Ата-эненин математикалык жөндөмү балага берилет
Ата-энеси математиканы “чемичкедей чакса”, балдары да математиканы мыкты билет.
АКШнын Питтсбург университетинин (University of Pittsburgh) окумуштуулары ата-энелердин укум-тукумдарынын жүрүм-турумуна же психологиясына таасир этүүсү боюнча концепциянын алкагында бала-чакасынын математикалык жөндөмүн изилдешкен соң ушундай тыянакка келишти.
“Сандарга болгон интуитивдик сезгичтик милдеттүү түрдө же акыл-эске байланышпай эле ата-энеден балага берилип турганын биздин изилдөөбүз айгинелет, - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири, доцент Мелисса Э. Либертус (Melissa E. Libertus). - Бул, иш жүзүндө, ата-эненин математикалык жөндөмү алардын балдарына берилет дегенди билдирет”.
Либертус айымдын айтымында, сөз болуп жаткан изилдөө ата-энелердин балдарына математика жана сандар боюнча кандай кеңеш беришине, ошондой эле мугалимдердин балдарга сабак беришине олуттуу таасир этиши ыктымал.
Питтсбург университетинин окумуштуулары изилдөөнүн жүрүшүндө башталгыч класстагы балдардын математика боюнча стандарттык тестте алган баалары ушундай экзаменде ата-энеси кандай баа алганына жараша болорун аныкташкан. Мисалы, математикалык эсептөөлөрдө, сандарды мээсинде логикалык эсептөөдө жана маселенин шартын талдоодо баланын жана ата-энесинин ой жүгүртүү ылдамдыгынын ортосунда түз байланыш бар экен. Алсак, бала эсептебей туруп, көлөмүнө жараша 20 буурчак 10 буурчактан көп экенин билиши да ата-энесинин интуитивдик жөндөмүнө ылайык болорун изилдөө көрсөткөн.
Буга чейин кишинин когнитивдик жөндөмү (ойлоо, аңдап түшүнүү, эс тутум, элестетүү, математикалык маселерди чечүү сыяктуу ойлонууга тиешелүү процесстердин өнүгүшү) муундан муунга ген аркылуу берилерин айрым бир изилдөөлөр аныктаган.
Илимпоздордун айтымында, ата-энесинин тестинин натыйжасына таянып, балдардын математикалык жөндөмүн 46-51% ыктымалдуулук менен айтып берсе болот.
Изилдөөгө 5 жаштан 8 жашка чейинки курактагы 54 бала, ошондой эле 30 жана 59 жаштын ортосундагы 46 эне жана беш ата катышкан. Теги боюнча 45 бала европеид, беш бала аргын (ак менен ынды кара), үчөө афроамерикалык жана бирөө азиялык болгон. Бардык ата-энелер мектепти бүтүп, алардын ичинен 46 ата-эне жогорку билимдүү адис экени айтылат.
Бул изилдөөдө АКШда математикалык жөндөмдү аныктоодо кеңири колдонулуп жүргөн "Woodcock-Johnson III Tests of Achievement" тести колдонулган.
Математикалык жөндөмгө байланыштуу береги изилдөө, доцент Либертустун айтышынча, ата-энелердин балдарынын математикалык жөндөмүнө ар кандай жолдор менен таасир этишин түшүнүүдөгү маанилүү кадам болду. Эми окумуштуулар ата-эненин математикалык шык-жөндөмү эмне үчүн балдарына берилгенин изилдешмекчи.
(Булагы: http://www.news.pitt.edu, http://onlinelibrary.wiley.com)
Дүйнөдөгү эң күлүк сериялык автомобиль
"Koenigsegg Agera RS" - дүйнөдөгү эң күлүк автомобиль. Ал 4-ноябрда Невада штатындагы найзадай түз федералдык жолдо күүлөнгөн соң 458 чакырым/саат ылдамдык менен жүрдү. Артка кайра кайтканда катуу шамалга каршы келип, жол өр таяп калгандыктан 436 чакырым/саат ылдамдык менен гана күүлөнө алды. Эки жакты алганда, орточо 447 чакырым/саат ылдамдыкта жүрдү. Рекорддук жолдо суперкөлүктү Никлас Лиля (Niklas Lilja) айдады.
Жарыштарда такай мөрөй бербеген суперкүлүктөрдүн: француздардын "Bugatti" жана америкалыктардын "Henessy" компаниясынын автокөлүктөрүнө таандык мурдагы рекорд жаңырды.
Лас-Вегас шаарынын сыртындагы кан жолдогу мелдеш учурунда, шоссе башка автоунаалар үчүн жабык болду. Натыйжада "Agera RS" жалпы пайдалануудагы жолдо жарышуу боюнча сериялык өндүрүштөн чыккан эң күлүк автомобиль болуп калды. Автомобилдер бир багытта токтобой жүрчү автобанда коюлган бул рекорд 1938-жылдан бери кармалып турган. Сериялык өндүрүштөгү өндүрүм демейде аз гана санда чыгат.
Koenigsegg Agera RS автомобилинин баасы 1 978 800 доллар.
2010-жылы "Bugatti Veyron Super Sport" ылдамдыгын саатына 431 чакырымга чейин жеткирген. 2013-жылы "Bugatti Veyron 16.4 Grand Sport Vitesse" 431.072 чакырым/саат ылдамдыкта жүргөн. Октябрдын башында "Koenigsegg Agera RS" автокүлүгү бир нече апта мурда "Bugatti Chiron" суперавтомобили (кубаты 1360 ат күчүнө барабар же 1,014-kW) койгон 400 чакырым/сааттык рекордду жаңырткан.
"Bugatti" бир жол менен барып келүүдө 2010-жылы дүйнөлүк рекорд койгону менен ал дүйнөдөгү эң ылдам сериялык өндүрүштөн чыккан автомобиль эмес болчу. Автокөлүк сериялык өндүрүшкө коюлса гана, аны кардарлар сатып ала алышат. Сериялык автомобилдердин ичинен бир тарапка жарышуу боюнча "Hennessey" компаниясынын "Venom GT" супер автосу дүйнөдө теңдеши жок күлүк болчу. Ал 2014-жылы АКШнын Кеннеди атындагы Космостук борборундагы жарышта 435 чакырым/саат ылдамдыкта жүргөн. Алдагы эки рекорд тең азыр "Koenigsegg" компаниясына таандык. Бирок "Hennessey" ал жаңы чыгарган кубаты 1600 ат күчүнө барабар "Venom F5" суперавтосу 482 чакырым/саат ылдамдыкта жүрөрүн алдын-ала эскертти.
(Булагы: https://newatlas.com, http://ftw.usatoday.com)
Кытай көп жолу пайдаланса боло турган “космостук кеме“ курат
Кытайдын Космос боюнча илимий-техникалык корпорациясынын кызматкери Чен Хонгбо (Chen Hongbo, CASIC) маалымдаганына караганда, көп жолу пайдаланса болчу “космостук учак“ 2020-жылы Аалам койнуна учурулат деп мерчемделүүдө.
Космостук кеме Жерден кадимки ракетадай эмес, жөнөкөй учак сыяктуу тасма жол менен жүгүрүп барып көтөрүлүп учуп кетет. Өз вазийпасын аткарып Жерге кайтып келгенде да атайын космодромго же аэродромго учактай эле ылдыйлап келип конот. Мындай космостук кеме, Чен Хонгбо билдиргендей, Жерден орбитага зарыл жүктөрдү, анын ичинде космонавттарды тез-тез жана арзан учуруп турууга шарт түзөт.
“Кытайда ушу чакта көп жолу пайдаланылчу космостук кемелерге байланыштуу бир нече долбоор иш үстүндө. “Космостук учактардын” долбоору бар, "SpaceX" компаниясынын ракеталары сыңары ордунан тик көтөрүлүп учуучу жана конуучу ракеталардын да долбоору бар. Эң башкысы, кийинки долбоорго тиешелүү моторлор жана башка маанилүү компоненттер сыноодон өттү...“- деп билдирген быйыл июнь айында Кытайдын Космос боюнча илимий-техникалык корпорациясынын орун басар мүдүрү Ли Шикуэн (Liu Shiquan).
АКШнын көп жолу пайдаланылчу космостук кемеси, мурдагы СССРдин “Бураны”, ошондой эле АКШ куралдуу күчтөрүнүн эксперименталдык орбиталдык "Boeing X-37B" учагы космоско ракетага чиркештирилип чыгарылат.
Мындай көп жолу пайдаланууга жарачу космостук кемени жасоо аэрокосмос программасында орчун ийгиликтерге жетишкен Кытай үчүн абдан маанилүү. Себеби космостук өндүрүштө ал негизинен Орусия менен АКШнын кемелеринин технологиясын пайдаланып жүрөт.
Американын жеке менчик компаниялары акыркы он жылда аэродромдон учуп-кончу космостук учактарды жасаганга жакшы эле аракет кылышууда. Бирок алар суборбиталдык каттамдарды аткарууга көп маани беришүүдө. Ал эми орбитага жетчү космостук кемени учурууга суборбиталдык учактарга караганда алда канча көп энергия керек болот.
Кытайлыктар ишке ашырууга бел байлагандай космостук кемени курганга АКШнын аэрокосмостук агенттиги НАСА 1970-жылдары эле аракет кылган. Бирок орбитадан Жерге кайтып келгенден кийин космостук кемени жана анын моторун кеңири ремонттон өткөрүү зарыл болгондон улам “жакшы мүдөө” аягына чыкпай ара калган.
(Булагы: http://www.spacedaily.com, https://arstechnica.com)
Арак кишинин мээ клеткаларын өлтүрөт
Алкогол кишинин тирүү нерв клеткаларын өлтүргөнү аз келгенсип, жаңы клеткалардын жаралышын басаңдатат. Бул өзгөчө аялдарга тиешелүү. Анткени, баш мээнин клеткалары жаңы нерв клеткаларын жараткандыктан, алкогол ченеми менен ичилгенине карабай, мээнин иштешине тескери таасир этерин ондогон изилдөөлөр тастыктаган.
Техас университетинин медицина факультетинин (The University of Texas Medical Branch at Galveston) окумуштуулары жарыялаган изилдөө алкоголду узак убакыт ашыкча ичүү рак оорусунун жети түрүн өнүктүрөрүн да көрсөткөн. Атап айтканда, мындай өнөкөт ооз, кекиртек, көкүрөкрагын жана колоректалдык ракты (жоон жана түз ичеги рагы) өнүктүрөт.
Мурда окумуштуулар жетилген курактагы мээдеги нерв клеткалары наристе кезде калыптанат деп боолголошчу жана алкогол зыян кылган баш мээни дарылоонун эң мыкты жолу - калган клеткаларды коргоо деп эсептешчү.
Профессор Пиң Ву (Ping Wu) баштаган илимпоздордун изилдөөсү болсо кишинин мээси өзөктүк клетканы жаратарын, бул өзөктүк клеткалар жаңы нерв клеткаларын пайда кыларын, алкогол ичимдиги бул жараяндын жүрүшүн жайлатарын аныкташты.
Доктор Ву жана анын коллегалары мээнин өзөктүк клеткасын белгилеп алып, алар убакыт менен кошо кантип көчөрүнө жана нерв клеткалары бара-бара кантип өнүккөнүнө байкоо жүргүзүшкөн. Бул узак убакыт бою алкогол ичүү клеткага кандай таасир эткенин изилдегенге мүмкүнчүлүк берет. Эркектердин мээсине салыштырмалуу аялдардын мээси оор мас болгон жана жаңы клеткалар пайда болчу субвентрикулярдык зонадагы өзөктүк клеткалары мурдагыдан бир кыйла азайган.
Чогултулган маалыматтар алкоголду кайра ичкенде мээнин бөлүктөрүнө анын таасири ар башка болорун, алкоголго мээсинин жаңы клеткаларды жаратчу эки облусу өзгөчө сезимтал экенин айкындады.
Илимпоздор алкогол менен мээнин өзөктүк клеткаларынын карым-катнашын дагы терең изилдешмекчи. Бул алкоголизмди же аракечтерди натыйжалуу дарылоого жол ачат.
Соңку маалымат боюнча, АКШда арак-шарап ичүү күчөп баратат жана америкалыктардын 73% алкоголдук ичимдик ичет.
Башка изилдөөлөр күнүнө 12% алкоголу бар бир фужер (140 миллилитр) шарап ичкен кишиде жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумуу коркунучу аз болорун көрсөткөн.
(Булагы: https://eurekalert.org, http://www.cell.com http://www.dailymail.co.uk)