Акматов: Элет маданиятка суусаган экен

Баян Акматов

Баян Акматов баштаган жаш төкмө акындардын тобу “Көтөр башты, улутташым, кандашым” аттуу концерттик программа менен аймактарды кыдырууда.

Февраль айынын башында Ысык-Көлдун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Бөкөнбаев айылында, Нарын шаарынын драм театрында, Нарын районунун Казан-Куйган айылында жана Кочкор районунда концерт коюлду.

Акындардын алдыда өлкөнүн башка дубандарын да кыдыруу пландары бар. Биз акын Баян Акматов менен айтыш-концерт тууралуу кыскача маек курдук.

- Концерттин максатын айтып өтсөңүз?

- Азыр элдин баары акыл үйрөткөн заман. Ал эми элет жери каралбай калыптыр. Эл маданиятка суусаптыр. Айтыш коцертти элеттиктер, өзгөчө, жаш муун комуз үнүн уксун, элдин көңүлүн көтөрөлү, аң-сезимин ойготолу, деп уюштурдук.

Төкмө акындар. (Сүрөт Баян Акматовдун жеке архивинен алынды)

- Айтыш концерттин аталышы акын Зайырбек Ажыматовдун ыр сабынан коюлган экен?

- Пандемияда эл мүңкүрөп кетпедиби. Биз шаарда жашагандар күнүмдүк иш менен алаксып кетет экенбиз. Айылдагылар жаңылыктардан пикет-митингдерди, негативдерди көрө берип көңүлү чөгөт экен. Ошон үчүн баары өтөт-кетет, эл көңүлүн көтөрөлү деп ушул теманы тандап алдык.

- Эл кыдырып жүргөн топтун курамында канча акын бар?

- Он бештей акын барбыз. Бул концертибиз да алгачкы эмес, 6-7 жыл мурун да ушул максат менен эл аралаганбыз. Биз өзүбүздү өзүбүз каржылап эле максатыбызды ишке ашырганга аракет кылып жүрөбүз. Айрымдар акча табат деп ойлошу мүмкүн, бирок ачыгы - акча деле таппайбыз. Биздин максат - көптөн бери күлбөй калган жарандарга күлкү тартуулоо.

- Калктын кабыл алуусу кандай болууда?

-Кабыл алуу, суроо талап өтө мыкты. ЧынындаЮ көпчүлүгү 30 жаштан жогору адамдар көрүүчү болуп келүүдө. А жаш муун социалдык тармактарга байланып калгандай. Буюрса, алдыда аларды да жандуу турмушка, комуз үнүн угууга үндөп күч үрөйбүз, рухду, духту көтөрүүгө чакырабыз.

- Алдыда дагы кандай пландар бар?

- Өлкөбүздөгү эч ким барбаган айыл-кыштактарды кыдырсакпы деп турабыз. Аны уюштурууга жалпы элден колдоо күтөбүз. Анткени акындардын башкы милдети уюштуруучулук эмес, ырдоо экен. Жан кейиткен нерсе кээ бир жерге барсак колдогондун ордуна концерт койгон жерден салык сурагандар да болууда. Биз мамлекетке жардам кылалы деп жүрсөк, бул нерселер кайра артка тартат экен.

Төкмөлөрдүн концертин көргөнү келген эл. (Сүрөт Баян Акматовдун архивине таандык).

Төкмө акын, обончу, аткаруучу Баян Акматов 1987-жыл 8-майда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында туулган.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин “Салттуу музыка жана фольклор” бөлүмүн бүтүргөн.

Баян Акматовдун аткаруусундагы ыр.