Көчмөн турмушун өнөрү менен көрсөткөн Акылбек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Супара” этнокомплексиндеги музейде жаш кол өнөрчү Акылбек Каныбек уулунун миниатюралык композициялары коюлган. Алар "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деп аталган үч бөлүктөн туруп, жалпысынан 700гө жакын экспонатты камтып турат. Экспонаттардын көлөмү колдун манжасындай болгону менен, бир топ түйшүктүү эмгекти талап кылат.