колумду кичине оорутуп алдым. Базалык лагерден биринчи Жеңиш лагерине жалгыз чыгуу — бул акылсыз идея (муну эч качан жасабаңыз, сураныч). Биринчи лагердин асты жагында калың кар, коркунучтуу жаракалар, жүздөгөн тузактар жана тешиктер катылган. Ошондой эле кар көчкү да болду. Анысы аз келгенсип, биринчи күндөн тартып эле газ плитам бузулуп калды. Эки күн бою суу жана тамак-аш болгон жок. Ушундан улам кар шорпосун бышырдым. Мындан ары чокуга чыгууну улантуу үчүн жакшы аба ырайын күтөм. Менин жолум болду. Бул аймакта бир нече ирандык команда атактуу альпинисттер менен жүрүшөт. Эртең мен акклиматизация (климатка көнүү) үчүн Хан-Теңиридеги үчүнчү лагерге барам".



"Мехри боорукер, акылдуу инсан болчу"

Мехри жоголгондон бери дүйнөнүн чар тарабындагы анын достору, тааныштары кооптонуп жатышат. Алар GoFundMe порталы аркылуу аны табууга коомчулуктан 28 миң фунт стерлингден ашык каражат чогулткан.

Мехринин Вашингтондогу курбусу Сепидех Жойдери буларды айтып берди:

- Сепидех, саламатсызбы, Мехри Жафари тууралуу айта кетсеңиз?

- Мехрини жыйырма жылдан бери жакшы тааныйм. Ал мен үчүн дос эмес, бир тууганымдай болчу. Биринчи жолу Иранда өткөн адабий кечеде таанышканбыз. Себеби мен акынмын, Мехри да акын болчу. Ошондон бери доспуз.

- Мехринин жакындары, достору, аны тааныгандар Мехри жоголгондон бери тынчсызданып, социалдык тармактарга жазып жатты. Ал өзү ким болгон? Эл аралык коомчулукка да таанымал инсан экен...

Мехри Жафари орто, Сепидех Жойдери сол жактан биринчи.

- Мехри өтө активдүү адам. Поэзиядан тышкары да бир топ тармакта иш алып барчу. Азыркы тапта Ирандын адабий коомчулугу аза күтүп жатат. Ирандагы бир топ акын-жазуучулардын жакын досу эле. Ал мыкты акын, адабий сынчы болчу. Мен Иранда жашап жүргөн маалда поэзия боюнча ирандык аялдардын арасындагы сыйлыкты алган элем. Мехри ошондо калыстар тобунун курамында болчу.

Ал эл аралык деңгээлдеги мыкты укук коргоочу катары да таанымал. Улуттар Уюмунун укук коргоо жаатындагы программаларына активдүү катышчу. Аялдар, балдар, майыптыгы бар балдар, ЛГБТ коомчулугунун укугун коргоо боюнча иш алып барчу.

Мехри Ирандагы жана Британиядагы эң мыкты, өтө кыйын юристтердин бири эле. Ирандагы университетте юридика факультетин аяктап, диплом алгандан кийин Британияга магистратурага окуу тапшырып өткөн. Ирандан да, Лондондон да юрист деген сертификат алган. Айрыкча Ирандагы ЛГБТ коомчулугунун укугун коргоого жан үрөчү. Ирандагы аялдардын укугун коргоодо, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга акысыз жардам берчү. Мехри жашоосунда көп иш кылды, бардык нерсеге жетишкенге аракеттенчү. Британияга көчүп кетип, ал жактын атуулу болгонуна карабай, Ирандагы укук коргоо ишин улантып келди. Альпинизмди да жанындай жакшы көрчү.

- Кыргызстанга канча жолу келип, кайсы чокуларга чыкканынан кабарыңыз барбы?

- Билишимче, Кыргызстанга экинчи ирет барышы. Биринчи жолу мындан 10-15 жыл мурда барганы эсимде. Ошондо ал Хан-Теңири чокусуна өзү жалгыз чыккан. Ирандагы ушундай бийик чокуну багындырган алгачкы аял альпинист катары тарыхка жазылды. Бул окуя Иранда өтө чоң резонанс жаратты. Көптөгөн медиа өкүлдөрү Мехриге кызыгып, интервьюга чакырышканын билем. Быйыл Кыргызстанга ал экинчи жолу барып, Хан-Теңириден кийинки Жеңиш чокусун багындырууну максат кылган. Тилекке каршы, анын бул аракетинин аягы кайгылуу болду.

