Теги ливандык француз жазуучусу Амин Маалуф Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө жашаган адамдарды төмөндөгүчө сыпаттаган экен: "Бардык нерсеге сарсанаа болот, бирок иш-аракет кылбайт".
Жазуучу бул сөзү менен өзү жашаган чөлкөмдө узак убакыт бою дээрлик окшош саясий, коомдук маанидеги маселелер кайталанса деле, мындан сабак чыгарып, өзгөрүүгө багыт албаган, натыйжада ондогон жылдар өтсө да, дээрлик ордунда калган коомун сүрөттөгөн экен. Бул аныктама биздин коомго да тиешелүүдөй. Төмөндө ошого анализ кылып көрөлү.
Түзөлүүнүн башаты - агартуу
Мисалга, үй-бүлөлүк зомбулук, аялдардын жана балдардын укугу, мугалимдин жана билим берүүнүн абалына байланыштуу талкуулар дээрлик күн сайын жаңырат. Узакка барбай эле соңку жылдардагы, дээрлик өлкө боюнча резонанс жараткан окуяларды эске салып өтөлү.
Статистикалык маалыматтарга карасак, Кыргызстанда соңку алты жылда жүздөн ашык кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.
Булардын ичинен 2018-жылы Бурулай Турдаалы кызынын жана 2021-жылы Айзада Канатбекованын ала качуунун айынан каза тапканы катуу талкуу жараткан. Өзгөчө Айзаданын окуясына дээрлик республика боюнча реакция көрсөткөндөр көп болду. Митингдер өттү, плакаттар көтөрүлдү, социалдык тармактарда Айзаданын жакындарына көңүл айтпаган, аялга күч колдонгон зөөкүргө акарат жаадырбаган мекендеш дээрлик калбады деле окшойт.
Бирок мындан кийин зомбулук токтоп калдыбы? Эмнеге зомбулукка кабылган аялдардын саны азайбай жатат? Эмнеге балдарга кол салуу токтой элек? Кээде жарандык коом чырылдап чыгып, жөө жүрүш өткөрүп, митинг уюштуруп, талаптарын айтканы болбосо, зомбулукка каршы масштабдуу иштер жасалдыбы?
Мен бул суроолорго өзүм күбө болгон чындыктардан улам аздыр-көптүр жооп тапкансыдым. Негизи эле зордук-зомбулукту болтурбоо же азайтуу үчүн агартуу ишмердиги гана алгылыктуу натыйжа берери анык. Муну эч ким танбайт. Анда эмне үчүн бул сыяктуу окуяларга реакция катары агартуу жаатына басым жасоо талап кылынбады?
Жөнөкөй тил менен айтканда, соңку алты жылдагы 100 окуя, коом катары бизге "Элдин түшүнүгүн, деңгээлин, башкаларга болгон көз карашын жогорулат, өстүр!" деген тапшырманы коюп келатканын аңдаш керек эмес беле?!
Дагы караңыз Бакыттын даамын сезүү үчүн пейилди оңдойлуӨзгөчө Айзаданын трагедиясына биз үмүт арткан бийлик бутактары үй-бүлөлүк зомбулукка баргандардын жазасын күчөтүүгө басым жасоо менен гана тим болду. Дагы аянычтуусу, биз мактаган жарандык коомдун реакциясы Бишкек милициясын айыптоо, анын жетекчисин иштен алуу жана күнөөлүүлөрдү катуу жоопко тартууну талап кылуу менен чектелди.
Ойлонуп көрөлүчү туугандар! Бул окуядан улам жарандык активисттердин талабынын негизинде Бишкектин милициясынын жетекчисин, ага кошуп шалаакы кызматкерлер иштен алынганын окудук. Бирок ушуну менен маселе чечилдиби? Керек болсо милициянын башчысын жан-жөкөрү менен кошуп, кызматтан алып эле тим болбой бир жолу аларды да соттоп салсак, келечекте зомбулук токтойбу? Бейкүнөө бул дүйнө менен эрте кош айтышкан кыздын тагдырына күйгөн коомчулуктун талабы - айыптууну жазага тартуу! Ушуну менен гана чектелгени аянычтуу эмеспи? Жакшы коомду түзүү үчүн оболу агартууга эмес, жазага үмүт артуу канчалык туура?
