Акыйткатчы институту тажик күч органдары кармап кеткен Баткендин Лейлек районунун эки тургунун алып келүү тууралуу Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеме тараткан маалыматта бул жарандарга байланыштуу алардын жакындары кайрылганы, тажик абактарында кармалып турушу кооптуу экенинин айтып арызданышканы айтылат.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун эки тургуну былтыр сентябрда кармалып, “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып коюлган. Сот алардын бирөөсүн 12, ал эми экинчисин эки жылга эркинен ажыраткан.
Өткөн аптанын аягында тажик түрмөсүндө жаткан бир кыргызстандык жаран каза болгон. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген айып менен былтыр апрелде кармалып, эки жылга кесилгени айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта Тажикстанда 10 кыргыз жараны кармалып турат.
Ноябрда расмий Дүйшөмбү “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон. Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки киши кое берилген.
Дагы караңыз
Такталбаган чек ара, тажик абагында тооруган ажалДача СУдагы каргашага беш жыл толду "Исхак Раззаков Кыргызстанга бир эле жолу келген" Бажы кызматынын башчысы кармалды