АКШ санкция салган Токмоктогу компаниянын таржымалы

Коллаж

Америка Кошмо Штаттарынын бийлиги “Орусиянын аскердик-коргонуу комплексине колдоо көрсөткөнү үчүн” деп Кыргызстандагы “Тро, Я” аттуу компанияны санкциялык тизмеге киргизди.

Бул орусиялык армия Украинага кол салгандан берки Орусия менен Беларустун аймагынан тышкары алгачкы санкциялык чаралар жана чет элдик компаниялардын бири болуп турат. Европадан алып келип, Орусияга ири көлөмдөгү товарларды реэкспорт кылган “Тро, Я” компаниясы кандай ишкана жана анын таржымалы кандай?

Дагы караңыз Батыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын Соода министрлигинин Өндүрүш жана коопсуздук бюросунун 22-майда жарыяланган документинде 69 орусиялык, бир армениялык жана бир кыргызстандык компания санкциялык тизмеге киргизилгени жазылган.

Анда АКШдагы бир катар мекемелердин өкүлдөрүнөн турган Акыркы колдонуучуларды текшерүү комитети “Орусияга киргизилген экспорттук чектөөлөргө туш болгон нерселердин/товарлардын багытын буруу тобокелдигин жаратканы үчүн” кыргызстандык “Тро, Я” компаниясын тизмеге киргизүү чечимин кабыл алганы белгиленген.

"Тро, Я" ким жана эмне сатат?

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматтарга караганда, “Тро, Я” жоопкерчилиги чектелген коому алгачкы жолу 2012-жылы түзүлгөн. Катталгандагы ишмердигинин багыты "юридикалык кеп-кеңештерди берүү" деп жазылганы менен учурда таптакыр башка багытта - эл аралык соода, экспорт-импорт менен алектенет.

Компания 2018-жылы кайра каттоодон өтүп, үч өнөктөшү чыгып кеткен жана Хилоу Насер Ихсарович жеке ээлик кылып калган.

"Тро, Я" компаниясынын веб-сайты

Компаниянын интернетте визитка-сайты бар. Анда мындай деп жазылган:

"Тро, Я" ар түрдүү тармактар жана техникалык чечимдер үчүн электрондук жабдууларды жеткирүүчү компания болуп саналат. Биздин компетенция электрондук компоненттерди, өнөр жай автоматташтырууну, навигациялык жабдууларды, телекоммуникация жана башка акыркы өнүмдөр үчүн компоненттерди камтыйт. Башкы кеңсебиз Кыргыз Республикасынын Токмок шаарында жайгашкан. Компаниянын Кыргыз Республикасында кѳптѳгѳн өнөктѳштөрү бар, анткени, биз расмий дистрибьюторлордон жана электрондук компонеттерди өндүрүүчүлөрдөн OEM Electronic & Semiconductor үчүн мыкты тандообуз".

Сайттагы маалыматка ылайык, компания электрондук компоненттерди, телекоммуникациялык жабдууларды, өнөр жайды автоматташтыруу жана робототехникалык жабдууларды жеткирүү менен алектенген. Товарды өндүрүүчүлөрдөн түз алып, алардын кепилдиги менен камсыздары да жазылган.

Товарлардын тизмесинин көпчүлүк бөлүгүн эл аралык санкциялык тизмеге кирген жана согуштук максатта колдонулат деп эсептелген электрондук жабдуу жана тетиктер түзөт.

Сайттагы прайс-листке караганда, товарларды негизинен АКШдагы, Улуу Британиядагы, Нидерландыдагы, Кытайдагы, Сингапурдагы, Жапониядагы жана Түштүк Кореядагы электрондук товарлар менен жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүчү бренд компаниялардан сатып келет. Маселен, алардын ичинде Texas Instruments, NXP Semiconductors, Murata Manufacturing Co., Analog Devices, Microchip Technology Inc., Vishay Intertechnology, XP Power өңдүү ири завод-фабрикалар бар.

Эл аралык экспорт-импорттук операцияларды мониторинг кылган ImportGenius порталындагы маалыматтарга ылайык, “Тро, Я” компаниясы 2022-жылдын август айында Санкт-Петербургдагы “Океан электроники” фирмасына эки жолу жүк жеткирип берген. Жүк негизинен электрдик конденсаторлор менен резисторлордон турган. Бул товарлар Орусияга сатууга тыюу салынган санкциялык тизмеге кирген. Компаниянын Орусияга карата андан башка экспорт-импорттук операциялары тууралуу маалымат жок.

