Ак-Буурага аязда чайканткан жөрөлгө

Оштогу Архангел Михаилдин чиркөөсү

Христиандар чиркөө алдында соода кылып жатат.

Ош шаарындагы православдардын жалгыз Архангел Михаил чиркөөсүнө эртең менен чогулгандар майрамды кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен баштады.

Чокундуруу Иса пайгамбардын туулган күнү — 7-январдан кийин белгиленет.

Түшкө жакын жүрүшкө даярданып, крест кармаган чиркөө кызматкерлеринин артына тизилип Ак-Буураны карай жол тартышты.

Суу жээктеги сууну ыйыктоо салтанаты.

Чиркөө жетекчиси Виктор Реймген алардын башынан ылдый чакалап үч жолудан суу куюп жатты.

Бир нече киши сууга түштү.

Чокунуп, үч ирет сууга чумкуп же башынан ылдый суу куюлушу керек.