Алдыга жыла албаган аймактык театрлар

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актерлору.

Баткендеги музыкалык драма театрынын жана Ош куурчак театрынын жетекчилери алмашты. Бул аймактык театрлардын ишмердиги, көйгөйү, жаңылануу аракети тууралуу темага жем таштады.

Апаз Жайнаков атындагы Баткен музыкалык драма театрынын мурдагы көркөм жетекчиси Раимкул Мураталиев аймактык театрлар планды дээрлик ишке ашыра албай жатканын, себеби көбүнчө жалган маалыматтар менен иштеп жаткандай түр көрсөткөнгө аргасыз экенин айтты:

«Планда «ушул иштерди жасайбыз» дейбиз, бирок анын көбүн аткара албай калабыз. «Бул жалган» десем министрликтен акча бөлүнбөй калды. Театрлар өзүнүн болгон күчү менен аракет кылганы менен планда көрсөтүлгөн спектаклдерди даярдаганга акча таппайт. Ошол планды жазганга да кагаз, калемсап керек. Ошол сыяктуу эле театрда ар бирине кийим-кече, реквизиттер керек, лампочкаларды алмаштырып туруу зарыл. Анын баары акча да».


Мураталиевдин айтымында, Баткен театрында бүгүнкү күндө 70тен ашык штаттык бирдик бар. Бирок кадр тартыштыгынан улам алардын арасында башка кесиптин ээлери да иштейт. Адис мындай көрүнүш аймактык театрлардын ар бирине тиешелүү экенин айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпы жонунан 17 мамлекеттик театр бар. Алардын ичинен ар бир дубанда бирден кесипкөй драма театр, Ош шаарынын өзүндө үч драма театр иштейт. Мындан сырткары Кочкор, Жумгал, Алай райондорунда да кесипкөй музыкалык драма театрлар бар. Аймактык театрлардын репертуары, бөлүнгөн каражат тууралуу

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Тыныбек Сыдыков буларды айтты:

«Театрларга каражат мамлекеттин каржылоосуна жараша бөлүнөт. Театрлардын бир деңгээлде, бир тартипте иштөөсү кыйын болуп турат. Акча бөлүнгөнү бир маселе, иш процесси да өзүнчө бир маселе. Анткени кээ бир театрлар 7-8 спектакль чыгарып жиберет. Мисалы, Бишкек шаарындагы театрлар көп оюн коёт. Жок дегенде жылына үч спектакль чыгарышат. Ал эми облустук театрларда жылына экиден же үчтөн, райондордо бирден болуп калат. Айрым театрларда оюн коюлбай да калышы мүмкүн».


Сыдыков жаңы спектаклдерге бөлүнө турган каражат ошол театрлардын чыгармачылык дараметине, көрүүчүлөрдүн санына карата бөлүнөрүн кеп кылып, бүгүнкү күндө аймактык театрлардын негизги көрүүчүлөрү окуучулар менен бала бакчалар гана болуп калганын, бирок "Билим берүү жана илим министрлиги мектептер театрларды кабыл албасын" деген буйрук чыгарып, аймактык театрларды ал ырыскысынан да куру калтырганын кошумчалады.

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кыргызстанда театрлардын саны эгемендик жылдары көбөйгөнүн, бул аралыкта ар бир дубанда бирден облустук театрлар түптөлгөнүн белгилеп, бирок алар ушул кезге чейин өз жолун таба албай келатканын белгиледи.

«Мен бул театрлар көп эмес деп эсептейм. Мындан да көп болсо жакшы болмок. Мисалы, Ташкент шаарынын өзүндө 70ке жакын театр бар. Алар өзүнүн деңгээлинде иштеп жатат. Биздеги биринчи көйгөй: театрларга элди тартуу. Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен театрларын ала турган болсок көйгөй баарында бирдей.

Дагы караңыз Театрдагы көрүүчү билбеген жашоо


Режиссер бүгүнкү күндө заман ыргагы тездеп, кыргыз коомчулугу Интернет желелери аркылуу дүйнөдө болуп жаткан маданий жаңылыктардан кабардар экенин, андыктан бүгүнкү көрүүчү театрлардан да жаңыланууну талап кылып турганын кеп кылды.

«Костюмдардын баары эскирип бүткөн. Сахнанын жасалгаланышы талапка жооп бербейт. Айрым аймактык театрлар дегеле иштебей калган. Мисалы, мен Кочкор театрынын жаңы спектаклдерин дегеле көрө элекмин. Мен аймактык театрларды катуу ойлонуп, мыйзамдуулугун карап, кээ бир театрларда жарым мамлекеттик, жарым жеке менчикке өткөрүш керек деп эсептейм. Алар ошондо кыймылдай баштайт. Анткени жанын багыш үчүн чуркап иштегенде гана жогорудагы маселелерди чече алабыз го деп ойлойм, -дейт Алтынбек Максүтов.

Учурда мамлекет казынасынан жалпы театрларга жыл сайын 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөрү айтылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Тыныбек Сыдыков театрларга ар бир спектакль үчүн бир миллиондон сомдон 20 миллион сомго чейин акча бөлүнө турганын айтты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Өмүр күзү”: кредитке коюлган оюн

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​