1994-жылдын сентябры Кыргызстандын тарыхында даңазалуу Жогорку Кеңешин ойрон кылган кара ай болуп калган. Бул окуялар жумуриятта авторитардык режим түптөөгө багыт алган А.Акаевдин тымызын көрсөтмөсү менен болгон. Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы отурумунда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты. Тарыхчынын блогу.
Кыргызстанда парламенттик демократияга карай багыт алынган
Ал кезде болгону 35 жашта элем. Бул курак аркы-беркини аңдап, анча-мынча турмуштук тажрыйба топтогон күлгүн кез экенин ушул жашты баштан кечирган ар ким билет.
Ошондо Кыргызстан өзүнүн даңазалуу Жогорку Кеңеши менен чындап сыймыктанчу.
Дал ушул советтик акыркы чакырыштагы Жогорку Кеңеш өз курамы жагынан уникалдуу болду.
Ага мурдагыдай коммунисттик партиялык тизме жана колдоо аркылуу депутаттыкка өткөн эмгектин алдыңкылары, колхоз башчылары, аткаминерлер деле көп болду.
Бирок дал ушул чакырылышта кайсы бир деңгээлде Советтер Биримдигиндеги соңку баскычтын – “Кайра куруулар” доорунун шарапаты менен атаандаш күрөштө элдин таламын талаша ала тургандыгы далилденген бир далай демилгелүү жарандар дагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланууга жетишкен.
Алардын ичинен айрым бир гана мисалды алалы. Качан эле мектеп окуучуларын пахтачылыкка жөнөтүүгө ачык каршы чыккан орто мектептин мугалимин Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлашчу эле?
Дагы караңыз “Матрешкагейт”: Текебаевди Польшада каматкан окуянын таржымалы
Бирок жаңылануу доорунда ошондой тентек мугалимди шайлоого мүмкүн болду. Ал – Өмүрбек Чиркеш уулу Текебаев. Ал 1958-жылы 22-декабрда ал кездеги Ош облусунун Базар-Коргон районундагы Акман кыштагында туулган.
Ал 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) физика мугалими адистиги боюнча аяктаган.
Акман кыштагында Токтогул атындагы орто мектепте иштеп жүрдү, кийин Базар-Коргон райондук агартуу бөлүмүндө да усулчу болуп иштеди.
Качан эле мурдагы жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчилиги сындаган жана кызматтан алган киши жумурияттык парламентке келчү эле?
Дагы караңыз Казат Акматовдун эне тил жана эгемендик үчүн күрөшү1983-жылы Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин бөлүм башчысынын орун басары кезинде өз романы үчүн “улутчул” катары куугунтукталып, жумушунан айдалган көрүнүктүү жазуучу Казат Акматов (23.12.1941 – 13.9.2015) да 1990-жылы даңазалуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Советтик Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин акыркы (он экинчи) чакырылышы 1990-жылдын жазындагы (10–15-апрелдеги) алгачкы отурумда кыйла “жоошураак” болду.
Дагы караңыз Эркебаев: Бакиев мага таарынып жүрдүОшондо да Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Казат Акматов сыяктуу депутаттар жумуриятта мамлекеттик бийликти партиялык бийликтен ажыратуу тууралуу сунуш киргизишкен. (Бул сунуш жөнүндө тарыхчы, профессор Аалыбек Акунов жана башкалар өз эмгектеринде калыс белгилешкен).
Ал эми 1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) негизделди. Ага парламенттин бир катар депутаттары мүчө болушту, Казат Акматов болсо КДКнын беш теңтөрагасынын бири болуп шайланды.
Дагы караңыз Өз доорунун өрттөй жанган кулуну эле
1990-жылы июнда каргашалуу Ош окуялары болду. (Анын артында мурдагы КГБ тургандыгы жөнүндө узун сабак кеп бар).
Буга байланыштуу Ошто гана эмес, Бишкекте да коменданттык саат киргизилди. Бирок демократиячыл жаңылануу аракеттери жигердүү улантыла берди. Айкындуулуктун шарапаты менен кыргызстандыктар тоталитардык коом жана демократиячыл идеялар жаатында мурдагыдан алда канча терең жана ар тараптуу маалымат ала башташты.
“Азаттык үналгысы” да такталган, бурмаланбаган маалыматты кыска толкун аркылуу жайылтууда өз ролун аткарды.
1990-жылдын сентябрына карата Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин алдыңкы көз караштагы депутаттары реформачыл идеяларды орток көтөрүү деңгээлине чыгышты.
