Ала-Бука: алаканы чектеген чек ара

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусунун бир канча району менен чектешет. Жолдун бир бетинде кыргызстандыктар, аркы жагында өзбекстандыктар жашаган жерлер бар. Бирок алар чек арадагы чектөөдөн улам бири-бири менен эркин катташа албайт. Жакын жайгашкан аймактардын убактысы да эки башка.