"Тро, Я" компаниясынын Орусияга экспорту

"Ачык бюджет" порталындагы маалыматтарга караганда, «Тро, Я» компаниясынын иши 2022-жылдан баштап катуу жүрүшө баштаган. Түзүлгөндөн берки 11 жылда мамлекетке 6647 сом төлөгөн болсо, 2022-жылы эле 3,7 млн. сомго чукул каражат төккөн. Ал эми 2023-жылдын башынан бери төккөн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрү 10 млн. сомго чукулдады. Анын ичинен 9 млн. 55 миң сому кошумча нарк салыгы катары төлөнгөн. Компаниянын жүктөрү негизинен учак жана поезд менен келген.

Ошону менен катар, Салык кызматы 2023-жылдын 1-апрелинде компанияны ири суммада салыктык карызы бар ишканалардын тизмесине киргизген.

"Тро, Я" кайда?

АКШнын реестри боюнча, “Тро, Я” компаниясынын жайгашкан жери катары эки дарек көрсөтүлгөн. Анын бири каттоодон өткөндөгү юридикалык дареги болсо, экинчиси Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү 105/1 дарегиндеги көп кабаттуу имарат. Кеңселерди ижарага берген ал бизнес-борбордун күзөт кызматы имаратта “Тро, Я” аттуу фирма мурда-кийин жайгашпаганын билдиришти.

Компаниянын юридикалык дареги катары Токмок шаарындагы Төмөнкү Луговая көчөсүнүн 217-дареги көрсөтүлгөн. Расмий сайтында да "башкы кеңсебиз Токмок шаарында жайгашкан" деп белгиленген.

Арийне, ал дарекке барып жөнөкөй жеке турак жай жайгашканын көрдүк, Насер Хилоу же анын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолуга алган жокпуз. Дарбазасы бек, телефон номери өчүк болуп чыкты. Ал эми үйдүн айлана-тегерегинде жумуш кайнаган кыймыл-аракетти байкай алган жокпуз. Үйдө Насер Хилоу үй-бүлөсү менен жашарын кошуналары ырастап, соода ишканасына мүнөздүү белгилер байкалбаганын айтып беришти.

Компаниянын сайтта көрсөтүлгөн дареги. Токмок шаары.

“Кымбат баалуу жеңил унаалар кирип-чыкканын көрүп калабыз. Оор жүк ташуучу унаалардын келип-кеткени байкалбайт. Биз, коңшулар аны менен мамиле деле кылбайбыз. Кээде жеңил унаалар чогулуп калганын көрөм. Мүмкүн түн ичинде кирип-чыгышабы, билбейм, күндүзү эч нерсе байкаган жокмун. Хилоу деген фамилиядагы тууганы Атамбаевдин учурунда Башкы прокуратурада иштечү, азыр билбейм кайда экенин”, - деди коңшуларынын бири.

Ал эми ошол аймактагы кварталдык комитеттин башчысы Лена аттуу айым Төмөнкү Луговая, 217 дарегинде ири компания жайгашканын мурда-кийин укпаганын билдирди.

“Оор жүк ташуучу унаалар келсе, Насердин үйүнүн ары жагындагы балык чарбасына келиши мүмкүн. Анын үйүндө кандайдыр бир компания иштерин биринчи жолу угуп жатам. Өзү кандай ишмердик менен алектенерине кызыгып көргөн эмесмин. Мен билгенден, мурда пияз, сарымсак өстүрчү, бажыда иштейт деп да айтып калчу, мен ал жагына киришпейм”.

Кыргызстан Кремлдин керектөөсүнө ортомчу

Кыргызстандын бийлиги кыргыз компаниясына салынган чаралар жана санкциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу кандайдыр бир билдирүү жасоодон карманып турат.

"Тро, Янын" сайтында "компаниянын Кыргызстанда көптөгөн өнөктөштөрү бар" экендиги жазылган. Бирок, биз сурамжылаган ишканалар менен бизнес-ассоциациялар мындай фирманы алгачкы жолу угуп жатышканын билдиришти.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Европадан Кыргызстанга деп жөнөтүлгөн жүктүн бир бөлүгү орто жолдо Орусияга түшүп калуу ыктымалдыгы көп экенин айтты:

