12-майдан тарта АКШда жаңы миграциялык эрежелер күчүнө кирди. Эми Кошмо Штаттардын чек арасын мыйзамсыз өткөндөр дароо депортация болот жана беш жыл башпаанек суроо укугунан ажырайт.
Муну менен президент Жо Байдендин администрациясы мыйзамсыз миграцияны кыскартып, өлкөгө кирүүнүн легалдуу жолун жайылткысы келет. Соңку жылдары Америкага Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер көбөйдү. Мындай кооптуу жолду тандагандар арасында кыргызстандыктар да арбын.
15 жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган Бактияр соңку бир жылда Мексика аркылуу чек арадан өткөн кырктай мекендешин тосуп алып, алардын Америкада жайгашуусу үчүн колунан келген жардамын берип жүрөт. Алардын баары АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өтүп, токой аралап, суудан сүзүп, жөө- жалаңдап жеткендер.
Айрымдары Мексикадагы кылмыштуу топтордун колуна түшүп, тоноого кабылса, айрымдары азап-тозоктон өтүп араң жеткен. Алардын ичинде төрт жарым ай чек арадагы мигранттарды кармоочу жайда отуруп чыккандар да бар.
Дагы караңыз "Америкага азап менен жеттим". Мобилизациядан качкан Азамат, Мексикада турган Касиет12-майдан тартып Кошмо Штаттардын аймагына мыйзамсыз киргендердин жолуна бөгөт койгон жаңы иммиграциялык эрежелер күчүнө кирди.
11-майда АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясынан улам киргизген 42-жобо күчүн жоготту. Ага ылайык, чек арачылардын АКШга кирүүнү көздөгөн мигранттарды артка кайтаруу укугу бар болчу. Айрымдар бул берене аяктары менен чек аралар ачылып, Кошмо Штаттарга кирүү жеңилдейт деп күткөн. Бирок андай болгон жок.
Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас дароо эскертти:
"Биздин чек араларды мыйзамсыз кесип өтүп, кирүүгө негиздүү себептери болбогондор дароо артка кайтарылат. Ошондой эле алар беш жыл башпаанек суроо укугунан ажыратылат. Ал эми экинчи жолу кирүүгө аракет кылса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат".
Президент Жо Байдендин администрациясы мындай кадамга мыйзамсыз миграцияны кыскартып, өлкөгө легалдуу кирүү жолдорун жайылтуу үчүн барганын билдирди.
"Эми тосмонун алдынан жөргөлөп, дубалдан секирип, суу кечип өтүүгө аракет кылгандарга чындап кыйын болот. Анткени буга чейин алар эптеп өтүп алып, чек арачылардын колуна түшкөндөн кийин атайын убактылуу кармоочу жайларга киргизилчү. Ал жакка киши батпай калганы кабарланды. Үч маал тамак берип, баарын кармап туруу буларга деле кыйын окшойт", - дейт Бактияр.
CBP One тиркемеси аркылуу кезекке туруу керек
Эми АКШга башпаанек сурап кире тургандар бир гана чек арадагы өткөрмө бекеттен өтүүгө милдеттүү. Ал үчүн CBP One деген тиркеме аркылуу кезекке турат. Бул эреже мурда эле киргизилгени менен аны ортомчулар да пайдаланып кетчү. Хакерлер атайын боттордун жардамы менен кезекке туруп, ал орундарды 2-3 миң долларга сатканга жетишкен.
"Америкага эптеп кирүүнү көздөгөндөр акчасын чек арадан эле коротуп, бул жакка киргенде көчөдө калуу коркунучу жаралат. Ошондуктан тиркемени жаңылап, каттоону катаалдатып койду. Азыр регистрация кылып коесуң, өздөрү датасын белгилейт", - деди Бактияр.
Каттоодон өтүп, чек арадагы иммиграциялык кызматкерге барганда дагы Американын аймагына кирип, башпаанек суроо үчүн негиздүү себептер болушу керек.
Калифорния университетинин юридикалык мектебинин профессору Блейн Букей кененирээк түшүндүрдү:
"Эгер сиз Мексикага же Борбордук Американын башка бир өлкөсүнө кайсы мамлекет аркылуу келсеңиз, ошол жактан алгач башпаанек сурап, "жок" деген жооп алышыңыз керек. Маселен, сиз Кыргызстандан Жапония, Түркия же Европа өлкөлөрү аркылуу Мексикага жетип, андан ары Америкага кирүүнү кааласаңыз, алгач ошол мамлекеттердин биринен башпаанек сурашыңыз зарыл, ал өлкө баш тартканда гана Америкага кайрылышыңыз керек. Болбосо, артка кайтарылышыңыз толук мүмкүн".
"Америкада жашоо жакшы дебедиңер беле"
Үй-бүлөсү менен Америкага кирүүнү көздөгөндөр тууралуу айтсак, аларга атайын көзөмөлдөөчү чип тагылып, анан кое берилет. Иммиграциялык кызматтын өкүлдөрү 30 күн ичинде алардын маселесин карашы зарыл. Адатта мурда бул процесс жылдап каралчу. Белгиленген маалда интервьюга келбеген үй-бүлөлөрдү иммиграциялык кызматтар кармап, депортация кылат.
Жаңы эрежелер иммигранттардын кызыкчылыктарын коргогон топтордун нааразылыгын жаратып, алардын айрымдары сотко кайрылышты.
Дагы караңыз АКШ-Мексика чек арасында 60 миңдей мигрант топтолуп туратРожер Уильямс атындагы университеттин юридика мектебинин профессору Питер Маргалис эми чек аралардан мыйзамсыз өткөндөрдүн саны кескин кыскарат деген пикирде:
"Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, адамдарда АКШга кирүү мүмкүнчүлүгү аз, ал эми Мексикага кайтуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин билишет. Ал эми Мексикада жүрүү кооптуу. Экинчиден, жаңы программа адамдарга бул жакка мыйзамдуу негизде, ирээтке салынган иммиграциялык программалар аркылуу келүү мүмкүнчүлүгү бардыгынан үмүт берет".
Журтташыбыз Бактиярдын айтымында, эптеп Кошмо Штаттарга жетип алып, акчасыз, көчөдө калгандар да арбын.
"Андайлар атайын группаларда толтура. Силер интернеттен Америкада жашоо жакшы дебедиңер беле, мына көчөдө калдым деп шолоктошот. Мексикага кайтарып койсо, ал жакта аябай кооптуу. Өмүрүңөрдү тобокелге салып, океандын ары жагына келүүнүн кереги жок дейт элем. Бир гана грин-карт лотереясына катышып, келсеңер өзүңөр үчүн да абдан жакшы болот", - деди мекендешибиз.