Дагы караңыз Саясий ачкачылык: Тынч ыңкылаптын башатына 30 жыл
1990-жылы 27-октябрда кечкурун (Ак Үйдүн сыртындагы КДКнын демократиячыл талаптарды көтөргөн саясий ачкачылык иш-чарасы улантылып жаткан маалда) Жогорку Кеңеш атаандаш талапкер болгон академик Аскар Акаевди туңгуч президент кылып шайлады.
Ошентип, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын лидери жана коммунисттик Маскөөнүн саясатын кыйшаюусуз аткаргандыгы менен айрыкча таанылган Абсамат Масалиев тынч жол менен аткаруу бийлигине жолотулбай калды.
1990-жылы 15-декабрда Жогорку Кеңеш эгемендик жөнүндө декларация кабыл алды жана Борбордук Азиядагы советтик жумурятардын ичинен алгачкы болуп өз расмий аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салды.
1991-жылы 5-февралда Жогорку Кеңеш борбор шаарга тарыхый “Бишкек” аталышын кайтарды.
1991-жылы июлда Жогорку Кеңештин депутаттары КДК менен “Ашар” козголушу уюштурган “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн колдоого алышты.
1991-жылы 19–22-августта Жогорку Кеңештин жетекчилиги Маскөөдөгү эскичил коммунисттердин кутум далаалатына (ГКЧП) ачык каршы чыкты.
Дагы караңыз ГКЧП кутумуна 30 жыл1991-жылы 30-августта Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана депутаттары сталиндик курмандыктардын сөөгүн аруулап, Ата-Бейит” деген жаңы көрүстөнгө коюу аземине катышты.
1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу тарыхый декларацияны кабыл алды.
1991-жылы август–сентябрда Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттары КПССтин мүчөсү деген партиялык белетти ыргытышты. Ал эми сентябрда тоталитардык түзүлүштүн өзөгү болгон КПССке жана анын жумурияттык бөлүгү болгон Кыргызстан Компартиясына тыюу салынды.
Дал ушул даңазалуу парламент эгемен Кыргызстандын мамлекеттик символдорун кабыл алды, жумурияттын эл аралык уюмдарга эгемен мамлекет катары мүчөлүгүн тастыктады.
Маселен, 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш эгемен Кыргызстандын жаңы желегин кабыл алды. Анын авторлору – педагог С. Иптаров, сүрөтчүлөр Б. Жайчыбеков менен Ж. Матаев жана архитекторлор М. Сыдыков менен Э. Айдарбеков эле.
Бул жаңы желек Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү жана элчиликтери үчүн өзгөчө зарыл маалда кабыл алынган.
1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин токтому менен Кыргызстандын гимни кабыл алынган. Анын текстин акындар Ж.Садыков менен Ш.Кулуев жазышкан. Музыкасын чыгаан композиторлор Н.Давлесов менен К.Молдобасанов жаратышкан.
Ал эми 1994-жылы 14-январда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкөнүн жаңы гербин кабыл алды. Гербдин долбоорун сүрөтчү А.Абдраев менен милиция кызматкери (кийин генерал-майор), Жогорку Кеңештин депутаты С.Дубанаев даярдашкан.
Дал ушул даңазалуу Жогорку Кеңеш 1993-жылы 5-майда Кыргызстандын туңгуч Башмыйзамын кабыл алды, ошол эле күнү орусиялык рублдин ордуна улуттук акчаны киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ал эми 10-майда Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөнүн улуттук акчасын – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизди.
Айтмакчы, кыргыз парламенти (Жогорку Кеңеш) 1993-жылдын 5-майынан тартып өзүнүн орус тилиндеги аталышын дагы “Жогорку Кенеш” деп расмий атай баштаган.
Жогорку Кеңеш жана “алтын чатагы”
Алтын жемкорлугуна байланыштуу чатак Кыргызстандын даңазалуу чакырылыштагы парламенти үчүн гана эмес, өлкө демократиясы үчүн дагы олуттуу сыноону таңуулаган.
Көп томдуу эмгектер да толук чагылдырышы оорго турган бул көйгөйдү эки-үч абзац менен үстүрт сыпаттоого аргасызбыз.
