«Адилет» укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскертти. Уюм мунун айынан ишкерлер чет жакка ооп жатканын белгиледи.
Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта акыркы эки айда ишкерлерге 140 кылмыш иши козголгонун айткан. Президент мурдараак эки жарлыгын ишкерчиликти коргоого арнаган.
Уюмдун эскертүүсү
Президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусун «Адилет» укуктук клиникасы өзүнүн сайтына жарыялады.
Өкмөттүк эмес уюм өз билдирүүсүндө укук коргоо органдары 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин бизнес-коомчулукка басым күчөгөнүн эскертет. Анын ичинде ишкер чөйрөнү текшерүү, бизнес чарбаларга жана ишканаларга ар кайсы себептер менен кылмыш ишин козгоо өңдүү көрүнүштөр арбыганы белгиленип, ал көрүнүштөр айыпталат.
Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова бул жагдайга үч көйгөй себеп болуп жатканын белгилеп, аларды чукул арада оңдоого чакырды.
«Биринчиден, бизнес улам өзгөрүп жаткан мыйзамдардан улам өзүн корголгон абалда сезбей жатат. Бир эле мисал, жаңы Жазык-процесстик кодекси киргизген «тергөө менен кызматташуу» деген «жаңылык» практикада туура эмес колдонулуп, «кустурабыз эле, кустурабыз» деген нерсеге алып келди. Анын методикасы түшүндүрүлбөйт, акча кайсы жакка кетип жатат - айтылбайт, бардыгы жабык өтүп жатат. Жаңы Конституция кабыл алынса, өтө көп мыйзамдар өзгөрөт, бейстабилдүүлүк жаратат. Экинчиден, ошол эле мыйзамдар иш жүзүндө карама-каршы жана тандалма түрдө жүрүп жатканы. Укук коргоо органдары мыйзамдардын чараларын кандай кааласа ошондой колдонушууда. Үчүнчүдөн, буга көзөмөлдүн жетишсиздигинде. Ишкерлер көп чыгымдардын ордун толтурдук деп жатышат, бирок мыйзамды сактап иш алып барган ишкерлер мамлекеттик машиненин алдында калып кетип жатышат».
Дагы караңыз «Бизнести текшерүү пиар болбошу керек»Кайрылууда 2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандан Казакстанга агылган ишканалардын саны 46% өскөнү, ал эми жыл башынан бери экономика 9% артка кеткени мисал келтирилет. Бул сандардын биринчисин Эл аралык ишкерлер кеңеши, экинчисин Улуттук статистика комитети мурдараак чыгарган.
Чолпон Жакупова мунун баарына бюджетти толтуруу шаңы менен уланып жаткан куугунтуктар себеп болуп жатат дейт:
«Бизнес тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сүйөт. Ал мыйзамдар улам жаңыланып жатканын, ал туура эмес аткарылып жатканын, ага көзөмөл жок экенин көрсө эмне кылат? Каякка кайрылат? Соткобу, прокуратурагабы же Улуттук коопсуздук комитетинеби? Бул органдар өздөрү коррупциялык органдар эмеспи. Бизнесмендер укугун коргоп, жөн гана бизнесин жаап, чет өлкөгө, анын ичинде коңшу Казакстанга же дагы башка мамлекеттерге которуп кетип жатат. Ошондуктан «оюн эрежелерин» тактап алгыла, ачык-айкын иш алып баргыла. Укук коргоо органдары калыс иш жүргүзсүн. Садыр Нургожоевичке кайрылып, мына ушуларды жөнгө салыңыз, антпесеңиз капитал сыртка агылып кете берет деп айттык. Бизнес деген бул салык, бюджет, социалдык коргоо жана миңдеген жумуш орундары. Жөн эле «кустурабыз» деп жатып, ишкерлерди коркутуп жатабыз».
«Адилет» укуктук клиникасы келтирген жагдайлар тууралуу мурдараак бир катар Бизнес ассоциациялар, Эл аралык ишкерлер кеңеши жана Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту да коңгуроо каккан.
Ал тургай Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит 9-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, өзү билдирген маалыматтар менен бөлүшкөн.
Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев жыл башынан бери аларга кайрылган ишкерлердин саны арбыганын кабарлайт.
