Былтыр күз айында эски мектептин дубалдары урап түшкөндө окуучулар маданият үйүнө чыгарылган. Жалал-Абад облусунда азыр 36 мектеп жараксыз абалда окуучуларды кабыл алууда.
Ала-Бука районунун 1-май айыл айыл аймагына караштуу Ажек айылындагы №20 Ажек орто мектебинин 200дөй окуучусу январь айынан тартып чатырларда окуп жаткан. Бул маалымат 31-январда «Азаттыкка» чыгар замат Билим берүү жана илим министрлиги бул мектептин окуу программасына өзгөртүү киргизүү менен окуучуларды кайрадан маданият үйүнүн имаратына киргизди. Район акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева буларга токтолду:
- 1-февралда райондук комиссия аталган мектепке барып, жеринен таанышып келдик. Чатырдагы балдарды маданият үйүнүн бош бөлмөлөрүнө жана мугалимдердин усулдук кеңсесине киргиздик. Ал эми мугалимдер чатырга көчүрүлдү. Бирок балдар кошумча сабактарын кайра эле чатырларда окууга мажбур болушат. Быйыл биринчи кезекте өкмөт Ажек мектебин каржылоого өткөрүш керек. Эгер курулушу башталбай калса, анда «Балдарды кайсыл жакка барып окутабыз?» деген маселе келип чыгат.
Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан 1-май айыл аймагынын Ажек айылында үч миңден ашык адам жашайт. Мектеп имараты 1959-жылы курулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарган. Бирок имараттын тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жатат. Айыл тургуну Жапар Үсөнов балдары үчүн кооптонуп жатканын айтты:
- Ар бир ата-эне балдары үчүн кооптонуп жатат. «Мектепке жөнөтпөйбүз» деген да сөздөр болууда. 300 окуучу азыр мурунку кооптуу деп саналган имаратта окуп жатат. Кокустан балдарды басып калса ким жооп берет? Чатырдагы балдарды маданият үйүнө киргизип коюшуптур. Күн жылыганда кайра эле чатырларга көчүшөт экен. Кайсы убакка чейин ушундай абалда болот? Маселени район акимине жана билим берүү бөлүмүнө айтканыбыз менен чечилген жери жок. Карапайым калктын үнү жогорку бийликке жетпейт экен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өткөн айда балдар билим алып жаткан маданият үйүнүн алдына үч чатыр тигип, жергиликтүү бийлик ичин жылуулаткан. 1-май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев Ажек айылына жаңы мектеп салуу тууралуу элеттиктердин маселеси азырынча карала элек экенин жашырган жок:
- Эки корпустан турган мектептин бири жараксыз болуп калып, андагы окуучуларды маданият үйүнө жана чатырларга чыгарганбыз. Акыркы беш жылдан бери авариялык мектеп катары жыл сайын өкмөткө сунушталганы менен жаңы мектеп куруу маселеси ишке ашпай келет. «Быйыл титулдук тизмеге кирет» деп жатышат. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык керектүү документтер жана жер тилкеси боюнча толук маалыматтар берилген. Бирок азырынча андан жыйынтык жок. Жогорку кызматтарда иштеген таанышы бар айылдарда көп зарылчылык болбосо да, мектеп курулушу башталып жатат.
Жалал-Абад облусунун аймагында 460 мектептин 36сы азыр авариялык абалда. Бирок ӨКМдин бүтүмүнө карабай 1200 окуучу ал имараттарда билим алып жатат. Облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов жыл сайын жараксыз мектептер азайып баратканын билдирди:
- 2018-жылдын акырына чейин 9 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Быйыл титулдук баракчага жаңы мектеп салуу боюнча 14 объект киргизилди. Алардын арасында Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы жана Ала-Буканын Ажек айылындагы мектептер бар. Эми ал маселени Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик карап чыгат. Быйыл алты мектептин курулушу башталып калса жакшы иш.
Былтыр сентябрь айында Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы башталгыч класстардын 300дөй окуучусу боз үйлөрдө билим алып жаткан. Мектептин жаңы имараты 2010-жылы 120 орундуу болуп курулуп, бирок 600дөн ашык окуучуга тартыш болуп калган. Эки айдан соң боз үйдөгү окуучулар мектепке киргизилип, үч нөөмөт менен окуп жатышат.
Облус аймагында беш мектептин курулушу бир топ жылдардан бери бүтпөй келет. Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы 540 орундуу мектептин курулушу 1989-жылы башталып, азыр да аягына чыга элек.