Элчи айым буга карата билдирүү жасап, аны каралоо аракеттери болуп жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаилова 2020-жылы коронавирус пандемиясы күчөп турганда вице-премьер-министр болуп иштеген. Ошондо анын кесипкөйлүгүн сынга алгандар болгон.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында Аида Исмаилова тууралуу маселени депутат Кубанычбек Самаков айтып чыкты.
Ал кесиптештерин комиссия түзүүгө чакырып, элчиге айтылган сын-дооматты иликтеп, ишине баа берүү керектигин билдирди:
"Аида Исмаилованын иши тууралуу маалымат каражаттарында талкуу жүрүп жатат. Биз тармактык комитет катары депутаттык комиссия түзсөк. Ал депутаттык комиссияга атайын кызматтардын дагы өкүлдөрүн кошсок. Анткени бизге Түштүк Кореядан жарандарыбыз көп кайрылып жатат. Кыргызстанга инвестиция алып келебиз дегендер да көп кайрылып жатат. Биздин элчинин ишине баа берип, дыкат териштирүү үчүн комиссия түзсөк".
Комитеттин жыйынында бул сунуш колдоо тапты, эми парламенттин жалпы жыйынында көпчүлүккө салынмакчы.
Депутаттын бул билдирүүсүнө Аида Исмаилова дароо үн катты. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео комментарий жарыялап, аны кайсы бир адамдардын тобу каралоого аракет кылып жатканын билдирди. Элчи айым бирок эч кимдин атын ачык атаган жок.
"Элчи катары менин ишимдеги артыкчылыктуу багыттардын бири экономикалык дипломатияны илгерилетүү болуп саналат. Акыркы жылдары кыргыз-корей соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы сапаттуу деңгээлге чыга баштады. Мен ар дайым ишимде потенциалдуу инвесторлордун Кыргызстандын тармактык мамлекеттик органдары менен түздөн-түз кызматташуусуна көңүл бурам. Элчиликтин көмөгү менен кореялык компаниялар Кыргызстандын тармактык мекемелери менен түз иштеп, натыйжаларга жетишүүдө. Кээ бир адамдардын тобу мындай иштерге чоң тоскоолдук жаратууда. Алар Кыргызстанда ишмердик жүргүзгөн корей компаниялары үчүн ортомчулук кызмат көрсөтүшөт, бирок аны жеке пайда көрүү кызыкчылыктары үчүн жүргүзүшөт. Бул иштерге мен тараптан бөгөт коюлган, ошол себептен коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин жана Элчиликтин ишине тийиштүү каралоо жана жалган маалымат таркатуу боюнча комплекстүү кампания жүргүзүшүүдө", - деди Исмаилова.
Кубанычбек Самаков "Азаттыкка" комментарий берип жатып Исмаилованын мындай билдирүүсүнөн кийин депутаттык комиссия түзүүгө дагы бир себеп бар экенин айтты:
"Элчи ошол жердеги кайрылууларга кайдыгер мамиле кылып жатканына байланыштуу ушундай билдирүү жасап, комиссия түзөлү дегем. Жогорку Кеңештин мыйзам жазуу функциясынан сырткары мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө деген дагы функциясы бар. Андан сырткары Тышкы иштер министрлигинин иши биздин тармактык комитетте каралганына байланыштуу элчилерди жана дипломатиялык өкүлдөрдүн ишин текшерип, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө укугубуз бар. Менин сунушум толугу менен комитетте колдоо тапты. Ошонун негизинде жалпы жыйынга алып чыгып карайлы дегенбиз. Биз эл айтып жаткан талаптарды четке кагып, дипломаттын гана позициясын карап отура бергенибиз туура эмес. Биз анын баарын угуп, туура же туура эмес, анык же анык эмес экенин талдап, баа берип, далилдери болсо, аны андан ары иштей бергидей кылышыбыз керек. Мен жарандарыбыздын кайрылууларынын негизинде комиссия түзөлү дедим. Элчи айым өзүнүн видео кайрылуусунда маселе бар экенин ырастап жатпайбы. Ал "ооба, ушундай каралоо жүрүп жатат, сын-пикир айтылып жатат" деп өзү да тастыктап жатпайбы. Демек, мен комиссия түзөлү деп туура эле сунуш кылып жатыптырмын да. Бизде элчиликтин ичинде дагы пикир келишпестик бар деген маалымат бар. Бир чөйрөдө жүргөн адамдар карама-каршы пикирде болсо, бул жерде Кыргызстандын аброю тууралуу сөз болот да. Ошондуктан бул жерде бир тарабы туура, экинчи тарабы туура эмес болушу керек да".
