Залкардын тиреги жана музасы өттү

Мария Урматовна Чыңгыз Айтматовдун биринчи окурманы жана редактору да болчу. “Кылым карытар бир күн” романын Мария Айтматова өз колу менен терип чыккан.

Мария Урматовна залкар жазуучунун тиреги жана музасы болгон.

Мария Айтматова ВГИКти бүтүргөн, Кинематографисттер Союзуна караштуу Кино үйүндө сценарист болуп иштеген.

Мария Айтматова 1961-жылы жылы Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Бото көз булак” тасмасынын режиссёру Лариса Шепитьконун жардамчысы болгон.

Мария Айтматова “Түркмөнфильм” студиясы тарабынан тартылган “Маңкурт” тасмасынын сценаристи болгон.

Мария Айтматова 60-жылдардагы киночулардын жаңы толкунунун жигердүү мүчөсү болгон.

Мария Айтматова, Чыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен.

“Апа, бүгүн неберелериңиз менен отургузган магнолия гүлдөдү. Биз сизге өмүр бою ыраазыбыз. Сиз биздин жүрөгүбүздө каласыз жана сизди жакшы көрөбүз”, - деп жазышты балдары Кочи, Ширин жана Эльдар.

Мария Айтматова Суусамыр өрөөнүндө, 8-март айылында жарык дүйнөгө келген.

Мария Айтматова залкар жазуучуга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келди.