Мехри менен Сепидех Рим шаарында.

- Достору, жакындары Мехрини издөө иштерин кандай баалап жатышат?

- Албетте, издөө иштери жакшы болду. Куткаруучулар болжол менен эки миң чакырым бийик аскадан Мехринин уктоочу мүшөгүн тааптыр. Мехри ушул капчыгайдан кулап, жоголуп кетти деп божомолдоп жатышат. Себеби, аны дал ошол жерден венгриялык альпинисттер көргөн экен. Өкүнүчтүүсү эми ал тирүү калат деген үмүтүбүз өчтү.

- Мехринин кандай кыялдары бар эле? Сизге айтчу беле?

- Адабиятка аябай кызыкчу, өзү жазган адабий сындардын топтомун бир жыйнак кылып чыгаруу кыялы бар эле. Буга чейин ал поэзиялык чыгармаларын бириктирип, эки китеп чыгарган. Мехри ирандык акындардын поэзиясына терең, таамай сындарды жазчу. Эми анын бул тилегин мен ишке ашырайын деп жатам. Эгер китепти басып чыгууга мүмкүнчүлүк таба алсам, курбумдун кыялын сөзсүз орундатам. Биз эч качан Мехри тууралуу өткөн чакта сүйлөп каларыбызды ойлобоптурбуз. Себеби, ал спортту сүйгөн, өтө активдүү жашаган, адамдарга жалаң жакшылык гана тартуулаган адам эле.

Сепидех менен Мехри Лондондо.

Жашоого тойбой турган учурунда капилет жоготуп алдык. Мен ага "Сага караганда бул дүйнөдөн эрте кетем, ошондо менин уулумду сен багып ал", - деп айтчумун. Себеби менин 12 жаштагы уулум аутист. Мехри ага өз баласындай кам көрчү. Менде эмнегедир Мехриден мурда өлөм деген ой бар эле да. Уулумду андан башка адамга табыштай алмак эмесмин. Мыйзамдуу түрдө мурасымды да жазып берейин деп жаткам. Ал кайсы ишти баштабасын майын чыгарып, дос, жакын жана зомбулукка учураган коомчулукка өтө мээримдүү жан эле. Азыркыга чейин курбумдан айрылганыма ишене албай отурам. Мыкты юрист, акын, коомдук ишмер, мээримдүү аял болчу. Мехри эмне максат койсо да ага жете билген ийгиликтүү адам эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жеңиш чокусунда жоголгон альпинист табыла элек

"Учак жок, мамлекет көңүл бурбайт..."

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш, Хан-Теңири, Ленин сыяктуу бийиктиги 7 миң метрден ашкан чокуларда жоголгон альпинисттерди издөө иштери көзөмөлдө болгону менен бул тоолорго тик учак учуруу мүмкүн эмес дейт.

Бийиктиктен кулагандардын сөөгүн жерге түшүрүү алдаканча машакаттуу иш. Себеби, куткаруучулардын тоого чыгышы үчүн климаттык катаал шарттарга көнүп, бир топ күндүк даярдык, адаптациядан өтүшү керек. Альпинисттер чыккан чокуларга чейин бир нече лагерлер бар.

Памир тоо кыркаларындагы Ленин чокусу.

Ар бир лагерге чыккан сайын адамдын климаттык шартка ыңгайлашуусу убакытты алат. Министрликтин басма сөз катчысы Максат Мамбетов куткаруу иштери тууралуу буларга токтолду.

"Чоку абдан бийик, деңиз деңгээлинен 7 миң метр бийик. Ушундан улам тик учак учуруу өтө кооптуу. Бул окуяда альпинисттерди алып келген туристтик фирма, башкача айтканда, "Ак-Сай Тревел" алардын коопсуздугуна жооптуу болуп саналат. Ошентсе да окуяны министрлик өз көзөмөлүнө алды. Ар бир альпинист чокуга чыгардын алдында туристтик компания менен келишим түзөт. Коопсуздугуна кепилдик берилет. Министрликте тоодогу кырсыкка учураган адамдарды куткарууга альпинисттерибиз, шаймандарыбыз жетиштүү. Анткен менен 7 миң метрлик чокуларга чыгып, адамды ыкчам куткаруу өтө татаал. Себеби, биздин кызматкерлер ар бир база, лагерден климаттык шартка ыңгайлашуусу зарыл. Бул убакытты талап кылат".