«Чынын айтканда, бизнестин абалы азыр өтө татаал. Мисалы, биздин институтка 2020-жылы 12 айда 60тай арыз келип түшсө, быйыл эки жарым айда эле 51 арыз алдык. Мунун көбүнчөсү укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнө байланыштуу, андан сырткары салык органдарынын жана башка мекемелердин текшерүүсү жөнүндө даттануулар. Мурдараак чыккан маалыматка ылайык былтыркы жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасы 8,6% төмөндөдү, 40 миңдей адам жумушсуз калды. Андан тышкары инфляция 9,7% болгону маалым. Албетте, буга коронавирустун да таасири бар, бирок октябрь окуялары жана башка текшерүүлөр ушуга алып келди. Ошондуктан азыр бизнести колдоп, экономиканы өнүктүрүү багытына бурулсак жакшы болмок»,-деди Мүсүралиев.
Президент менен өкмөттүн позициясы
Арийне, жыл башынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, жакын арада жоюлуп кеткен Финансы полициясы жана башка органдар тараптан саясатчылардан сырткары бизнес чарбаларга бир топ кылмыш иштери козголгону белгилүү.
Анын ичинде «Спекулянт» дүкөндөр тармагына, «Нават» чайканасына, «Гергерт спорт» дүкөнүнө козголгон кылмыш иштери кыйла резонанс жаратты. Аз күн мурда болсо Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюну, франциялык ишкер Лаффорг Филипптин кармалганы да бул чөйрөдө кыйла чуу жаратты. Анын ишин кароо 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталды.
JIA ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев «Азаттыкка» буларды билдирди:
«Биздин мүчөлөрдөн бирөө Финполиция тараптан ошондой кысымга кабылган факты катталды. Мындан сырткары дүкөндөр, соода түйүндөрү жана башка ишкерчилик объектилери ошого кабылып жатканын угуп жатабыз. Мындай нерселер ар дайым өкмөт алмашканда же төңкөрүш болгон учурда болуп келет. Ушуга окшогон нерселерден улам өкмөт биз тарапка бир кадам жасап, Финансы полициясын жоюшту. Биз бул боюнча Башкы прокуратура менен да жолуктук, алар ушул боюнча бөлүм ачышып, кандайдыр бир маселе болсо 24 саат бою кайрылгыла дешти. Өкмөт башындагылар жагымдуу аракет жасап жатканы менен орто звенодогулар, тилекке каршы, аларды түшүнбөй жатат. Балким буга өкмөттүн шайланганына бир-эки ай эле болгону себеп болуп жаткандыр. Ошентсе да кээ бир маселелер боюнча үчүнчү жолу жолугушууга чакырып жатышат. Орто звенодогулардан кайрадан эле диверсиялар кайталана бербесе, бир-эки айда абал оңолоор. Калганын көрө жатабыз».
Премьер-министр Улукбек Марипов 17-мартта атайын жыйын өткөрүп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат январь жана февраль айларында ишкерчилик объектилерге 140 кылмыш ишин козгогонун маалымдаган. Ал муну сынга алып, ушундай жагдайлардан улам Финансы полициясы март айынын башында атайын токтом менен жоюлганын маалымдаган.
Дагы караңыз Өкмөт башчы Марипов ишкерлер менен тыгыз кызматташууга убада бердиУлукбек Марипов февраль айынын этегинде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки ирет жолугушуу өткөрүп, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулаган. Ишкерлер бизнеске шарт түзүлбөй жатканына, ыксыз текшерүүлөр күч алганына нааразычылык билдиришкен.
Президент Садыр Жапаров да ар кайсы платформаларда ишкерлерди жана инвесторлорду коргоого байланыштуу убадаларды берип келет.
Өзү ишке киришээри менен дароо кабыл алган алгачкы беш жарлыгынын экөө экономикага байланыштуу болгон. 4-мартта болсо «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы Жерүй алтын кен комбинатын ачуу учурунда да жаңы бийлик бизнести коргоого басым жасай турганына токтолду:
«Биз үчүн инвесторлордун ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүсүн камсыз кылып берүү өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу мен биринчилерден болуп инвесторлорду, ишкерлерди жана алардын менчигин коргоо боюнча жарлыкка кол койгом. Мындан сырткары тоо-кен тармагын реформалоо боюнча да жарлык чыгаргам. Муну менен мен бул тармактарда ырааттуу жана бекем саясат жүргүзүү үчүн так багыттарды аныктагам».
Президент Садыр Жапаров чет элдик үч сапарында – Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга барган учурда, ал мамлекеттердин ири инвесторлору менен жолугуп, атайын бизнес форумдарды өткөрүп, аларды Кыргызстанга салым жасоого чакырган. Анын ичинде айрым ишкерлер ортосунда кызматташуулар боюнча келишим да түзүлгөнү маалымдалган. Бирок, азырынча алардын жыйынтыктары байкала элек.