Жамийла менен Даниярдын кийинки тагдыры

Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести орус тилинде.

Кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун “Жамийла” повести дүйнөнү чарк айланып, сүйүүнү туу чокуга жеткире даңазалаган өзгөчө классик чыгарма катарында окурманды тамшантып келет. Автордун жазган чыгармаларынын дээрлик көпчүлүгү реалдуу жашоодон, болгон окуядан көркөмдөлүп жазылганын окуур замат эле түшүнүүгө болот.

Азыр мен баяндайын деген төмөндөгү окуя да, дал ушул “Жамийла” повести, андагы каармандар Жамийла менен Даниярдын кийинки жашоо-турмушу, тагдыры жөнүндө болмокчу. Бул баяндын канчалык турмушта чындыгы бар экендигин мага айтып отурган адамдын абийирине, ал эми ишенип-ишенбөө, аны таразалап алуу жагын окурманга коёюн.

Мени мектепте окуткан, адабиятты чемичкедей чаккан Өмөралы агайым менен кээде көрүшүп, ал-акыбал сурашып калабыз. Баса, Таштемиров Өмөралы агай - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Агартуу майданында талыкпай 52 жыл бою кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Жашы сексенге карап калса да тетик, акылы тунук. Жакында жолугушуп, ”Азаттык” Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата дилбаян сынагын жарыялаганын, ага мен да “Жамийла” повести жөнүндө макала жазып жибергенимди айтып, сүйлөшүп олтурдук. Агай бир аздан кийин:

- Уулум, жүрөктү көптөн бери түпөйүл кылып, ичимде каткан, сыртка чыгарып айталбай жүргөн бир сыр бар. Ошону сага айтайын. Сен бул боюнча мен айткандай жазып, жарыялоого берчи! Карып да калдым. Бул сыр ичимде кетпей, эл билсин, - деп калды. Экөөбүз макулдашып, агай баянын баштады.

- Мен 1942-жылы төрөлүп, согуштун каардуу күндөрүндө, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун “Большевик” колхозуна караган, Чангет өрөөнүнүн Боз-Чыккан айылында (азыркы Барпы айыл аймагынын Таш-Дөбө айылы) Кебек деген адамдын үйүнүн бир бөлмөсүндө жашачу экенбиз. Жашым төрттөн бешке карап калган болсо керек. Биз жашаган үйдөн ылдыйраак үч жапыз там болуп, бирөө Ыдырыс, экинчиси Кылыч, үчүнчүсү Данияр деген кишилердики эле. Мен бала кезимде Таш-Дөбө айылында аз эле тамдар бар болчу. Ошол Ыдырыс деген киши Жалал-Абад шаарындагы темир жолдо иштеген. Кийинчерээк пахта заводдо иштеп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп, сексенинчи жылдары эле кайтыш болгон.

Кийин уксам Ыдырыс аке Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги Данияр менен Жамийлага темир жолдогу бекеттен жолугуп, айылга ээрчитип келген экен. Аларга ылайдан үйдү да ушул киши салууга жардам берип, каралашып тургандыгын карыялардын айтканынан көп ирет уккам. Айткандарына караганда эки жаш темир жол аркылуу поезд менен Жалал-Абадга Таластан, Казакстан аркылуу качып келишкен окшойт. Ошол Данияр менен Жамийланы көргөм. Камбар агайыңды билесиң. Ал да көргөн. Азыр Боз-Чыкканга бараткандагы жол боюндагы эки кабат үй турган жерде, андан бир аз жогору жагында катар өскөн тыт бар эле. Жогоруда айтканымдай аерде болгону үч гана жапыз там бар болчу. Апам колхоздун пахта талаасында, атам Таши деген киши экөө пахта сугарган сугатчы болуп иштешчү.

Өмөрали Таштемиров.

