Ооганстан: тыюу салынган ит талаш

Ит талаштарына Ооганстанда мыйзам боюнча тыюу салынганы менен андай оюн-зоокко кызыккандар дагы деле көп. Кандуу спортко каршы болгондор өкмөт жаныбарларды коргоо чөйрөсүндө мыйзамдарды күчөтүшү керек дешет.
Эки дөбөт чаңды асманга сапырып, бири бирин эки жакка сүйрөп, тиштерин этине чейин батырып жаткан кезде кандуу кармашка күбө болгон айланадагы жүздөгөн киши ызы-чуу түшүп, кадимкидей дүрбүшөт.

Кабулдун чет жактарындагы баткак, кир көчөлөрүндө мындай мелдешти көп көрсө болот. Иттердин урушу Ооганстанда убакыт өткөрүүнүн популярдуу түрү.
Анын үстүнө акча сайып, бир топ киреше тапса болот.

Мыйзам боюнча кумар оюндун бир түрүнө айланган андай спортко тыюу салынган. Бирок эл арасындагы популярдуулугун, жүгүртүлгөн акчанын көлөмүн, кубаттуу адамдардын аралашканын эске алып, бийлик ага көз жумду мамиле кылып койот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстандагы ит талаштыруу

​Соңку кезде сынчылардын апазы көбүрөөк угула баштады. Диний лидерлер жана укук коргоочулар өкмөттөн жаныбарлардын урушуна тыюу салууну талап кылышты.

Ажылык жана ислам иштери боюнча министр орун басары Дихал Хак Хабид бул маселени Ички иштер министрлигинин кароосуна койгону жатат:

- Ит, жырткычтар, корооздордун уруштарына мусулманчылыкта жол берилбейт. Ушул аптада ички мекеменин өкүлдөрү менен жолугушканы жатабыз. Министрлик аркылуу андай оюнга тыюу салынат деп үмүттөнөбүз. Аракеттерибизден майнап чыгат деп ишенем.

Тиешелүү статистика жүргүзүлбөгөнү менен Хабиддин айтымында, кумарга берилгендердин, банкрот болгон адамдардын саны көбөйүүдө. Бул өз кезегинде кылмыштуулуктун, мыйзамсыз иш-аракеттердин өсүшүнө алып келет. Ал кандуу спортту исламга төп келбеген жорук деп эсептейт.

Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын Кабул регионалдык директору Шамсулла Ахмадзай болсо ит талаштарды примитивдүү улуттук салт деп атайт.

Жаныбарларды коргоо маселесин ал парламент мүчөлөрүнүн арасында козгоого аракеттенген:

- Жаныбарларга зыян келтирүү адамдарды кантип кубантсын? Кармаш учурунда жандыктардын көбү жарадар болот. Алардын кыйналганы көңүл ачуунун булагы болбоого тийиш. Өкмөт тиешелүү чара көрүшү зарыл.

Ооганстанда элдин көбү иттерди “ыплас” деп, үйлөрүндө багышпайт. Ал эми жаныбарларга кам көрүү, аларды коргоо чет өлкөлөрдөн келген түшүнүктөр. "Ошон үчүн андай оюндар тыйылбай келатат", - деп түшүндүрөт Ахмадзай.

Кабулдун тургуну Нур Мохаммаддын айтымында, ит талаштары жандыктын өлүмү менен аяктабайт. Адатта кайсы бир тарап үстөмдүгүн далилдесе, мелдеш токтотулат. Кармашка алып чыккан иттерди жакшылап багып, машыктырышат. Кээ бир учурларда ит багууга кеткен акча орточо маянадан ашат:

- Иттерге музоонун этин беребиз. Жумшаргыча жакшылап кайнатабыз.
Мелдештин алдында эртең менен жакшылап тойгузабыз. Ит багуу абдан кымбатка турат. Бир үй-бүлөнү багуудан көп акча кетет. Бул – хобби. Жаныбарлардын ырыскысы адамдардыкындай эле Кудайдын колунда.


"Талибан" кыймылы бийликте турган кезде ит уруштарына тыюу салынган. Алар азыр деле андай модага каршы. 2010-жылы февралда Гелманд чөлкөмүндө ит урушу маалында бомба жарылган. Ошондо кеминде 3 киши өлгөн. Андан мурун, 2008-жылы да андай мелдештерди бутага алган кол салуулар болгон.