Африканын батыш тарабында жайгашкан Чад мамлекетинин президенти Идрисс Деби «Боко Харам» террордук тобунун чабуулунан 100дөй жоокерин жоготконун билдирди. Кол салуу Нигер жана Нигерия мамлекеттери менен чектешкен провинцияда болгон.
23-мартта Нигерияда да ушул топтун чабуулунан 70дей аскер курман болгон. Согушкерлер аларды бутага алып, ар кандай оор аскердик куралдарды колдонушкан.
Радикал исламчылардын «Боко Харам» тобу Нигериянын түндүк-чыгышында жана кошуна өлкөлөрдө күч түзүмдөрү менен тогуз жылдан бери согушуп келе жатат. Бул аралыкта түмөндөгөн адамдар курман болуп, эки миллиондой киши качкынга айланды.