«Миллиондор изи»: Казынага түшпөгөн миллиарддар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка акча ташыган Аеркен Саймаити жана анын фирмасы өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык төлөшү керек эле. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка акча ташыган Аеркен Саймаити жана анын фирмасы өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык төлөшү керек эле. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Жыйында өлкөдөн күмөндүү акча чыгарылып жатканы тууралуу атайын кызматтарга эчен ирет кат жазылганы менен чара көрүлбөгөнү да баса белгиленди.