Ооганстан: жанкечтилик исламга каршы

Теракт болгон жерге келген ооган коопсуздук күчтөрү. 4-июнь, 2018-жыл

4-июнда Кабулда имамдардын жана диний аалымдардын ири жыйыны өтүп жаткан жердеги жанкечтинин кол салуусунан 14 киши каза тапты.

Диний лидерлер бул чогулушта жанкечтилик исламга каршы келерин билдирген фатва кабыл алышкан. Аалымдардын бул диний өкүмүн президент Ашраф Гани да кубаттап, аларга каршы жасалган кол салууну кескин айыптады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кабулда болгон жанкечтинин чабуулунан 14 киши өлдү, анын ичинде жетөө диний кызматкерлер. Ооган баш калаасынын тургуну Сыддык Улла кулак тундурган жардырууну мындайча айтып берди:

- Бул айлана-тегеректи титиреткен катуу жарылуу болду. Бир канча убакыт жерде жаттым. Андан кийин жарылуу болгон жерге барсам, адамдар өлүп жаткан экен.

Уламалардын Кабулдагы жыйыны. 4-июнь, 2018-жыл

Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, теракт Аалымдар кеңешинин ири чогулушу өтүп жаткан имараттын кире беришинде болгон.

Жыйынга чогулган эки миңдей киши, анын ичинде диниятчылар, окумуштуулар жана бийлик өкүлдөрү кол салууга чейин жанкечтилердин жардыруусу ислам шариятына каршы келерин белгилеп, буга каршы тийиштүү фатва да кабыл алышкан. Ал диний чечимде жанкечтилик арам экени көрсөтүлгөн. Жыйында ошондой эле “Талибанды” жана башка согушкер топторду ок атышууну токтотууга, тараптарды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө отурууга чакырган кайрылуу кабыл алынган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани уламаларга каршы багытталган кол салууну кескин айыптады. Ал бул тууралуу өзүнүн видеокайрылуусунда билдирди:

- Бүткүл өлкө боюнча чогулган имамдардын, диний аалымдардын чоң жыйынына каршы жасалган кол салуу - чындыгында ислам пайгамбарынын мураскерлерине жана исламдын баалуулуктарына каршы чабуул.

Ашраф Гани.

Америка Кошмо Штаттары да бул кол салууну дароо айыптады. “Ооганстанда тынчтык орнотууга ниеттенген жарандарга жана диний лидерлерге жасалган кол салуу согушкерлердин караниеттигин көрсөтөт жана бул нерсе алар коргоп жатабыз деген ислам принциптерине карама-каршы келет” деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

Жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун Ооганстандагы канаты жоопкерчилик алды. “Талибан” бул кол салууга алардын тиешеси жок экенин билдирди.

Орозо башталганына карабастан согушкерлердин кол салуусунан акыркы айда баш калаа Кабулда жана аймактарда ондогон карапайым тургундар өлдү. Апрель айында “Талибан” кыймылы өзүнүн жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.