Айтылуу ишкер, мурдагы советтик жаран Борис Иосифович Бирштейн (ал 1947-ж. Литва ССРинин борбору Вильнюс шаарында туулган, 1977-жылы чет мамлекетке эмигрант болуп көчүп кеткен; 1982-ж. Швейцарияда “Сиабеко” компаниясын негиздеген; аны КПССтин жана КГБнын каражаттарын “адалдоого” катыштыгы болгон, деп да шектенишет) Аскар Акаевдин бийлигинин “алтын чатагына” чырмалышына тийешеси бар киши катары шектелип келет.
1991-жылы 13-октябрда президент А.Акаев кол койгон жарлыкка ылайык “Сиабеко–Кыргызстан” мамлекеттик-жеке менчик корпорациясы түзүлгөн.
Б.Бирштейн Бишкектеги Ак Үйдүн алтынчы кабатында президенттин кеңешчиси катары өз алдынча кабинетке да ээ болгон.
Бирштейндин алтын жана башка маселелер боюнча долбоорлоруна каршы турган өкмөт башчы Насирдин Исанов аны менен чогуу бир унаада бара жатып, 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыктан улам делип түшүндүрүлгөн, бирок сырдуу кала берген шартта набыт болгон.
Дагы караңыз Насирдин Исановдун ишмердиги жана тагдыры
1992-жылы 3-декабрда Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын кийинки өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев менен “Камеко” корпорациясынын ортосунда Кум-Төр алтын кени боюнча башкы макулдашууга кол коюлган.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бул макулдашууга каршы чыккан. “Алтын чыры” боюнча атайын комиссия да түзүлгөн. Акыры 1993-жылы 13-декабрда Т.Чыңгышев өкмөт башчысы кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.
Дагы караңыз ЭКИ ТОННА АЛТЫН ТАБЫЛАБЫ?К.Исабеков өзүнүн “Кум-Төрдөгү алтын мафиясы” аттуу китебинде жазгандай, Б.Бирштейн өзүнүн жеке учагы менен 1801 кило алтынды эч кандай бажы акысын жана башка акыны төлөбөстөн Кыргызстандан сыртка чыгарып кеткен.
Жогорку Кеңештин Көзөмөлдөө палатасы жана “алтын комиссиясы” өз ишин андан ары уланта берген. 1994-жылдын күзүндө Жогорку Кеңештин отурумдарында “алтын чатагы” боюнча андан аркы тереңдетилген парламенттик териштирүү күтүлүп жаткан...
Дагы караңыз Парламенттин 70 жылдыгы: эки ача мамиле
Шахматтагы “ат жүрүшү” аркылуу Жогорку Кеңеш шал кылынган
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин бул курамынан эртерээк (күздөгү өзү үчүн опурталдуу отурумдардан мурдараак) кутулуу үчүн шахматтык “ат жүрүшүн” тымызын ойлонуштурду.
Буга он экинчи чакырылыштын өзүнүн курамы дурус мүмкүнчүлүк берди. Мурдагы советтик салтка ылайык, Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттары жер-жерлерде аткаруу бийликтеринде жана башка жумуштарда кызмат өтөп келе жатышкан.
Алардын ичинен бюрократтык тепкич аркылуу жогору жөрмөлөөгө куштар депутаттар ар дайым аткаруу бийлик бутагынын башчысы, президент Аскар Акаевге көз каранды болчу.
Дагы караңыз Тоталитаризмдин идеологиялык жоокери бул режимге каршы чыккандаӨз пикирин ачык айта албаган, жергиликтүү төбөлгө тактеке болгон бир далай депутаттар да кыйыр жолдор аркылуу Ак Үйгө көз каранды болуп турушкан.
Президент Аскар Акаев өзүнүн көздөй кишилери аркылуу парламенттик отурумда кворум болтурбай коюу усулун эби менен тандап алган. Албетте, ал эч кандай жарлык чыгарган эмес, депутаттар “өз ыктыяры менен эле” Жогорку Кеңештин отурумуна бойкот жарыялашмак.
Аркы-беркини аңдаган жаран үчүн А.Акаевдин дал ушул “ат жүрүшү” эле анын Кыргызстандын демократиясынын артынан далыга бычак урган саясий кылмыш катары аңдалышы керек. Албетте, бул бычакты ал башкалардын колу менен уруп, натыйжада өзүнүн күз маалында кептеле турган саясий кырдалынан камырдан кыл суургандай жеңил бошонуп чыгууну көздөгөн.