Дагы караңыз Парламент Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок
Буга чейин элчиликтин иши тууралуу маселе Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандык ондогон жарандар алдамчылыктан жабыркаганын айтып чыгышканда дагы көтөрүлгөн.
Чоң суммадагы акчасын алдатып жибергенин айткандардын бири Кубан Алыбек уулу Кыргызстанга Түштүк Кореядан машина, телефон өңдүү ар кандай товар жөнөтүп келгенин, акчасын түштүк кореялык ишкер аркылуу криптовалюта менен алып жүргөндө алданып калганын, элчиликтен юридикадык жардам күтүп жатканын айтып берген.
"Биз элчиликке барып, тергөөчүлөргө арыз жазганбыз, бирок ал каралбай жатат десек, элчилик "биз бул окуя боюнча нота жөнөткөнбүз, процесс бир аз созулат" деп айтты. Азыр эми бул окуя эмне болуп бүтөрүн, Интерполго чейин кайрылуу болобу же жокпу, билбейбиз. Кечээ жолугушууда мен бул жакта адвокаттардын кызмат акысы кымбат, 25-30 миң долларга чейин экен деп айттым. Биз элчиликке силер юрист, адвокат табуу жагынан жардамдашып, ишти кароону тездетүүгө көмөктөшө аласыңарбы деп сураганы барганбыз. Элчиликте бизге "Кореянын Тышкы иштер министрлигине нота жаздык, полиция бул ишти териштирүүгө көбүрөөк убакыт - жарым жылдай кетет деп айтты" дешти". Арыздар жазылган, бирок жакшы каралбай жатат. Адатта Түштүк Кореянын полициясы мигранттарды тез эле кармайт. Интернетке ошол өзбекстандык жаран 23 миллион доллар алдап кеткени тууралуу маалыматтар деле чыгып жатат", - деген Алыбек уулу.
Тышкы иштер министрлиги бул арыз тууралуу түшүндүрмө таратып, кыргыз элчилиги тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөткөнүн маалымдаган.
48 жаштагы Аида Исмаилова Бишкек шаарында туулган. 1994-1999-жылдары Бишкек гуманитардык университетин экономист-чыгыш таануучу адистиги менен аяктаган. Эмгек жолун 1997-жылы "Баласагын" деп аталган жеке мектепте корей тили мугалими болуудан баштаган. Андан кийин кореялык бир катар компанияларда котормочу, менежер, компаниянын өкүлү болуп иштеген. 2011-2015-жылдары Silk road services ишканасын жетектеген.
Исмаилова саясатка 2015-жылы аралашкан. Ошол жылы парламенттик шайлоого "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмесинде катышып, 20-орунда болгон. Үгүт маалында шайлоодо жетиштүү добуш албай калса, мандатын өз эрки менен тапшыра турганын айтып, кудайды, балдарын оозанып ант берген талапкерлердин бири болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланганда, аталган партияда мандат талаш чыккан. Фракция жетиштүү добуш топтой алган жок деген негизде тизмеден чыгарган төрт талапкердин бири Исмаилова эле. Ал Жогорку сотко чейин жетип, мандатын кайтарып алган жана фракциялаштары менен тил табышканын билдирген жайы бар.
Депутат кезинде незинен дары саясаты, турак жай маселеси, билим берүү өңдүү социалдык маселелерди көтөрүп келген.
Аида Исмаилова ошол чакырылышта бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү талаш-тартыштуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон жана буга байланыштуу журналисттердин суроолоруна ачык жооп бербей келген.
2020-жылы апрель айынан август айына чейин коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда иштеген. Ошол учурда Исмаилованын кесипкөй иш билгилигине байланыштуу маселе байма-бай көтөрүлүп турган. Оору күчөп турганда өкмөттүн чабал даярдыгы сынга кабылган. Исмаилова дооматтардын баарын четке каккан. Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготуулар жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссия өкмөттүн ишинде бир топ мүчүлүштүктөрдү тапканын билдирген. Ушул корутундунун негизинде 2021-жылдын башында Исмаилова ошол кездеги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыккан жана коронавирус пандемиясы маалында ката кетирилгени тууралуу сындарды негизсиз деп атаган.
