"Кыйноого чыдабай, күнөөнү моюнума алдым". Абакта кордук көргөндөр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Укук коргоочулар Кыргызстанда тергөөдө, жабык жайларда кыйноого кабылгандар ондоп саналарын айтып келишет. Күч органдарынын ур-токмогу, көрсөткөн түрдүү кыйноолору коомдо ачык айтылбай, зомбулук көргөндөрдүн үнү көп учурда угулбай келет.
"Данисте" бул жолу абакта кордук көргөн төрт адамдын окуясын көргөзөт.