Ооганстан: Шайлоонун сыноосу

Ооганстанда эртең өтө турган президенттик шайлоодо көңүл өзгөчө Хелманддагы абалга бурулат деп күтүлүүдө. Талиптердин очогу деп саналган бул аймакта адамдар жаңы чабуулдардан коркуп, шайлоого катышпай коюшу мүмкүн дешет.
Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд вилоятында бир топ убактан бери 15 миңдей америкалык жана британ аскерлери талиптерге каршы операция өткөрүштү. Натыйжада алар провинциянын түндүгүндөгү Наузад районун талиптердин көзөмөлүнөн бошотушту. Бул аймакта жалпысынан 13 район бар. Анын ичинде 10 районду ооган өкмөтү талиптердин көзөмөлү астында деп эсептейт.

Хелманддын губернатору Гулаб Мангал 17-августта Наузаддын эли менен көрүшүп, аларды бейшембиде шайлоого катышууга, жаңы президент жана жергиликтүү кеңештин мүчөлөрү үчүн добушун берүүгө чакырды.

“Наузадда тынчтык орноп, анын эли шайлоого катышышы үчүн, Ооган ислам республикасынын аскерлеринин, эларалык күчтөрдүн эрдиги менен жеңишке жеттик, - деди ал. - Эми ушул жеңишти бекемдеш үчүн биз биргеликте иштешибиз керек”.

Чогулушка келген жергиликтүү аксакалдар “адамдарды шайлоого катышсын десеңер, эң оболу тынчтыкты орноткула” деген таризде жооп кайтарышты.

Хелманддагы операцияга 15 миңдей аскер тартылган
“Тынчылык болбосо, эч ким добуш берейин деп келе койбойт, - деп сөзүн баштады аксакалдардын бири. - Там-жай сатып алганга, бизнес жүргүзгөнгө пулу бар адамдар алда качан эле Наузаддан кетип калышкан. Азыр буерде ишсиз, кароосуз адамдар, жумушсуздар эле калды. Алгач силер туруктуу саясий системаны тургузгула. Анан мен силерге турмушумду оңдош үчүн жардам сурап келем”.

Азыр чынында хелманддыктардын көбү эки анжы ойдо турушат. Шайлоого катышайын десе, эртең эле талиптер бийликти колуна алып алышса, күн көргөзбөйт.

Хелманд апийим өндүрүшүнүн өтө жогору көрсөткүчү менен айырмаланат. Анан жалпы өлкө боюнча да эң тынчыбаган аймак катары белгилүү. Акыркы айлардагы аскерий операцияларга карабай, бул аймакта талиптер дале көзөмөлүн жогото элек райондор бар.

Андыктан ушул жерде шайлоону аман-эсен өткөрүп алуу жалпы Ооганстанда стабилдүүлүктү орнотууга жумшалып жаткан бүт аракеттерге сыноо болоору айтылууда.

“Азаттыктын” Хелманддагы кабарчысы Мухаммад Алияс Далинин айтымында, бул аймактагы 222 шайлоо бекетинин болгону 107 гана ачылат деп күтүлүүдө. Анткени түштүк Хелманддагы Вашир району толугу менен жана Наузад, Над Али райондорундагы бир топ жерлер дале талиптердин колунда.

Акыркы бир топ жылдардан бери ооган өкмөтү менен анын эларалык союздаштары Хелмандды колдон чыгарып алышканы үчүн бири-бирин айыптап келишти. 2005-жылга чейин, губернатор Шер Мухаммад Ахунзааданы президент Хамид Карзай баңги бизнеси үчүн иштен алганга чейин, бул вилоят салыштырмалуу стабилдүү деп саналып келген.

Иши кылып, жергиликтүү эл азыр кандай кылаарын билбей турган чагы. Талиптер кимде-ким шайлоого катышса, жок кылынаарын эскерткен. Бийликтер болсо 18-августтагы билдирүүсүндө эларалык маалымат каражаттарын 20-августта кайсыл бир жерлерде жардыруулар болсо, аларды кабарлабай эле тургула деп суранышты. Адам укугун коргоочулар менен журналисттер бул билдирүүнү заматта айыптап чыгышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстан: Шайлоонун сыноосу