Украинанын Казакстандагы элчисинин жергиликтүү блогер менен маегинде айткандары Акордо менен Кремлдин дипломатиялык араздашуусуна себеп болду.
4-октябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын Астанадагы элчиси Петр Врублевскийдин "дипломатиялык миссиянын башчысы катары иш-чараларга катышып жүргөнүнө” нааразылыгын айткан. Ал элчини "четтен чыккан русофоб", "улутчул" деп сындаган.
"Бул адам Казакстанга кайтып келди, бирок буюмдарын жыйыштырып, үй-бүлөсүн алып кетүүгө келбегени көрүнүп турат. Ал дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы катары жыйындарга ачык эле катышып жүрөт".
Захарова Астананы "Врублевскийди өлкөдөн чыгаруу убадасына турган жок" деп айыптоодо. Ал элчинин айткандары Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерин бузарын эске салган.
Кремлдин мындай чукул реакциясына украин элчиси Петр Врублевскийдин быйыл августта казакстандык блогер Диас Кузаировго курган маегинде Украинадагы согушту комментарийлеп жатып:
“Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деп айткан сөзү себеп болгон.
Бул окуядан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги украин элчисине нааразылык билдирип, мындай сөз "Казакстандагы орус тектүү жарандарга да катуу тийиши мүмкүн" экенин түшүндүргөн.
Ал эми 5-октябрда министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров украин элчиси Киевдин өтүнүчү менен гана кызматтан алынарын айтып, Мария Захарованын билдирүүсүнө жооп берди.
"Мария Захарованын айтканы биздин көз карашыбызда Казакстан менен Орусиянын тең укуктуу стратегиялык өнөктөштүк мамилесине карама-каршы келет".
Ал эми 6-октябрда Орусиянын Казакстандагы элчиси Акордого чакырылып, аны менен “катуу сүйлөшүү” болгону кабарланды.
"Элчи Тышкы иштер министрлигине маанилүү сүйлөшүүгө чакыртылды. Биз Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын тең укуктуу стратегиялык өнөктөштүктүн эрежелерине карама-каршы келген сөздөрүн талкууладык. Биз демейдегиден "катуураак маанайда сүйлөштүк", - деп билдирди Казакстандын дипломатиялык мекемеси.
Коңшу өлкөнүн депутаттарынын арасында Кремлдин мындай позициясын жактырбагандар да бар.
"Бул согуштун Казакстанга тиешеси жок. Андыктан алар бул жерде биз менен душман катары эмес, өнөктөш катары сүйлөшүшү керек", - дейт Мажилистин өкүлү Азат Перуашев.
Дагы бир депутат Айдос Сарым "Москва кырдаалдан пайдаланып, өзүнө упай топтоонун амалын издеп жатканын" кыйытты.
"Белгилүү болгондой, эки мамлекет согушуп жатат. Согуш болгон учурда Орусия ар бир ушундай кырдаалдан пайдаланып, Украина тарапты "мокотуп жаткандай".
Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишев Кремлдин мындай талабын өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары сыпаттайт. Ал Москванын аралашуусу жок эле украин дипломатынын иши чечилип калганын айтты:
"Учурдагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын саясий системасы абдан толкунданып турат. Буга Украинадагы кырдаал жана Тышкы иштер министрлиги менен президент Путиндин эл аралык деңгээлден обочолонушу түрткү болууда. Орусия союздаш деп эсептеген өлкөлөрдө Украинага байланыштуу бардык окуяларга олуттуу мамиле кылат. Ошондуктан алар этикалык нормаларды бузуп, Казакстандын ички иштерине кийлигишип жатат. Ансыз деле буга чейин кечирим сурап, дипломатиялык нота тапшырып, өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү чечкен элчини кызматтан алууну талап кылууга аракет кылышууда".
Москванын ири соода өнөктөшү болгон Астана Украина маселесинде нейтралдуулугун билдирип келгени менен Орусиянын кол салуусун ачык айыптоодон карманууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан.
Ал тапта казак ички иштер министри Марат Ахметжанов акыркы эки жумада өлкөгө Орусиянын 200 миңдей жараны кирип, 147 миңдейи башка өлкөгө чыкканын билдирген. Андан тышкары Орусиянын жети жараны депортацияланганы, айрымдары чек арадан мыйзамсыз өткөнү, дагы бирөөлөр майда бейбаштык кылганы маалымдалган.