Айзаданын трагедиясынан кийин бир жылдай убакыт өтүптүр. ЖМКдан окуганыбызга караганда азыр деле бул окуяга шалаакылык кылган кээ бир милиция кызматкерлерин жазага тартуу талабы гана уланып жатат. Мындан улам кыргыз коому кайгылуу окуялардын алдын алуу деген сабакты чыгара албадыбы деген чоң суроо жаралат экен.
Дагы караңыз Билим берүүнү түп-тамырынан алмаштырууга мезгил жеттиКудум ушундай эле мектептин, жогорку окуу жайлардын көйгөйлөрүнөн дагы башыбыз чыкпай келгени ырас. Мисалы, кечээ жакында окуучусун жулмалаган мугалимдин видеосу жайылып, эки тараптын жактоочулары пайда болду. Бирок мындай окуялардан "Канткенде мугалимди да, окуучуну да коргоого алган, жемиштүү билим берүү системасына карай кадам таштай алабыз?" деген ой, идея, конкреттүү сунуштарды талкууга алдыкпы? Башкача айтканда, "Мугалимдики туурабы же окуучунукубу?" деген туңгуюк суроого баш оорутканчалык, ал жердеги чыныгы маселеге баш ооруттукпу?
Бул окуяда бийлик өкүлү катары министрлик ал мугалимди жумуштан алуу менен, толкуган элге ооз басырык кылуу менен чектелди. Менимче эки тарап тең, ал жердеги маселе бир ачуулуу мугалим жана жулмаланган окуучу менен гана чектелбесин аңдап, ага карата натыйжалуу кадам таштаганга жараган жок.
Дагы караңыз Мектеп өксүсө, коом бүлүнөтЖоопкерчилик
Февралдын башында Сокулукта сабалган наристе коомчулукту нес кылды. Жеке баамымда, бул окуяга деле көрсөткөн коомдук реакциябыз жогорудагылардан айырмаланбайт. Анткени, бул окуя тууралуу жазылган кабарлардын басымдуу бөлүгү кайра эле айыптуунун жазага тартылуусу, соттук териштирүүлөр тууралуу гана болуп жатат. Коомдук реакциянын деми ушул жерде эле бүтүп калганы өкүндүрбөй койбойт.
Алсак, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 417 бала зордук-зомбулукка кабылган, анын ичинен 222 балага күч колдонулган, сексуалдык зомбулуктан 118 бала, психикалык басымдан 77 бала жабыркаган. Бул сыяктуу окуялар биздеги үй-бүлө институту канчалык агартууга муктаж экендигин көзгө сайып көрсөтүп турбайбы? Анда эмне үчүн ымыркайга жалооруп, ага күч колдонгон зөөкүрдү тирүүлөй жеп ийгидей болгон "боорукер" адамдарыбыз: "Канткенде бул сыяктуу окуялардын алдын алабыз?",- деген чоң талкуу жаратууга аракет кылган жок?
Дагы караңыз Аёосуз сабалган наристе: Зомбулукту ким тыят?Дин
Кыргызстандагы диний абал тууралуу бир топ макала жаздым. Учурда жүргүзүлүп келе жаткан диний саясаттын рационалдуулук, акыл-эс жана илим-билим менен жетиштүү айкалышпагандыгын жана бул келечекте коркунучтуу натыйжага алып бара турганын айтып келем. Бул сарсанаам канчалык орундуу экенин көрсөтүү максатында бир эки жагдайга токтолуп кетейин.
Мисалга, Сирия кризиси мусулман коомчулугу үчүн аябай маанилүү бир жагдайды белгиледи. Адамдардын диний түшүнүгү, аң-сезими акыл-эстүүлүктөн, илим-билимден алыстаганда кандай гана катаал натыйжаларга кириптер болорун так көрсөтүп берди.
