- АКШнын президенти Жо Байден ант берип, кызматка расмий киришти. Байдендин бийлигинен Кошмо Штаттардагы кыргыздар эмнени күтүп жатат?
- Бул жолку инаугурация мурдагылардан өзгөчө өттү. Буга биринчиден коронавирус пандемиясы, экинчиден, шайлоодон кийинки талаш-тартыштар түрткү болду. Мурда инаугурацияга эки жүз миңдей адам топтолуп, күбө болушчу эле. Бул жолу үч миңдей эле адам чакыртылды. Биз түз ободо көрдүк.
Ушул мамлекетте жашап, суусун ичип жаткандан кийин бул жактагы окуялар бизди дагы көңүлкош калтырбайт. 6-январда Капитолийдин алдында болгон окуялардан кийин бийлик тынч алмашып, эч кандай ызы-чуу чыкпаса экен деп тилеп отурдук. Кудай жалгап, андай эч нерсе болгон жок. Коопсуздукту Вашингтондун өзүндө эле 25 миңдей аскер камсыздап турду.
Америка дагы бир жолу дүйнөгө өзүнүн өрнөгүн көрсөтө алды. Кандай гана талаш-тартыш, түшүнбөстүк болбосун баары убагында, өз нугунда өттү. Анын үстүнө вице-президенттикке бир кездеги мигранттардын кызы Камала Харристин келиши дагы сүйүндүрдү, биздин балдар дагы ушундай жогорку даражалуу кызматка жете алат экен турбайбы деген үмүт жаратты.
Байден ар кандай улуттун өкүлдөрүнөн турган команда түзөрү күтүлүп жатат. Мындай курам менен алар баарына тегиз карап, башкача, мыкты форматта иштейт деген үмүт бар.
- Былтыр жыл башында Трамп бир катар мусулман мамлекеттерин, анын ичинде Кыргызстанды да «кара тизмеге» киргизген. Байден дал ошол буйрукту жокко чыгарды. Бул кабар силерди сүйүндүрсө керек?
- Албетте, сүйүндүрүп жатат. Биометрикалык паспорттордун шылтоосу менен биз да бул “кара тизмеге” кирип калганбыз. Мен билгенден бир жыл аралыгында кыргызстандык дипломаттар, анын ичинде бул жактагы элчилик, өкмөт маселени жоюу үчүн бир катар аракеттерди көрдү. Трамптын буйругу грин-карта утуп алган мекендештерибизге, бул жактан бизге деле жакындарыбызды чакырууга тоскоолдук жараткан. Ошол себептүү Байдендин чектөөлөрдү жокко чыгарганы, бир эле кыргызстандыктарга эмес, башка мусулман мамлекеттерине дагы жакшы болот эле.
Дагы караңыз АКШ Кыргызстанга киргизген чектөөнү жойду- Байден кызматка киришери менен коронавирус пандемиясына каршы жигердүү күрөшүүгө, апааттын аякташын тездетүүгө убада берип келет. Америкадагы кыргызстандыктар бул жаатта бийликтен кандай колдоого ээ болду жана эмнени күтөсүңөр?
- Пандемия башталгандан бери эле Америка бийлиги салык төлөөчүлөрдүн баарына колдоо көрсөтүп келет. Жеке биздин үй-бүлөнү алсак, эки жолу ар бир адам 600 доллардан жөлөк пул алды. Башкаларга дагы тапкан кирешесине жараша бөлүндү. Ишсиз калгандарга да өзүнчө төлөп берилди. Мындан ары да колдоолор күтүлүп жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп жатабыз. Эң негизгиси Байдендин администрациясы бул көйгөй менен өзү айткандай жакшылап күрөшүп, анын аякташына өбөлгө түзсө жакшы болмок. Баарыбыз эле мурдагы жашоонун калыбына келишин каалайбыз.
Дагы караңыз Байдендин инаугурациясына катышкан экс-президенттер- Кыргызстанда да жакында президенттик шайлоо өттү. Саналуу күндөрдөн кийин бизде да жаңы президент ант берет. Мына ушул жаатта Кыргызстан Америкадан кандай үлгү алса болот?
- Пикир келишпестиктерди, талаш-тартыштарды артка калтырып, мыйзам чегинде иштөө жаатында үлгү алса болот деп ойлойм. Өзүңүздөр көргөндөй эле Америкада 6-январда болгон тополоңдон кийин көп өтпөй дароо баары өз калыбына келип, Конгресс жыйынын улантып кетти. Бул жакта мыйзам сааттай иштейт. Ага шарт түзгөн система бар. Ушулардын баары Кыргызстанда да болушун каалайт элем.