Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Муфтияттагы каржылык иштерди иликтеген аудиторлордун айтымында, ажылыктын акчасынан 847 миң доллар кемип кеткени айтылды. Аталган сумма “Фарватер”, “Налоговый Представитель”, “Тали Эйр” жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен байланыштуу жаранга берилип кеткен. Бул иште мурдагы бийликке жакын делген партиянын аты да аталып жатат.