Нарындагы Борбор Азия университетинин 2020-жылдагы изилдөөсүнө караганда, Кыргызстандагы тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөрдүн 12% Ысык-Көл облусундагы Жеңиш, Хан-Теңири чокуларына чыкса, 9% Памирдеги Ленин чокусуна барат. Туризм менен алектенгендердин өздөрү да чет жактан келгендердин коопсуздугуна байланыштуу бир топ мүчүлүштүк бар экенин танбайт. Бул багытта алар мамлекеттен колдоо күтүп келет.

Batken Travel Service туристтик компаниясынын жетекчиси Жунусбек Каразаковдун айтымында, бийик чокуларга чыгуу зарыл болгон лагерлерде ишкерлер өз күчү менен электр жарыгын тартып, суу чыгарып, жуунган бөлмөлөрүнө чейин шарт түзгөн. Эми мамлекет ошол чокулар жайгашкан тоолорго коруктарды куруп, куткаруу ишин уюштурса болмок деген ойдо:

"Бизде альпинисттерди куткарууга багытталган тик учактар жок. Кокус кырсык болуп калса бир эле фирманын жеке тик учагы бар, ошону баарыбыз жалдайбыз. Болбосо Коргоо министрлигине караштуу эки тик учакты чакырууга туура келет. Тоолуу өлкө болгондон кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн ар бир облуска бирден тик учак алып коюшса сонун болмок. Азыр ӨКМ колдонуп жаткан Ми-6 үлгүсүндөгү тик учак бийик чокуларга уча албайт. Андан көрө алты кишилик еврокаптерлерден алып койсо биз үчүн да жеңил болмок. Балким ижарага алып турсак, мамлекетке да пайдабыз тиймек".

Ленин чокусу.

Кыргызстанда альпинизмди тескеген мыйзам жок

Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусу жайгашкан Непал 2015-жылдан тарта чокуга чыккандар менен аларды тейлегендердин саламаттыгын, коопсуздугун камсыздоо үчүн дарыгерлер менен куткаруучулардын санын көбөйткөн.

The Guadian гезити буга ошол жылы Эверестке чыгып бара жатып, кар көчкү алдында калган альпинисттер менен аларды коштоп жүргөн жергиликтүү атуулдардын өлүмү себеп болгонун жазган. Кыргызстанда бул багытта жүрүп жаткан саясатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу туризм департаментинен сурап, маалымат ала албадык.

Аталган департаменттин мурдагы жетекчиси Максат Дамир уулу Кыргызстанга келип, бийик чокуларга чыккан ар бир альпинисттин коопсуздугун камсыздоого заманбап шарттарды түзүү каражаттын тартыштыгынан улам ишке ашпай келгенин билдирди.

"Эгер үч-төрт миң метрден өйдө чыккан альпинисттерди ала турган болсок, алар кырсыктаса, сөөгү табылбай эле калат. Анткени аларды түшүрүү дээрлик мүмкүн эмес, атайын техникабыз да жок. Биз "туристтин паспорту" деген уюлдук тиркеме иштеп чыгууну ойлогонбуз. Анда турист кырсыкка учураса, баса турган "жардам" кнопкасы да болмок. Бирок оюбуз да ишке ашпай калды. Баары эле каражатка такалат экен. Туризм департаментине бюджеттен бөлүнгөн каражат өтө аз. Ал эч нерсеге жетпейт. Мен жетектеп турганда 2019-жылы бюджет 8 миллион сом эле болчу. Аны департаментте иштегендердин айлыгына да жеткирүү керек эле. Азыр бул сумма канча экенин так билбейм, бирок болжолдуу алганда 6 миллион сомдой болуш керек. Ал эмнеге жетмек эле?".

1994-жылы Кыргызстанда альпинисттик туризм зонасына байланыштуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык Кыргызстандагы чокуларга чыкканы келген ар бир альпинист өз маршрутун милдеттүү каттоого алышы керек эле. 2000-жылдардын башында бул мыйзам жокко чыгарылган. Азыркы тапта бийик чокуларга чыккандарды көзөмөлдөгөн расмий эреже же мыйзамдар жок. Өлкөгө жеке компаниялар аркылуу келген ар бир альпинист өзү каалаган маршрут менен каалагандай жүрө алат.

Ирандык альпинисттер.

