Иш сапарында айтылбаган ири долбоорлор

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы жумуш сапарында. 19-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күн Нарын облусунда жумуш сапарында болду. Анын алкагында президент Теңир-Тоодогу чакан ишканаларды кыдырды.

Бирок аймактагы республика үчүн маанилүү долбоорлор болуп саналган ГЭС курулушу, Солтон-Сары кени, логистикалык борбор сыяктуу иштер унутта калып келатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Нарындагы жумуш сапары 19-августта Кочкордон башталды. Ал райондогу ирригация долбоору, сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышып, асыл тукум мал баккан чарбага барды.

20-августта Ат-Башы районундагы ички жолдорду оңдоо ишине жана санариптештирүү кандай ишке ашып жатканына кызыкты. Казыбек айыл өкмөтүндөгү эки миң гектардан ашуун жерди сугарыш үчүн Дүйнөлүк банктын 57 миллион сомуна оңдолуп жаткан каналды барып көрдү.

Президентке жолуккан Казыбек айылынын тургуну Мирбек Жумабаев мындай деди:

«Президентке 30дай эле киши жолукту. «Эл көп чогулбасын» дешкен экен. Чоң маселелер деле айтылган жок. Жолдун курулушу, оңдоо иштери, пандемия учурунда иштеген дарыгерлердин кошумча төлөмү сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Ат-Башыга курулбай калган логистикалык борбор тууралуу сөз болгон жок. Болгону жайыт талаш тууралуу айтылды. Анда президент «бир облустун эли тирешип, бүт дүйнөгө шылдың болдук. Бир эл, бир журт болгондон кийин батышып, ишиңерди кылбайсыңарбы» деп катуу айтты. Көп суроону бере албай калдым».

Сооронбай Жээнбеков эки күндө Нарын, Кочкор жана Ат-Башы районунда жалпысынан 14 объектиге барды. Президентти мамлекеттик кызматкерлер коштоп жүрдү. Бирок жалпы эл менен жолугушуу уюштурулган жок.

Ошондой эле бул сапарда былтыр чатактан кийин ишин токтоткон Солтон-Сары алтын кени жана төрт жылдан ашык убакыттан бери инвестор күтүп, тоңуп турган Жогорку Нарын каскады сыяктуу экономикалык ири долбоорлор жөнүндө кеп козголгон жок.

Анткен менен өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов бул маселелер боюнча президент тапшырма бергенин айтууда:

Эмилбек Алымкулов.

«Пандемияга байланыштуу президент калың эл менен жакындан жолугуша алган жок. Бирок Солтон-Сары боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берди. Биз «Солтон-Сарыда кен калдыктарын сактоочу аянт туура эмес жерде жайгашкан жана кенди иштетүүдө мамлекеттин үлүшү болсун, долбоор кайра каралып чыксын» деп айттык. Эл арасында «Солтон-Сары кайра иштегени жатыптыр» деген ар кандай сөздөр болушу мүмкүн. Бирок андай кеп айтылган жок. Болгону «"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы менен бирге иш алып баргыла» деген гана сөз болду. Президент Ат-Башы ГЭСине барып реконструкция иштери менен таанышып жаткан кезде Жогорку Нарын ГЭСтери тууралуу «Улуттук энергохолдингдин» башчысына тапшырма берди. Кийинки аптада бул долбоор тууралуу сүйлөшүүлөр жүрө турганы айтылды. Мен ага аралашкан жокмун».

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу 2016-жылдан бери токтоп турат. ГЭСтер каскадына байланыштуу иш боюнча эл аралык соттун да экспертизасы аягына чыга элек. Ошол эле учурда долбоорду кайра жандантыш үчүн инвестор табылбай жатат.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган. Андан соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Москва аны төлөп берүүнү талап кылып эл аралык сотко кайрылган.

Ал эми Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинде ишин баштаган кытайлык «Zhong Ji Mining» 2019-жылы ишин токтоткон. Буга жергиликтүү эл менен кен иштеткен компаниянын чатагы себеп болгон. Кийин Кытай расмий Бишкекке чырды калыс иликтөөгө чакырган. Ошол кезде бир айга убактылуу токтотулганы айтылган кендин иши бир жылдан ашык убакыт өтсө да жанданбай турат.

Мындан тышкары Ат-Башыга курулмакчы болгон соода логистикалык борбору да элди нааразы кылган.

Экономист Эркин Абдразаков президент аймактарга барганда ушундай талаштуу маселелерди чечиши керек болчу деген пикирде.

Эркин Абдразаков.

«Мен муну президенттик аппараттын, министрликтердин шалаакылыгы деп эсептейм, - деди ал. - Президенттин аймактагы беш-он киши иштеген жерге барганы уят. Маселен, «Нарынды комплекстүү өнүктүрөбүз» деп айтып эле жүрүшөт. Облустун өлкөгө алгылыктуу таасир эте турган потенциалы бар. Мал чарбачылыгын канткенде өнүктүрөбүз деп ойлонушу керек эле. Бир сүт заводу менен маселе чечилбейт. Президент Ат-Башыдагы чакан каналдын курулушун көргөнү барыптыр. Министрликтер чоң иш кылып жаткансып ал жерге плакаттарды илип алганы күлкү келтирет. Президент ошол аймакка мурда барган кезде кандай тапшырма берди эле, алардын кайсынысы аткарылбай калды деп мониторинг кылса болмок. Өкмөттүн ишине баа бериши керек эле да! Ал кишини биз «айыл чарбасын түшүнөт, приоритеттүү өндүрүшчүл» деп баалап жүрөбүз. Ошонусун көрсөтүп койсо болмок. Бул жолу «президент келип кетти» деген кеп эле болду».

Редактордон сунуш

Рыскулбеков: Президентке элдин маанайын жеткиргенге аракет кылдыкДүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык күчөйт

Президенттин шайлоо алдында аймактарды кыдырып жатышын атайын уюштурулган жүрүш катары баалагандар да бар. Алардын бири - саясатчы Бектур Асанов.

«Шайлоо алдындагы кыдыруу, бийлик партияларына тымызын үгүт жүргүзүү деп эсептейм, - деди саясатчы. - Анткени азыр элдин маанайы жакшы эмес. Шайлоодо мурдагыдай административдик ресурстун же акчанын күчү жардам бербей турганын бийлик жакшы түшүнүп калды. Ошондуктан аймактагы абалды өз көзү менен көрүп, аткаминерлер жана жергиликтүү автивдер менен жолугуп, сүйлөшүү үчүн облустарды кыдырып жүрөт деп ойлойм. Акыркы кезде элдин нааразылык маанайынын курчуп кеткени, акыркы үч жылда мамлекетте эч кандай реформа жүрбөгөнү, бийликтин баркы кеткени оппозициялык партиялардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатты. Буга байланыштуу бийликтин азыркы учурда шайы ооп турат деп айтсак болот».

Президенттин аймактардагы жумуш сапары июнь айында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында болгон. Андан соң Талас, Ысык-Көл, август айында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​