Түркмөнстан Индияга чейин газ куурун курууну баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркмөнстан Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштады. Курулуштун расмий ачылышы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары шаарына жакын, “Галканыш” ири газ кенинен алыс эмес жерде болду. Газды экспорттоодо Кытайдан көз карандылыкты азайтуу максатында башталып жаткан долбоорго 10 млрд. АКШ доллары сарпталары айтылууда.