Абыкеев президенттин кеңешчиси, Касмамбетов мамкатчы болуп дайындалды

Сүйүнбек Касмамбетов жана Чолпонбек Абыкеев.

Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматынан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык ал мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Сүйүнбек Касмамбетов президенттик администрация жетекчиси кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик катчы болуп дайындалды.

Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик катчы кызматына президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чолпонбек Абыкеев 2021-жылы июль айында дайындалган.

Касмамбетов 2020-жылдын 19-октябрында президенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалган болчу.

"Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчисинин кызматын аткарат.

Мамлекеттик катчынын кызмат орду Кыргызстан эгемендик алган жылдары, алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда калк “президенттик” жана “парламенттик” башкаруу формаларын тандаган. Анда Мамлекеттик катчы кызматы кайра киргизилген.

Сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик катчы жөнүндө жобону бекиткен.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 230га жеттиФутбол: Крестинин боюнча чечим тандоо оюндарына жараша кабыл алынатЭл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 миллион доллар карызын кечетЧаткал жатак мектебинде окуучулар оор шартта жашап жатканы аныкталдыКыргыз киносунун 80 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулууда