Алай: 3000 метр бийиктиктеги үй музей

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алай районунун Сары-Могол айылында жарым кылым мурда курулган үй музей бар. Өткөн жылы расмий ачылып иштей баштаган жай учурда туристер жок ээнсиреп турат. Үйдү жергиликтүү тургун Ташкул Урустамов 1962-жылы курган. Анын келининин демилгеси менен түптөлгөн үй музейде Ташкул Урустамовдун колдонгон буюм-тайымдары жана жергиликтүү тургундардан чогулган да буюмдар бар.