Абдыгулов: Улуттук банк өкмөттөн көз карандысыз иштейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кургакчылык жана электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү менен инфляция дагы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, учурда экономика жана финансылык секторду туруктуу кармоо үчүн өлкө имиджин көтөрүп, ишенимди кайтаруу зарыл. Абдыгулов сомдун курсу, өлкөдөгү насыялардын пайызын төмөндөтүү баш болгон бир катар суроолорго жооп берди.