"Өткөн айда биздин эле кыргыздар "Финляндиядан бизге экспорт сегиз эсе көбөйүп кетиптир" деп жазып чыгышты. Чынында Финляндиядан бизге эч нерсе келбейт да. Анда дагы тактай келиптир. Бул жерде Орусия турса, Сибирь жакын болсо, тактайлар ушул жактан эле келмек да. Финляндиядан Орусияга келген, бирок аны Кыргызстанга каттап коюшкан да. Сегиз эсе көбөйгүдөй бизде эмерек фабрикалары күтүрөп иштеген жок. Баягы даңазалуу "Троя салгылашуусу", "Троян аты" деген бар да. Андан башка "Трояны" билбейт экем. Азыр эми күндөн-күнгө аткезчиликтин ыкмалары көбөйүп, өнүгүп баратпайбы. Ошондой ыкмаларды колдонушат да. Бирок, ортодо ортомчу бар, бажычылар айткандай "мондерлор". Баары үчүн ортомчулар берип коёт. Байкасаңар, Бишкекте топтолмо жайларда турган автоунаалардын көбү жок болуп калды. Анын баары Орусияга кетип, ошол жакта иштеп жатышат. Алар Кыргызстандын автоунаасы катары Польшанын чек арасына өтө алат, өтүп туруп кайра келатканда Кыргызстанга деп жүк алып келип, жолдон Орусияга түшүрүп коюшу ыктымал".

Чындыгында, 2022-жылдын 2-кварталынан бери Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын соода алакасы болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Сооданын басымдуу бөлүгүн Батыштан жөнөтүлгөн экспорт түзөт. Европа Биримдигинин статистикалык мекемесинин маалыматтарына караганда, 2022-жылы Литва, Германия, Польша, Италия жана Нидерланды мамлекеттеринин Кыргызстанга жөнөткөн экспортунун көлөмү үч эседен 10 эсеге чейин көбөйгөн. Евростаттын эсептери Европа өлкөлөрүнүн статистикалык мекемелеринин маалыматтарынын негизинде түзүлөт.

Ал эми Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары 2022-жылы Кыргызстандын Германия, Литва, Франция, Италия, Польша, Улуу Британия өңдүү Батыш өкөлөрүнөн импорту 1,5 эседен үч эсеге чейин өскөнүн көрсөтөт. Ушундай эле тенденция 2023-жылдын алгачкы кварталында да уланууда. Эки мекеменин статистикалык маалыматтарын салыштырып караганда, ортодо беш эсеге чейин айырма бар экени маалым болот. Мындай чоң айырмачылыктын түпкү себептери азырынча белгисиз.

Ошол эле маалда, Кыргызстандан Орусияга кеткен экспорттун агымы да 2,5 эсеге өсүп, анын өзөгүн жеңил өнөр жай жана айыл чарба өндүрүмдөрүнөн тышкары, аскердик жабдууларга керектелүүчү электрондук товарлардын да реэкспорту түзөрү белгиленип келет.

Статистикалык маалыматтардан көрүнгөндөй, согуштук аракеттерге керектелүүчү электрондук товарлардын өнүккөн өлкөлөрдөн импорту жана Орусияга карай экспорту он эселеп өсүүдө.

Экономикалык серепчи Элдар Абакиров кыргыз бийлиги санкциялардын Борбор Азияны аралаган алгачкы эпкинине карата адекваттуу чараларды көрүшү зарыл деген пикирин билдирди.

"Бул жерде эки жагдай болушу мүмкүн. Биринчисинде, чындыгында бирөөлөр атайылап согушка керектүү товарларды сатып атышат. Экинчиси, арасында жөнөкөй эле турмуш-тиричилик товарлары бар да, ошол эле кир жуугуч машиналары, муздаткычтар болушу мүмкүн. Алардын ар кандай электросхемаларын танкага чейин колдонсо болот экен деп атышат. Бул атайылап эмес, мүмкүн мурунтан эле кир жуугуч машиналарды сатып жүрүп, жөн гана автоматтык түрдө санкцияларга илинип калышы мүмкүн. Ушундай тобокелдиктер дагы бар. Бул түздөн-түз согушка керектелүүчү товарларга байланыштуу санкциялар да. Эгер алдыда ушуга окшогон дагы бир нерселер байкалса, албетте, бул компаниянын («Тро, Я» компаниясынын – ред.) үстүнө дагы башкалары кошула берет. Кыргыз бийлиги ушуга окшогон товарларды биз аркылуу өткөрбөө аракетин көрүп, көзөмөлдү киргизиши зарыл. Эгер каалоо болсо, Бажы кызматы муну оңой эле көзөмөлдөй алат".

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ менен Европа өлкөлөрү баштаган эл аралык коомчулук Орусияга жапырт санкцияларды салган. Санкциялар бир нече этаптан туруп, жеке компаниялар менен аскердик жабдууларга керектелүүчү товарларга чейин камтылган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде өзгөчө Кыргызстан менен Казакстан параллелдүү импорт механизм аркылуу Орусияга кол кабыш кылып жатканы тууралуу маалыматтар маал-маалы менен жарыяланып келет. Жыл башынан бери Европа менен АКШдан чабармандар кайра-кайра келип, кыргыз бийлигине санкциялык тобокелдиктер тууралуу эскертип кетишкен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

О’Салливан: Орусияга салынган санкция узакка созулат