Мехри Жафари менен кошо дайынсыз жоголгон ирандык дагы бир альпинист Жеңиш чокусуна “Ак-Сай Тревел” компаниясы аркылуу чыгып бара жаткан. Бул компаниянын өкүлү Тимур Малахунов Кыргызстанга келген альпинисттерден биринчи кезекте өз өлкөсүнөн өмүрүн камсыздоо талап кылынарын айтты.

“Бизге келген альпинисттерге биринчи кезекте өз өлкөсүндө атайын компанияларга кайрылып, өмүрүн камсыздашы керектигин айтабыз. Бул өзгөчө кырдаалда ошол компаниялар менен биргелешип иш алып баруу үчүн керек. 6000 метрден кийин кычкылтек аз болгондуктан адамдын мээси, өпкөсү шишип кетиши мүмкүн. Бул учурда аларды дароо төмөн түшүрүш керек. Мындай учурда биз 6000 метрге куткаруучу отряддарды жиберебиз же ошол жактагы альпинисттер, гиддер аны алып түшүүнүн айласын табат. Бирок альпинизм экстрималдуу спорттун түрү. Дээрлик жыл сайын өлүм катталат, кар же таш басып калган, бийикте жүрөгү токтоп же кулап түшкөн учурлар болуп турат.

Өмүрдү тобокелге салууга эмне себеп?

Менчик туристтик компаниялар 2020-жылдагы карантинден кийин быйыл, 2021-жылы Ленин, Жеңиш, Хан-Теңири сыяктуу Кыргызстандын аймагында жайгашкан чокуларга чыгууга бел байлаган туристтер көбөйгөнүн белгилешет.

Альпинисттердин 40% Орусиядан келсе, быйыл Иран менен Украинадан келгендер арбыган. Германия, Польша, Чехия, Испания, Франция, Англия, Америка, ал тургай Сауд Арабиясынан да келгендер катталган. Оор жолдо аларга кызмат кылган онго жетпеген компания бар.

Ар бир альпинисттин чокуну багындырууга төлөгөн акысы да аз эмес. Маселен, "Ак-Сай Тревел" компаниясынын веб сайтында Хан-Теңири жана Жеңиш чокусуна чыгуунун наркы 3 миң АКШ доллары, Ленин чокусуна 4 миң АКШ долларынан ашык. Ал эми бир ирет чыгып келүүнүн убактысы 36 күндөн башталып, 40 күндөн ашат.

Жолунун катаалдыгына карабай, өмүрдү тобокелге салууга эмне себеп? Бул суроого outdoor.kg порталынын негиздөөчүсү, кыргызстандык альпинист Михаил Даничкин жооп берди.

"Албетте, тоонун өзү эле кооптуу, ар дайым тобокелдикке барууга туура келет. Бирок, тажрыйбалуу альпинисттин негизги максаты - тобокелдикти азайтуу. Анткен менен кырсык тоодо жүрбөсөк деле тооруйт да. Машине менен түз жолдо бара жатып деле өлүмгө учурап калышың мүмкүн. Кырдаал ар дайым өзгөрүп турат. Кээде жол катаал болот, айрым учурда бийик чокуга кыйналбай эле чыгып кете беребиз. Мен чокуларды багынтуу жолуна чыкканда албетте чочулайм. Ичинде чочулоо сезими болгон альпинист өзүн өтө этияттайт. Ал эми өлүмгө учурап жаткандардын көбү дал ушул ичиндеги коркуу сезими жоктор болууда. Ошондуктан бийиктикке чыгарда этият болуу абзел".

Бийиктик - кирешелүү, бирок опурталдуу туризм

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2021-жылы альпинизмге багытталган туризмде жандануу байкалганын жергиликтүү компаниялар ырасташты. Жылына адатта бир чокуга чыгуу үчүн миңдей альпинист Кыргызстанга келет. Аларга кызмат көрсөтүү баалары, шарттары ар башка. Ал тургай альпинисттерге жол көрсөткөн чет элдик адистер да бар.

Касидин Мусаев, оңдо, непалдык "шерп" менен.

2006-жылдан бери альпинизм жана тоо лыжасы тармагында гид болуп иштеген Касидин Мусаев ушул тапта Ленин чокусунда кызмат көрсөтүүдө. Ал альпинизмдеги айрым терминдер, кокус кырсык болсо куткаруудагы кыйынчылыктар тууралуу буларды айтып берди.

