Украинадагы адам уурдоонун максаты

36 жаштагы кенчи Алекандр Гуровдун аны орусиячыл жикчилдер уурдап кетип, кантип кыйнаганын айтып берүүдө. Новоградовка шаары. 16-май 2014.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл куралдуу жикчилдер жана киевчил күчтөр апрель-июнь айларында ондогон жарандарды уурдап, кыйноого алган.

Мындай тыянакты Эл аралык мунапыс уюму акыркы жумаларда Түштүк жана Чыгыш Украинада өткөргөн изилдөөлөрдүн натыйжасында жасады.

Куралдуу калаба болгон коогалаңдуу аймактарда 100дөн ашык адам уурдалганы аныкталган.

Украинада жарандарды уурдоо президент Виктор Януковичке каршы Евромайдан кыймылы күндөп-түндөп Киевде митинг өткөрүп жатканда кабарланган.

Москва Крымды аннексиялып алып, Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер баш көтөргөнү Донецк жана Луганск облустарында адамдарды уурдоо, сабап-кыйноо көбөйгөн.

Андай бутага полициячылар, аскерлер, бийлик адамдары, ошондой эле журналисттер, саясатчылар, активисттер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана бизнесмендер алынганын Эл аралык мунапыс уюму 11-июлда жарыялаган изилдөөдө айтылат.

Хезе Маггил айым “Чыгыш Украинадагы адам уурдоолор жана уруп-кыйноолор” деп аталган береги докладдын изилдөөчүсү. Жикчилдер адамдарды түрдүү максатта уурдашат деди ал “Азаттык” радиосуна Лондондон телефон аркылуу берген интервьюда:

- Адамдар кээ бир учурда криминалдык максатта, башка учурда саясий максатта, өз адамдарына алмаштыруу үчүн же жергиликтүү элди коркутуу үчүн уурдалышы мүмкүн. Өзүн Словянск шаарынын элдик мэри деп атаган Вячеслав Пономарев 23-апрелдеги маалымат жыйынында биз бир нече адамды алмаштыруу үчүн барымтада кармап турабыз деп айткан. Пономаревдун маалымат катчысы биз менен кездешүүдө барымтадагылар шпиондук кылган деди.

Анна деген украиначыл активистти жикчилдердин Донецк элдик республикасынын куралдуу тобу 27-майда уурдап кетишип, алты күндөн кийин камоодогу өз адамдарына алмаштырышкан. Аннаны суракка алган адам аны уруп-сабаган.

Ал мени муштум менен бетке урду. Мен бутумду кучактап, топтой болуп, бурчка жатып алдым. Анын ачуусу келип, сыртка барып, бычак алып келди. Эми өлтүрөт деп ойлодум. Ал мага: “Эми таат кыл, мен сени өлтүрөм,”- деди да желкемди бычак менен тилди.

Анна өз башынан өткөргөн азабын Эл аралык мунапыс уюмунун изилдөөчүлөрүнө айтып берген.

19 жаштагы Саша деген украиначыл жигитти жикчилдер 12-июнда Луганск шаарында уурдап кетишкен жана ата-энесинен акча өндүргөндөн кийин бошотушкан.

"Акча үчүн да кармаган учурлар бар", - деп улантты сөздү Хезе Маггиль. - Сашаны катуу сабашкан, атүгүл денесин токко туташтырып кыйнашкан, анан атып салабыз деп коркутушкан. Ата-энесинен акча талап кылышкан. Уулун бошотуу үчүн Сашанын атасы 60 миң доллар төлөгөн.

Киевчил күчтөрдүн да жикчил деп кармалган адамдарды уруп-кыйнаганын тастыктаган фактылар бар. Атүгүл Днепропетровск облусунун орун басар акими Игорь Коломойский орусиялык согушчанды кармаган ар бир адамга 10 миң доллардан убада кылганы кабарланган. Ал эми украин парламентинин мүчөсү Олег Ляшко өз сайтында жарыялаган видеотасмада ал колго түшкөн эки жикчини суракка алат. Уруп-сабалган бул экөөнү куралчан адамдар белгисиз жакка тик учарга салып алып кетишет.

- Биз мындай адамдарды жазалоону талап кылабыз. Украин өкмөтү өз милдеттенмесине ылайык кылмыш жасаган адамдарды жоопко тартышы керек. Биз көз карандысыз, калыс изилдөө жүргүзүлүшүн, андай адамдар жасаган кылмыштары үчүн мыйзам алдында жооп беришин талап кылабыз,- деди изилдөөчү.

Эл аралык мунапыс уюму акыркы үч айда Украинанын чыгышында жикчилдер жана өкмөтчү күчтөр тарабынан 100дөн ашык адам уурдалганын аныктаган. БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясы акыркы үч айда андай 222 учурду каттаса, Украинанын Ички иштер министрлиги 500гө жакын адам уурдалганын маалымдаган. Мындай айырмачылыктардын себебин Маггил айым министрликте ырааттуу статистика жок, акча төлөп бошонгон адамдар анысын жашырат жана козголоңчулар же өкмөттүк күчтөр кармаган адамдардын дагы балакетке кабылып калабыз деп коркушканы менен түшүндүрдү.