Дагы караңыз "Легендарлуу парламентти алтын тараткан"
Шал болгон Жогорку Кеңеш
Аскар Акаевди колдогон төбөл депутаттар жана алардын тактекеси болгондор 1994-жылдын сентябрынын башында Жогорку Кеңештин отурумуна катышуудан жапырт баш тартышты.
Эгерде кворум болбой калчу болсо, анда Жогорку Кеңеш шал болуп калмак.
1994-жылы 3-сентябрда өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитине депутаттардын жоон тобунун атынан Жогорку Кеңешке, президентке жана элге кайрылуунун тексти шардана кылынды.
Парламентке ишеним болбой калгандыгы тууралуу чуулгандуу тема коюлган кайрылууда “Парламент мыйзам чыгаруу органы болуудан калды” деп таасын жазылган.
Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар уятсыз жана маңызсыз сөздөрү аркылуу жалпы элдин шылдыңына кабылгандыгы жөнүндө (эч кандай факт көрсөтпөстөн) өз кайрылуусунда жазган бул депутаттык топтун өкүлдөрү мындай кырдаалда Жогорку Кеңештин ишине катышуудан баш тартышаарын баса белгилешкен.
Албетте, мындай депутаттар болушу деле мүмкүн болчу. Бирок андай шартта алардын ордуна башка депутаттыкка талапкерлерди шайлоо аркылуу Жогорку Кеңештин курамын толуктоого болмок. Бул – бир жагы.
Ошол эле Жогорку Кеңештин ишмердигине ичи толбогон депутаттар Жогорку Кеңештин отурумундаа эле анын ишин жакшыртуу аракетин ичтен көрүүсү деле ыктымал болчу. Бул – экинчи жагы.
Бирок аткаруу бийлигине топтолгон акаевчи саясатчылар андай варианттарды эч көргүсү келген эмес.
Дагы караңыз КЫРГЫЗГА ПАЙДАСЫ ЖОК КЫРГЫЗ АЛТЫНЫ
Эми А.Акаевге дагы бир саясий төбөл "тактекелик" кызмат аткарып берди.
1994-жылы 6-сентябрда Апас Жумагулов (ал “алтын чырынан” соң өкмөт башчылыкка келген жана кийин дагы алтын боюнча чуулгандуу иш-аракетке катышкан) өзү жетектеген өкмөттүн курамы менен кошо кызматтан чегинди. Өкмөттүн билдирүүсү “Кыргыз Туусу” гезитине 6-сентябрда жарыяланды).
Ал эми өкмөттүн кызматтан чегинүү тууралуу өтүнүчүн президент А.Акаев 1994-жылы 5-сентябрда эле (расмий билдирүү жарыялангандан бир күн мурда) дароо кабыл алган.
Дагы караңыз Парламенттик демократия - тарыхый залкар мүмкүнчүлүк
Эгерде А.Акаевде Жогорку Кеңештин бул чакырылышын сактап калуу жаатында кылайган эле ниет бар болгон болсо, анда ал “ит-мышык” оюнун улантып, Жогорку Кеңештин отурумуна депутаттарды келтирүү далаалатын өз тарабынан жүзөгө ашырмак болчу.
Негизи, акаевдик амал жүзөгө “ийгиликтүү” ашырылган: 1994-жылы 13-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумуна келүүгө тийиш болгон жалпы 323 депутаттын ичинен 162 депутат (парламент мүчөлөрүнүн жарымынан көбүрөөгү) Ак Үйгө таптакыр келбей койду.
Айрымдары кийин эскерип жүргөндөй, келбей койгон депутаттарды Ак Үйгө – президенттик кеңсеге бир-бирден чакырышып, депутаттык мандатынан баш тартуусун өтүнүшкөн экен.
Ошол кезеңде парламенттик демократиянын тагдырына бычак урган далай саясатчылар кийин ар кыл орден-медалдарды, алды (маселен, Апас Жумагулов) Кыргызстандын Баатыры наамын татыксыз алышты, деп санайм.
Дал ошентип А.Акаевдин режими Кыргызстандын даңазалуу Жогорку Кеңешинин өзүн өзү таркатуусуна жетишкен.
Калган-каткан депутаттар Жогорку Кеңештин курамына 1993-жылдын 5-майында кабыл алынан Башмыйзамга ылайык жаңы шайлоо өткөрүүнү президент А.Акаевден өтүнүшкөн.
Бирок А.Акаевдин өзү 1993-жылдагы Башмыйзамга каршы эле. Анткени анда аткаруу бийлигиндеги жемкорлукка жол койбой турган жана Жогорку Кеңештин өз алдынча бийлик бутагы катары макамын чыңдаган кубаттуу механимздер бар болчу.