Исмаилова Октябрь окуяларынан кийин келген Садыр Жапаров башында турган өкмөттө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлгөн, бирок аны Жогорку Кеңеш колдобой койгон. Депутаттар негизинен аны коронавирус пандемиясы маалында кетирилген кемчиликтерден улам сынга алышкан.
Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалганда, дипломатиялык тажрыйбасы жок деген сын айтылган.
Журналист, талдоочу Адил Турдукулов дипломаттардын дайындалашына байланыштуу талаш-талкуулар тууралуу ой бөлүштү:
"Кыргызстанда эле эмес, башка көп мамлекеттерде деле бул же тигил элчи кайсы принциптин негизинде дайындалышы керек деген талкуу жүрө берет. Айрымдары ошол Тышкы иштер министрлигинде иштеп, бардык тепкичтерди басып өтүп, анан гана дайындалышы керек дешет. Кээ бирлери саясий салмагы бар фигура болушу керектигин айтышат. Мен булардын ортосундагы ойлорго кошулам. ТИМде иштеп, тажрыйба алса жакшы болот. Башка тармактардан келип элчиликке дайындалса деле жакшы болот. Алар саясий фигура, түздөн-түз президентке бай ийишет. Башка жактан алган тажрыйбасы тоскоол болбой, тескерисинче жардамы да тийиши мүмкүн. Мисалы, Төлөмүш Океев режиссер болуп жүрүп жакшы элчи болгон дешет. Өмүрбек Текебаевди баса белгилеп койсок болот. Абдан салмактуу саясий фигура. Аида Исмаиловага келсек, менимче, ал тажрыйбалуу айым. Корей тилин билет. Депутат болгон, өкмөттө иштеген. Туура эле тандалса керек деп ойлойм. Айрыкча элчилерге сын пикир айтыла берет. Анткени көбүнесе жасаган иштери коомчулукта ачык жарыяланбайт, жабык болот, баарын ачыкка чыгара албайт. Жабык талкуулар болушу мүмкүн. Аларда пиар кылып жарыялап айтуу деген салт жок. Алардын жасап жаткан иштери көбүнчө президентке, Тышкы иштер министрлигине гана белгилүү болот. Биздин мигранттар көп жүргөн өлкөлөрдөгү элчилерге айтылып жаткан сын пикирлер бир чети объективдүү. Ал жактагы мекендештерибиз көп тоскоолдуктарга дуушар болот. Элчиликтеги кызматкерлердин саны аз, каражаты чектелүү. Баарына жетише албайт. Ошондуктан кандай гана дасыккан мыкты элчи келсе деле ошондой нааразылык, чыр чыга берет".
Президент Садыр Жапаров кыргыз элчилерин ошол иштеген өлкөлөрүнөн көбүрөөк инвестиция тартууга аракет кылышы керектигин белгилеп келет.
Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Эмил Калилов инвесторлорду тартууда элчинин жана элчиликтин эле иш-аракети жетиштүү эместигин белгилейт:
"Түштүк Кореяда санариптештирүү өңдүү өнүккөн тармактары абдан көп. Жеке инвестиция салууга, биринчиден, мамлекеттик кепилдик керек, болбосо ишкерлер ишенишпейт. Алар биздеги сот системасына ишенбейт го. Экинчиден, бизде базардын көлөмү кичине. Демек, хаб катары, бул жакта буюмду өндүрүп, чет өлкөгө, КМШ аймагында сатса болмок. Анан корей өкмөтүнүн чет өлкөлөргө бериле турган грант жана арзан кредит сыяктуу жакшы программасы бар. Аны дээрик 100% грант десе болот. Бирок алар долбоорлорду талап кылат. Ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемеге окшогон кагаздарды, маалыматтарды сурашат. Менин билишимче, Өзбекстан мындай ири суммадагы грант алып, жакшы иштетти. Бизде кагаздар берилбей, жакшы толтурулбай жүрүп, балдар ооруканасына гана чакан грант алынды окшойт".
Кыргызстан Чыгыш Азиядагы өлкөлөр ичинен Түштүк Корея менен алакасын активдүү жүргүзүп келет. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1 миллиард доллардын тегерегинде. Мунун 99 пайыздан ашыгы Түштүк Кореянын товарларынын экспорту түзөт. Мындан сырткары соңку жылдары бул өлкө кыргызстандык эмгек мигранттарынын багытына айланып, 15 миңге жакын кыргыз жараны иштеп жүргөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирген.