Уэллс: АКШ Борбор Азиянын кызматташуусун каалайт

Элис Уэллс, Дүйшөмбү. 2019-жыл.

Тажикстанда эки күндүк иш сапары менен болгон АКШнын дипломаты Элис Уэллс Борбор Азия өлкөлөрүн өз ара кызматташтыкка үндөп, Вашингтон мындай алакага кызыкчылыгы бар экенин белгиледи.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Дүйшөмбүдөгү иш сапарында Вашингтон чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөөгө, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өрчүтүүгө кызыкчылыгы бар экенин айтты.

Мындан бир ай мурда АКШнын мамлекеттик департаменти Вашингтон Борбор Азиядагы өлкөлөр менен дипломатиялык алака-катнашын кеңейтип жатканын билдирген.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматына курган маегинде дипломат Элис Уэллс мындай кызматташтык үчүн «көбүрөөк мүмкүнчүлүк» түзүлгөнүн белгилеген.

Биз кээ бир мамлекет же уюмдардын Тажикстандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратышына тынчсызданып турабыз. Биз түшүнүксүз экономикалык долбоорлор менен айлана-чөйрөнү коргоону эске албаган долбоорлорго каршыбыз.
Элис Уэллс.


- C5+1 форматында аймактык кызматташтык үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм. Борбор Азиядагы өз ара жана АКШ менен кызматташтык тууралуу айтып жатам. Бир эле мисал, Өзбекстандын башына Шавкат Мирзиёев келип, чек аралар ачылып, аймактагы мамлекеттердин интеграциясына мүмкүнчүлүк түзүлдү. C5+1 форматында биз экономикалык долбоорлорду да талкуулап жатабыз. Терроризм менен күрөшкө байланыштуу маселелер, анын ичинде мурдагы согушкерлерди мекенге кайтаруу маселеси каралып жатат. Тажикстан C5+1 форматында коопсуздук боюнча жумушчу топту жетектеп турат. Биз Ооганстандагы кырдаалды да карай алабыз. Борбор Азия өлкөлөрүн «же ал жакка, же бул жакка» деген тандоого такабайбыз. Кошмо Штаттары мамлекеттердин башка эл аралык жана аймактык биримдик же союздарга катышуусуна каршы эмес. Бирок биз кээ бир мамлекет же уюмдардын Тажикстандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратышына тынчсызданып турабыз. Биз түшүнүксүз экономикалык долбоорлор менен айлана-чөйрөнү коргоону эске албаган долбоорлорго каршыбыз. АКШ Тажикстанга ишенимдүү, кирешелүү узак мөөнөттүү долбоорлорду сунуш кыла алат деп эсептейбиз.

Дагы караңыз Бишкек көп багыттуу дипломатияга ыктайт

Вашингтондун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгышта согушкан жарандарын артка кайтарып жаткан кезде «терроризмге каршы күрөш» сыяктуу орток көйгөйлөр турганына токтолуп, Вашингтон коопсуздук маселесинде көмөк көрсөтө берерин кошумчалаган.

- Биз Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшө беребиз. Ооганстанды Тажикстанга же АКШга, же өнөктөштөрүбүзгө каршы терроризмдин айдыңы катары колдонууга каршыбыз, - деди Уэллс.

Мындан тышкары америкалык дипломат Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы коңшулардын энергетика тармагындагы байланыштарын кеңейтип, электр энергиясын башка өлкөлөргө экспорттоо демилгелерин колдой турганын, жалпы чөлкөмдүн өнүгүшүнө таасир эте турган CASA-1000 сыяктуу долбоолордун ишке ашырылышына кызыкчылыгы бар экенин кошумчалай кеткен.

Дагы караңыз CASA-1000: ишке ашпай жаткан дымак

Вашингтондун мындай аракеттери Кытай аймактагы саясий жана экономикалык таасирин күчөтүп жаткан кезде жүрүп жатат.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы Бээжиндин бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүн Шинжаңдан качып, башпаанек сураган жарандарын чыгарып берүүгө көндүрүп жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Мындан тышкары Тажикстанда «Озоди» радиосунун журналисттери аккредитация ала албай жатканына байланыштуу Элис Уэллс бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун айтып, бул маселенин жакын арада чечилишине үмүт артты.

- Көз каранды эмес маалымат каражаттары өлкөлөрдүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. АКШ алардын ролун жогору баалайт. Быйыл парламенттик жана президенттик шайлоо өтө турган Тажикстанда ачык жана эркин талкуулар сөзсүз болушу керек, - деп кошумчалады Уэллс.

Былтыр октябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын 11 журналистинин ичинен жетөөнүн гана аккредитациясын үч айдан алты айга чейин узарткан.

Өлкөдөгү мыйзамдарга ылайык уруксат кагазынын жоктугунан улам радионун башка журналисттерине иштөөгө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​