Аксы: чек ара зымы айыл тургундарын санааркатты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылына жакын жердеги чек ара тилкесине Өзбекстан зым тарта баштады. Жергиликтүү эл чек ара сызыгы айылдын ичине чейин кирип келди деп арызданып жатат. Өзбек чек арачылары чек ара мамыларын орнотуп, зым менен чек ара тилкесин тосуп жатканы тууралуу ноябрдын акырында белгилүү болгон. Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан чек арадагы такталган жерди тосуп жатканын айтууда.