Ошолордун үйлөрүнүн жанындагы чоң тыттын түбүндө чай ичишчү, түштөнүп дем алышчу. Мен көп бараар элем. Катуу эсимде калганы - алар чай ичип болгондон кийин Данияр ордунан туруп, атамдан насыбай сурап, атам алаканына салып берген насыбайды балдагына таянып туруп оозуна салган. Аны көргөн аялы (Жамийла) да келип: “Мага да бериңизчи?” - деп атамдан насыбай сураганын артынан көрүп тургам. Анын жоолугу желкесине түшүп, жалгыз өрүлгөн чачы узун экени эмгиче көз алдымда.

Анан мен негедир, чынын айтыш керек, "Аял киши да насыбай чегеби?" деп, анын насыбай чеккенин жактырбадым. Кийин билсем, менин апам деле насыбай чегет экен. Ага маани берип, байкабаган экем. Жамийланы болгону бир, ошол түштөнүү мезгилинде көргөм. Даниярды болсо көп эле көрүп жүргөм. Ал балдак таянган, энтигип баскан арык чырай киши эле. Көрсө ал согуштан жарадар болуп келген, оорукчан экен.

Ал убакта бозо көп ичилчү. Апам да жорого бозо салып, атамдын жоро-жолдоштору келип бозо ичип, аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Мен дайыма атама ыктап, анын колтугунда отуруп алчумун. Азыркыга чейин эсимде: келгендерге атам Даниярдын өлүп калганын, аны ушул Таш-Дөбөнүн көрүстөнүнө коюшуп келгенин айтты эле, отургандар "Таши экөөң сооп иш кылыпсыңар" деп бата кылышты. “Сооп” деген сөздү биринчи жолу угушум. "Өлдү" дегенди көп эле жолу угуп, өлгөн адамды чыгарып баратканда узактан күзөтүп тунжурап калчубуз. Кийин билсем, бул чөлкөмдө Даниярдын Жамийладан башка жакын тууган-уруктары жок болгондуктан, аны көөмп коюшканын “сооп иш” кылды дегени турбайбы.

Арадан канча күн өткөнүн билбейм, Жамийла үйүн таштап кетип калыптыр. Апамдардын:

- Не кылсын байкуш, илинээр баласы, каралашаар жакын тууганы жок болсо бул жерде, элин таап кеткендир да, - деген сөздөрүн уккам. Бул менин айткандарым азыркыга чейин ошол убактагыдай эсимде.

Жарым кылымдан аша окуучуларыма Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги каармандарды зар какшап чечмелеген адабиятчы мугалим болуп иштеп жүрүп, жогорудагы окуяны төрт сөз менен айтып бере албай келгениме өкүнөм. Учуру келгенде Айтматовдун жолугушууларына да катыштым. Ал кишиге да айтуудан тартындым. Эгер ушуну айтсам, "бул жөн эле ойлоп табылган окуя же дал келип калган аты уйкаштар” деп сөз кылышат го деп уялдым. Баарынан да ""Даниярдын мүрзөсүн көрсөт" десе эмне дейм?" деген ой келди. Көрүстөндү көрсөтөт элем, бирок мүрзөсүн көрсөтө албайт болчумун. Негизи ушул нерсе мени чочулаткан. Даниярдын мүрзөсүн менин атам Таштемир менен Таши аксакал гана көрсөтө алмак. Ошол экөөнөн башка күбө жок. Ал эми алар эбак о дүйнө кетишкен эле...

Мына, атактуу классигибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун “Жамийла” повестиндеги каармандар Жамийла менен Даниярдын дагы бир сыры ачылып жатабы же дал келүүчүлүкпү?. Ал эми Өмөрали Таштемиров агай:

- Бул дал эле “Жамийла” повестиндеги Данияр менен Жамийла! - деп ишендирет. - Андан башка болушу мүмкүн эмес! - дейт ал.

Тагдырдын буйругу деген ушул болуп жүрбөсүн!

Кайрат Искендеров

Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айыл аймагы, Миң-Өрүк айылы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.