Ооган президентинин кеминде 20 кызматкеринен коронавирус табылды

Ооганстандын президенти Ашраф Гани телекайрылуу маалында. 16-апрель, 2020-жыл

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин администрациясында иштеген 20дан ашуун кишиден коронавирус табылгандыктан 70 жаштагы ооган лидери толугу менен онлайн иштөөгө өттү. Ооган өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргендей, бул кызматкерлер анализдерин айдын башында тапшырышкан, жыйынтыктары эми чыкты. Расмий кат кагаздардан жаңы вирус жугушу мүмкүн деген шектенүүлөрдөн улам эми бардык документтер атайын тазалоого алына турган болду. Коронавирус табылган кызматкерлердин көбү анализинин жыйынтыгы чыккыча президенттик сарайда иштеп жүргөнү эске алынып, Ашраф Ганинин кеңсеси эми толугу менен онлайн байланышууга өтүп, вирус табылгандар менен чогуу иштешкендердин баары карантинге алынды.