Керек болсо учурда стабилдүүлүгүн сактап турган өлкөлөр да бул коркунучтан узак эмес. Анткени, учурда стабилдүүлүгүн сактаган менен догмага, табуга таянган диний түшүнүккө ээ катмарды камтыган ар бир өлкө "пассивдүү коркунуч" менен чогуу жашайт деген мааниге келет. Мындай купуя коркунуч бир топ өлкөдө бар экенин кантип билүүгө болот?
Мисалга, Сирия кризиси от алган учурда биздин өлкөдөн, коңшу өлкөлөрдөн жадагалса Европа өлкөлөрүнөн согушка жөнөп кеткен жарандар болду. Мындан сырткары, кечээ Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликке келген соң, бир катар теңирден тескери, логикага жатпаган кадамдарын көрдүк. Кызыгы, буга карабастан "Талибан" кыймылынын бийликке келишин кубануу менен кабыл алып, муну бир мааниде шарияттын жеңиши катары баалаган ой-пикирлердин жандангандыгы дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө байкалды.
Эми, абал ушундай экенин билгендер биздин өлкөдө деле аз эмес. Муну, соцтармакта бул маңыздагы көйгөйлөр талкууланган кезде жааган жоромолдордон байкоого болот. Мунун сыртында, кээ бир таасирдүү, жогорку кызматтарды аркалаган кишилерден да кези менен бул маселени аңдап-билип тургандыгын угууга болот.
Бирок дээрлик баарыбыз билген, кабатыр болуп турган бул маселени чечүүгө реалдуу кадам таштадыкпы?
Дагы караңыз Мамлекет менен жарандардын мамилесиКоомчулукка кулак кагыш
Ошентип бул окуялардан улам мага төмөндөгүдөй ой келди. Биздин коомдо бардык нерсеге кайгырган, бирок аракетти жаңылыш даректен издеген адамдар басымдуу экен деп калдым.
Анткени, аялдарга жана балдарга жасалган зордук-зомбулуктардын баары аң-сезимди өстүрүү менен гана азая турганы айныгыс акыйкат. Бирок биз "айыптууну келиштире жазалайлы" дегенден көтөрүлбөй койдук. Демек, маселени сездик, сарсанаа болдук бирок аны чечүүнүн жолун жаңылыш даректен гана издеп туруп калдык.
Дал ошондой эле эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып саясий маңыздагы көйгөйлөрүбүздүн маңызы деле дээрлик окшош. Мисалга, Акаевдин учурунан тартып бүгүнгө чейин кыргыз бийлиги тууганчылык жана паракорлуктан арыла алдыбы? Же сот бийлиги калыстыгы менен элдин оозун ачырган доор болдубу? Же Ак үй менен парламентте компетентсиз кишилердин кескин азайган учурун көрдүкпү? Жеке баамымда, 30 жылдан ашуун мөөнөттө кыргыз саясатынын калыптануусунда жылыш болгон менен, карапайым элге сезилээрлик бир ийгилик жаралбады. Эмне үчүн мындай болду?
Анткени, саясий жараяндын калыптануусунда өтмүштөн сабак алынбады. Мисалы, бийликке тууган-уругун толтуруп жана паракорлукка көнүп алгандыгы үчүн туңгуч ажо бийлигинен кол жууганы маалым. Бирок, анын ордуна келген кийинки ажонун саясаты да көп өзгөчөлөнгөн жок. Алтургай учурда кыргыз саясатынын бул илдеттен жарытарлык алыстаганын айтууга эрте. Демек, биз саясий мааниде да көп нерсени көрдүк, аңдадык, кайгырчу жерине кайгырдык. Бирок бул кризистерден чыгуунун жолун натыйжа бербеген жерлерде издедик окшойт.
Эгер коомдук окуяларга, көйгөйлөргө болгон катышыбыз сарсанаа, кыжаалат болуу менен гана чектелсе анда жылдар өтөт, доор алмашат, заман өзгөрөт бирок бизди күткөн тагдыр өзгөрбөйт. Андыктан, жакшы жакка карай өзгөрүү үчүн бүтпөгөн сарсанаага эмес, реалдуу иш-аракетке ыктайлы.
Элмурат Кочкор уулу, Түркия
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.