Ак илбирсти коргогон ыктыярчылар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чоң-Кемин өрөөнүн дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен жаныбар - ак илбирс байырлайт. 10-15 жыл мурун мыйзамсыз аңчылык күчөп, аймакта жапайы жаныбарларды кездештирүү дээрлик мүмкүн эмес эле. Азыр бугу-маралдарды көрүү көп деле кыйынчылык жаратпайт.

“Данисте” бул жолу бир кезде мергенчилик кылып, азыр жаратылыштын коргоочусуна айланган ыктыярчылар менен чогуу тоо-ташты кыдырып, жапайы жаныбарларга санак жүргүзгөн өнөктүккө күбө болду.