Айдар Акаев 5-февралда жүрөк оорудан каза тапкан. Шаршембиде Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубандын сөөгү Кеминде жерге берилген.
Мурдагы президенттин уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айдар Акаев 44 жашында Москва шаарында каза болду. Жакын санаалаштары ал жүрөк оорудан көз жумганын, акыркы жылдары саламаттыгы начарлап жүргөнүн айтышууда.
Маркумдун сөөгү Москва шаарында 8-февралда жерге берилет. Анын үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алганын Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Дамир Асанов «Азаттыкка» билдирди:
«Cөөгү Москвада коюлат. Үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алыптыр. «Ушул ишембиде жерге берилет» деп айтып жатышат. Аскар Акаев Айдар акыркы беш жылдан бери жүрөк оорусуна чалдыгып, дарыгерге көрүнүп жүргөнүн айтты. Акыркысында микроинфаркт болуптур».
Айрым маалыматтарда маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлары айтылууда.
Дагы караңыз "Манастагы" күмөндүү миллиондорАйдар Акаевдин баскан изи
Айдар Акаевдин Москвада жашап жатканына 15 жыл болду. Ал 2005-жылкы март окуяларында атасы Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин ата-энеси, бир туугандары жана өзүнүн үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.
Москвада жашаган жылдары Айдардын жеке ишкердик менен алектенип жүргөнү айтылса да так маалымат жок.
Айдар Акаев 2001-жылдары финансы министринин кеңешчиси жана алгач Кумтөрдү иштетүүгө алган канадалык «Камеко» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2005-жылы Бокс боюнча федерациянын жана Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болгон.
Ал кезде «Рентон-групп» компаниясынын ири акциясына, «Бител» уюк байланыш операторуна ээлик кылган. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.
Айдар Акаев 1976-жылы Ленинград шаарында туулган. 1998-жылы АКШдагы Мэриленд университетинде менежмент жана бизнес адистиги боюнча билим алган.
Атасынын бийлигинин учурунда бир катар жооптуу иштерди аркалаган. 2001-жылы Кыргызстандын финансы министринин кеңешчиси болгон. Ал убакта Кыргызстандын Париж клубуна болгон карызын реструктуризациялоо менен алектенгени айтылып жүрөт.
Дагы караңыз Айдар Акаевди жоопко тартуу аракетиКозголгон иштер
Март окуяларынан кийин Айдар Акаев бардык мамлекеттик кызматтардан бошотулуп, мамлекеттик мүлктү талап-тоноого, каржылык чайкоочулукка байланыштуу шек саналып, кылмыш иши козголгон.
Кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга байланыштуу айып коюп, эл аралык издөө жарыялаган болчу. Аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча Орусияга экинчи жолу өтүнүч жөнөтүлгөн.
Былтыр августта Башкы прокуратура Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фондуна, уулу Айдарга жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Аталган орган мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскерткен.
Коомдук ишмерлердин реакциясы
Айдар Акаевдин ишмердиги тууралуу өлкөдөгү саясатчылар түрдүү пикирде. Атап айтканда, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Адил Турдукулов Аскар Акаев бийликте турган кездеги саясий жагдайды эске салып, өлкө президенттик башкарууга ыктаган системадан азыр да кете албай жатканын билдирди. Ошону менен катар ал Айдар Акаев өз мекенинде жерге берилсе болмок деген оюн айтты:
«Акаевдин убагында президенттин институту күчтүү болгон. Сот системасын, аткаруу бийлигин ж.б. кызматтардын баарын басып турган. Ошол кезде туура эмес түзүлгөн саясий системанын арты ушуга алып келди. Супер президенттик башкаруудан азыр да кете албай жатабыз. Албетте, азыр үй-бүлөлүк башкаруу мурдагыдай эмес. Бирок президентке жакын кишилер маанилүү кызматка келгени үчүн коррупция тыйылбай жатат деген ойдомун. Аскар Акаевдин учурунда оң жана терс иштер болгон. Ага бир тараптуу баа берүү кыйын. Тарых өзү баа берет. Ал эми анын уулу Айдар Акаев менен мен жакындан тааныш эмесмин. Көзү өтүп кеткенден кийин аны сындаганды да туура көрбөй турам. Убагында ал тууралуу ар кандай пикирлер айтылган. Бирок өлүм баарына бирдей эмеспи. Ошол себептүү, сөөгү кыргыз жараны катары өз мекенине коюлса туура болмок деп ойлойм».
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова да мамлекет Айдар Акаевдин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берсе болмок деген ойдо. Ал мурдагы президент Аскар Акаевге жасалган мындай мамиле ар кандай себептер менен өлкөдөн чыгып кеткендерге да таасирин тийгизиши мүмкүн деп чочулайт.
«Айдар Акаевди биз убагында президенттин уулу катары гана билчүбүз. Ырас, Бермет экөө 2005-жылы парламентке ат салышкан. Бирок мамлекеттик чечим чыгарып, кандайдыр бир зыяны тийгендей кызматта отурган эмес. Мен ушул жерден бир нерсени белгилеп кеткем келет. Аскар Акаевдин Кыргызстандан чыгып кеткенине быйыл мартта 15 жыл болот. Акаев бийликтен кеткенде аны оппозиция, белгилүү саясатчылар көп кылмышка айыпташкан. Бирок ошол сөздү айткандар кызматка келгенде деле туңгуч президентке каршы кылмыш ишин козгошкон эмес. Ушул күнгө чейин Аскар Акаевди күнөөлүү деп тапкан соттун чечими жок. Бирок ага карабай Аскар Акаев агасы каза болуп, ага топурак салууга келе турган болгондо Башкы прокуратура «келсе кармайбыз» деп билдирүү жасаган. Бул эч негизсиз эле куугунтук болуп саналат. Эгер Акаев күнөөлүү болсо, анын иши сотко жетиши керек. Андай болбосо ага карата куугунтук токтоп, мамлекет уулунун сөөгүн Кыргызстандын бир бурчуна койгонго шарт түзүп бериши керек эле. Өлүм баарыбыздын башыбызда бар. Азыр Кыргызстандан айласыз чыгып кеткендер, ар кандай себептер менен качып жүргөндөр бар. Мындай мамиле аларга да таасирин тийгизбейт деген кепилдик жок».
Айдар Акаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын атасы Аскар Акаевге көңүл айткандардын катары көбөйүүдө. Алардын арасында 2005-жылы март окуяларынан кийин Аскар Акаевдин ордуна бийликке келген Курманбек Бакиев да бар.
Социалдык тармактарда Бакиевдин тарапташтары анын атынан жазылган кайрылуу таратышты.
«Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дүйшөновна, сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен, Бакиев Курманбек Салиевич», - деп айтылат кайрылууда.
Курманбек Бакиев да 2010-жылкы апрель окуясында бийликтен кулатылып, соңунан үй-бүлөсү менен Беларуска кеткен. Апрель окуясында сексенден ашык адам мерт болгон.
Айдар Акаев 20-февралда 44 жашка чыкмак. Ал үй-бүлөдө экинчи бала. Эжеси Бермет, карындашы Саадат, иниси Илим. Ал биринчи жолу Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаевага үйлөнүп, экөө үч жыл чогуу жашагандан кийин 2001-жылы ажырашып кеткен. Кийин теле алып баруучу Сайкал Чокубаевага үйлөнгөн, артында эки уул, бир кызы калды.
Айдар Акаевдин көзү өтөрдүн алдында Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев да каза болуп, Кеминде жерге берилгени маалым болду.
Аскар Акаев бир тууган эки агасына да топурак сала алган эмес.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.