Дагы караңыз Акаевдин "экс-президент" макамы: Жогорку Кеңештин жообу
Бумеранг кайра кайттыбы?
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышы 2021-жылы 28-ноябрда (б.а. “Үмүт ыңкылабынан” бир жылдан кийин) шайланган.
Анын жакынкы (25-сентябрдагы) отурумунда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин “экс-президент” макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын депутаттар талкуусуз эле четке кагышты.
Жумурияттын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети андан бир күн мурдагы (2024-жылдын 24-сентябрындагы) отурумунда ушундай эле өтүнүчтү четке каккан мазмундагы токтомду кабыл алган.
Дагы караңыз Генерал Молдогазиев versus ишкер Молдогазиев
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев:
“Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү бар”, – деп айтканын маалымат каражаттары шардана кылышты.
Менимче, 1994-жылы жасалма түрдө “шал” кылынган даңазалуу Жогорку Кеңештин чакырылышынын аткаруу бийликтеринин айла-амалдарына акырына чейин каршы такаат берген депутаттарынын көзү тирүү өкүлдөрү жеңил үшкүрүнүп, “А.Акаевге сооп болот!” деп айтып алышса керек.
Албетте, туңгуч мамлекет башчы катары А.Акаевдин бир катар оң маанайдагы иш-аракеттери болгондугун эч ким танбас. Бирок анын парламенттик демократияга карай нукка каршы ырааттуу тоскоол уюштургандыгы да эч кимдин жадынан чыга элек.
Эгерде ал Жогорку Кеңешке бут тоспогон болсо, анда, балким, аны 1994-жылы эле президенттиктен кетирүү кадамдары жасалмак же 1995-жылы эле ал атаандаш президенттик шайлоодо Абсамат Масалиев сыяктуу татыктуу атаандаштарына утулуп калмак.
Дагы караңыз Демократия баалуулуктары: президенттерди тактан кулаткан шайлоолор
Андай болгондо “Кум-Төр” кени жаатында Кыргызстан утулмак эмес, чек ара боюнча Үзөңгү-Кууш чатагы чыкмак эмес. Дал ушул маанилүү келишимди Жогорку Кеңештен жашыра берип, А.Акаевдин бийлиги 2002-жылдын башында чек ара маселесин козгогон оппозициячыл депутат Азимбек Бекназаровду мыйзамсыз камакка алып, чоң чуу жаралды.
Андан кийин дүрт алган саясий саясий ачкачылык өнөктүгүндө Шералы Назаркулов мырза мерт таап, 2002-жылы 17–18-мартта кандуу Аксы окуясы орун алды.
2005-жылы феврал-март айларында акаевчилерди Жогорку Кеңешине “солоп”, жаңы чакырылышты “чөнтөк парламентине” айлантуу далаалаты жасалган чакта, 24-марттагы “Жоогазын ыңкылабы” жүзөгө ашырылды.
Менимче, А.Акаев Орусияга качып кетпегенде, анын өмүрү коркунучта деле болмок эмес, бирок аны ачык жана адилет сотко тартуу аракети жүзөгө ашмак.
Ушулардын бардыгы “эгерде...” деген жоромолдорго байланып айтылды.
Тарых болсо “эгерде” сөзү жок жазылат эмеспи.
Публицист катары гана айтсам, эгерде Орусияда дагы демократиячыл өзгөрүүлөр болуп, Путиндин авторитардык режими ойрон болчу болсо, анда А.Акаев Түндүк Кореяга качпастан, кайра Ала-Тоого эле келет.
Дагы караңыз А. АКАЕВ: "Ф.Куловду каматканыма өкүнөм " (1-БӨЛҮК)
Ал “экс-президент” катары эмес, карапайым жаран катары деле Ала-Тоодо тынч жашай бергени дурус. Кыргызстандын туңгуч делген президенти өз Атажуртундагы демократиячыл жүрүмгө канчалык олуттуу кедерги тийгизгендиги эми кылымдар бою ага эч багыныңкы болбостон талкууланып кала берет.
Бул тарыхый эстутумдук жагдай пенделик бир өмүрдөгү ар кандай колдон жылмышкан “экс-президенттик” макам берчү заттык жыргалчылыктын наркынан алда канча эсе жогорку наркка турат эмеспи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.