"Азыр бизде шерптер (жандоочулар) көп эле, алар менен аралашып эле иштеп жүрөбүз. Кардарлар кааласа чатырын тигип, кааласа жүгүн, кычкылтегин көтөрүп чыгабыз, кааласа кардарларды жетелеп, кааласа түртүп чыгабыз. Баасы ар кандай. Кесипкөй гиддер күнүнө 80-100 долларга чейин алат. Ал эми Ленин чокусуна экспедиция 17 күн. Ошондо бир гид күнүнө 100 доллардан алат. Мындан сырткары “портерлер”, ашпозчулар бар. “Портерлер” 1 кг жүккө 5-6 доллардан алат. “Портерлер” деп жүк көтөргүчтөрдү айтабыз. Биздеги шерптер “силер дагы деле адамдарды 19-кылымдагыдай куткарат экенсиңер. Мисалы, Непалда Эверестке чыккан туристтерди, 7000 метр бийиктикке чейин тик учак алып кетет” деп айтышат. Бирок адам кыйын абалга туш болсо, тоонун чокусуна таштап кете албайбыз да, айласын таап түшүрөбүз”.

КМШ аймагында эң бийик чокулардын үчөө Кыргызстанда (Жеңиш, Ленин, Хан-Теңири), калган экөө Тажикистанда (Сомони, Корженевский) жайгашкан. Адатта бул беш чокуну багынткан альпинисттерге бейрасмий "Ак илбирс" статусу ыйгарылат. Бул наамды алгысы келгендер сапарын адегенде Ленин (Жел-Айдар) чокусунан баштайт.

Кыргызстандагы Альпинисттер федерациясынын маалыматына караганда, пандемияга чейин жылына өлкөгө 15 миңден 18 миңге чейин бийиктикке чыгууну каалаган чет элдик келип турчу. Бирок алардын кеминде үчөө же бешөө аскадан кулап ажал табат.

Кыргызстанда каза болгон жана жоголгон чет элдик альпинисттер

  • 1955-жылы Жеңиш чокусун багындырууга бет алган Казакстан менен Өзбекстандын альпинисттеринен турган топ 6400 метр бийиктикте аязга кабылып, 11 альпинист тоңуп өлгөн.
  • 1959-жылы Жеңиш чокусуна чыгып бара жаткан советтик альпинисттердин үчөө каза болгон.
  • 1960-жылы Жеңиш чокусунан он советтик альпинист көз жумган.
  • 1974-жылы Хан-Теңири чокусуна чыгып бара жаткан беш альпинисттин арканы үзүлүп, бешөө тең мерт болгон. Ушул эле жылы Ленин чокусуна чыккан советтик альпинист аялдардын тобу кулап, сегизи каза болгон.
  • 1984-жылы Жеңиш чокусунда украиналык төрт альпинист ажал тапкан.
  • 1986-жылы Хан-Теңири чокусунда төрт альпинистти көчкү басып калган.
  • 1990-жылы дүйнөлүк альпинизмдин тарыхындагы эң чоң кырсык Кыргызстандагы Ленин чокусунда катталган. 13-июлда базалык лагерге түшкөн кар көчкү мурдагы Советтер Союзунун 43 альпинистин түбөлүк кар алдына көмгөн.
  • 1993-жылы Хан-Теңири чокусуна чыгып бара жаткан орус-британ альпинисттердин тобуна муз урап түшүп, төртөө дароо каза болгон, үчөөнүн сөөгү табылбай, дайынсыз жоголгон.
  • 2004-жылы Хан-Теңири чокусуна чыгууда 11 орусиялык альпинистти кар көчкү басып калган.
  • 2015-жылы Ак-Сай мөңгүсүндөгү Ак-Тоо чокусуна чыгууну көздөгөн испаниялык үч альпинистти көчкү басып калган. Кыргызстандын альпинисттер федерациясы издөө иштерин ишке ашырып, алардын сөөгү табылган. Ушул эле жылы Баткен облусундагы Одесса чокусунан үч альпинисттин арканы үзүлүп, каза тапкан.
  • 2019-жылы Жеңиш чокусунан, казакстандык, орусиялык альпинисттердин тобунан үч альпинистти көчкү басып калып каза болгон, эки альпинист дайынсыз жоголгон.
  • 2021-жылы август айында ирандык бир, британиялык бир альпинист Жеңиш чокусуна чыгууда дайынсыз жоголду. Орусиялык эки альпинист каза тапты.