Түркия: саламаттыгынан айрылган мигрант келиндер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түркияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин арасында саламаттыгынан айрылып, жардам сурагандар бар. Оор жумуштун, автокырсыктын айынан майып болгон аялдар чет жерде каражатка муктаж. Аларга мекендештери жана ыктыярчылар кол сунуп, айрымдары мекенди көздөй бет алганга умтулууда.